BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
«Бишкек Аренадагы» билдирүү: Үгүтпү же кызматтык сөзбү?
Президент Садыр Жапаров 5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышында сөз сүйлөдү. Ал сөзүндө акыркы алты жылдагы экономикалык көрсөткүчтөргө, ушул аралыкта курулган объектилерге жана бийликтин алдыдагы пландарына токтолду. Айрымдар президенттин сөзүн январь айындагы шайлоонун алдындагы мөөнөтүнөн мурда үгүт деп сыпатташса, Садыр Жапаровдун тарапташтары жана БШК анда үгүттүн белгиси жок экенин билдирүүдө.
Эмне үчүн Казакстан өзүн Алтын Ордонун мураскери катары көрсөтүүгө умтулуп жатат?
Масштабы кеңири идеологиялык кайра куруунун алкагында президент Касым-Жомарт Токаевдин администрациясы Казакстанды эл аралык сахнада Алтын Ордонун мураскери катары таанытуу өнөктүгүн демилгеледи.
"Учкун" басма үйүнүн директору кызматтан кетти
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Учкун" басма үйүнүн директору Бакытбек Султанов кызматынан кетти. Бул маалыматты мекеменин басма сөз кызматы Би-Би-Сиге ырастады.
Прокурор Темирлан Султанбековду 9 жылга, Кадыр Атамбаевди 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранды
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев баш болгон бир нече адам жарыш сөзгө чыгышты.
Экс-депутат Нурлан Сулайманов "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда
Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Акаевден Жапаровго чейин: Кыргызстандагы президенттик шайлоолордун саясий сабактары
Эгемен Кыргызстандын тарыхында сегиз жолу жалпы элдик добуш берүү аркылуу президенттер шайланды. Элдик толкундоолордун аркасы менен үч жолу бийлик алмашып, президенттер кызматынан мөөнөтүнөн мурда кеткенден тышкары мамлекет башчынын ыйгарым укуктары бир нече жолу өзгөрдү. Бийлик бирде шайлоо аркылуу, бирде көчөдө алмашты...
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
"Бишкек Аренанын" ачылышы: Мектептер, мамлекеттик мекемелер онлайн иштеди
Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте жаңы курулган "Бишкек Арена" спорттук-концерттик комплексинин расмий ачылыш аземи өтөт. Иш-чара саат 17:00дө башталып, жарандар үчүн кирүү акысыз. Ачылышта Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдөн келген белгилүү ырчылардын катышуусунда чоң шоу-программа болот.
"Абайлагыла дешти". Иркутскидеги тумоо тууралуу эмне белгилүү?
Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо чыгып, бир аял көз жумганы, 200дөй адам изоляцияга алынганы тууралуу кабарлар социалдык тармактарда 2-октябрдан бери тарап жатат . Иркутск облусунун бийлиги аймакта "өзгөчө коркунучтуу инфекция" жуктурган учур тууралуу билдирип, ал кырдаалды "Роспотребнадзор" көзөмөлдөп жатканын, ал эми байланышта болгон адамдар медициналык байкоого алынганын билдирген.
Азербайжан президенти АКШ менен Кытайды дүйнөдөгү жалгыз супердержава деп атады
Азербайжандын президенти Илхам Алиев АКШ менен Кытайды дүйнөдөгү эки супердержава деп атап, бул катарга башка өлкөнү кошкон жок. Анын айткандары чет элдик ЖМКларда кызуу талкууга жем таштады. Алиев бул тууралуу Бакуда өткөн бийликтеги "Жаңы Азербайжан" партиясынын VIII съездинде сүйлөп жатып айтты.
Орусия Мерцтин сапары күнү Киевдеги көпүрөгө сокку урду, Зеленский жооп кайтарарын айтты
Жекшембиде Орусия аскерлери Киевдин Түндүк көпүрөсүнө кайрадан сокку урду. Украинанын борборундагы Днепр аркылуу өткөн көпүрөлөр бутага алынып жатканына бүгүн төртүнчү күн болду. Жекшембидеги чабуул Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Украинага сапары учурунда жасалды. Президент Володимир Зеленский Орусиянын эскалациясына Украина тиешелүү жооп кайтарарын билдирди.
Орусиянын аскердик бюджети: салык көбөйөт, баалар көтөрүлөт
2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга пландаштыруу мезгилине карата бюджеттин долбооруна ылайык, орус бийлиги узакка созулчу согушка даярданып жатат. Армияга жана күч түзүмдөрүнө кетчү чыгымдар кайрадан көбөйдү – бюджеттин дээрлик жарымы ушуларга кетмекчи. Ошондой эле үгүт иштерине жана интернетте цензурага көбүрөөк чыгым каралды.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.









































