Демократтар Өкүлдөр палатасында 1992-жылдан берки эң көп орунга ээ болушту

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын Демократиялык партиясы Өкүлдөр палатасында 1992-жылдан берки эң көп орунга ээ болду. Түндүк Каролина штатында демократ Чак Хаббард республикачыл Вирджиния Фоксту жеңип, анын ордуна келди.
Хаббарддын жеңиши жекшемби күнү расмий тастыкталды. Добуштардын 99%ы саналып бүткөндөн кийин ал Фокстон 330 добушка алдыга чыкты. Бул эң курч атаандаштыкта өткөн аралык шайлоолордун бири болду. Бул шайлоодо демократтар Сенаттагы көзөмөлдү да өз колуна алды.
Учурда демократтар Өкүлдөр палатасында кеминде 258 орунга ээ болушту. Республикачыларда 173 орун бар. Дагы төрт шайлоо округу боюнча жыйынтык азырынча жарыялана элек.
1992-жылдагы шайлоодон бери бир дагы партия Өкүлдөр палатасында мынчалык көп орунга ээ боло элек болчу. Ал жылы Билл Клинтон президент болуп шайланып, демократтар палатада жалпысынан 258 орун алган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы Фокс добуштарды кайра саноону талап кылгандан кийин гана жарыяланды. Ал 2005-жылдан бери Түндүк Каролинанын 5-шайлоо округунан Өкүлдөр палатасына шайланып келген. Штаттын мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин ортосундагы айырма 1%дан аз болсо, добуштарды кайра саноого болот.
"Менимче, америкалыктар болуп жаткан окуялардан чарчады, өзгөрүүнү каалашты. Алар өзгөрүү үчүн добуш беришти",- деди Хаббард жеңишинен кийин Би-Би-Сиге берген маегинде. Ал Конгресстеги кесиптештери менен бирге президент Дональд Трамптын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтөрүн билдирди.
Буга чейин Хаббард X социалдык тармагындагы баракчасына Фокс менен сүйлөшкөнүн жазган. Анын айтымында, добуштарды кайра саноо аяктагандан кийин Фокс жеңилгенин сылык түрдө моюнга алган.
"Анын бийликти тынч өткөрүп берүүгө жана шайлоочулардын кайрылуулары менен иштөөгө даяр экенин жогору баалайм. Биздин көз караштарыбыз дайыма эле бирдей боло бербейт. Бирок экөөбүз тең Түндүк Каролинаны жана 5-округдун тургундарын жакшы көрөбүз",- деп жазган Хаббард.
Өз кезегинде Фокс мындай билдирүү жасады: "Акылга сыярлык чечимдерди табуудагы тажрыйбама жана консервативдүү баалуулуктарга берилгендигиме таянып шайлоо өнөктүгүн жүргүздүм. Жеңишке жетүү үчүн бир нече гана добуш жетпей калганына карабастан, менин талапкерлигимди колдогон Түндүк Каролина штатынын көптөгөн шайлоочуларына ыраазычылык билдирем".

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Хаббарддын жеңиши өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Анткени 2024-жылдагы аралык шайлоодо ал Фокстон тогуз пайыздык пунктка артта калып, жеңилген болчу. Бул жолку жеңиш демократтардын салттуу түрдө республикачылар үстөмдүк кылган округдарда да ийгиликке жетишкен учурларынын бири болду. Мындай жыйынтык Түштүк Каролина, Техас, Аляска жана Айова штаттарында да болду.
Бул жолку шайлоодо башка көптөгөн демократтар сыяктуу эле Хаббард да АКШда жашоонун кымбатташына басым жасады. Иран менен согуштун шартында баалардын өсүшү шайлоочуларды тынчсыздандырган негизги маселелердин бири болду.
Трамптын өзү жана вице-президент Жей Ди Вэнс да Иран менен согуштан улам күчөгөн инфляция республикачылардын шайлоодо жеңилүүсүнө себеп болгон факторлордун бири болушу мүмкүн экенин айтышкан.
Хаббарддын расмий сайтында анын негизги артыкчылыктарынын бири болуп, иштеген үй-бүлөлөрдү жана чакан бизнести колдоо, мамлекеттик билим берүү системасын өнүктүрүү, ошондой эле баасы жеткиликтүү медициналык кызматтарга жетүүнү кеңейтүү көрсөтүлгөн.
Теннесси жана Миннесота штаттарындагы айрым шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы азырынча аныктала элек. Луизиана штатындагы эки округда шайлоонун экинчи айлампасы декабрь айында өтөт.
Теннесси штатынын 4-округунда демократ Виктория Бродерик атаандашынан 300гө жетпеген добуш менен алдыда келе жатат. Миннесота штатынын 1-округунда демократ Жейк Жонсон атаандашынан 500гө жетпеген добушка ээ.
Өкүлдөр палатасында көпчүлүк орунга ээ болуп, Сенатты да көзөмөлүнө алган демократтар президенттин жана анын айланасындагы адамдардын кызыкчылыктарынын кагылышы, ошондой эле башка аракеттери боюнча иликтөөлөрдү баштай алышат. Мындан тышкары, Сенат министрлер кабинетине жана сот кызматтарына сунушталган талапкерлерди бекитүү же четке кагуу укугун сактап калат.
Ошондой эле демократтар мыйзам долбоорлорун Конгресс аркылуу салыштырмалуу оңой өткөрө алышат. Бирок мыйзам күчүнө кириши үчүн президент Дональд Трамптын колу дагы эле талап кылынат.
Ошол эле учурда Конгресстин эки палатасын тең көзөмөлгө алуу демократтарга толук бийлик бербейт. Анткени президент кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна вето коюу укугуна ээ.





























