Борбор азиялык талдоочулар Орусиянын НАТО менен байланышка бут тосуу аракеттерин сындашууда

Сүрөттүн булагы, geosiosat kunuz/YOUTUBE
- Борбор азиялык эксперттер, колдо болгон маалыматтарга караганда, Орусиянын Украинадагы согушту токтотуу боюнча шарттарында эмне себептен сүйлөшүүлөргө катышпаган чөлкөмдөгү өлкөлөрдө НАТОнун ишмердигине чектөөлөр камтылганына кызыгышууда.
- Өзбекстандык талдоочулар Борбордук Азия мамлекеттери эгемен өлкөлөр катары аскердик өнөктөш катары кимди тандап аларын өздөрү чечиши керектигин айтышса, ошол эле учурда, эксперттердин бири Москванын шарттарына макул болор замат Орусия Евробиримдик менен кызматташууну токтотуу боюнча талаптарды да коюушу мүмкүн экенин белгиледи.
- Кыргызстандын мурдагы премьер-министри бул талап боюнча эч кандай расмий ырастоо таппаганын билдирип, өз өлкөсүнүн АКШнын куралдуу күчтөрү менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү укугун коргоду.
- Казакстандын коопсуздук боюнча серепчисинин айтымында, чөлкөм үчүн чечимдерди башкалардын кабыл алуусуна жол берүү ыктымалдуу аскердик кесепеттерге караганда көбүрөөк мааниге ээ.
"Орусия чөлкөмдөгү таасирин жоготкусу келбей жатат"
Орусия Украинадагы согушту токтотуу үчүн өзүнүн шарттарынын катарына НАТОнун Борбордук Азиядагы аскердик ишмердигине тыюу салуу талабын кошкону тууралуу маалыматтарга бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн серепчилери ар кандай жооп беришти.
Өзбекстандык Kun.uz жеке жаңылыктар сайты "The New York Times" гезитине шилтеме берип, Абу-Дабиде 10-ноябрдагы кол коюлбаган документте АКШ жана Украина менен сүйлөшүүлөрдө Москванын позициясы баяндалганын жазды. Документте НАТОну Украинада, Чыгыш Европада, Түштүк Кавказда жана Борбордук Азияда "ар кандай аскердик ишмердиктен" баш тартууга чакырык камтылган.
Kun.uz сайты белгилегендей, Борбордук Азиянын беш мамлекети тең НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына кошулган. Ошол эле учурда бул беш өлкөнүн бири да сүйлөшүүлөргө катышкан эмес жана бул документ боюнча ачык билдирүү жасаган жок.
Бул туюндурманын өзү эле панелдик талкуунун жүрүшүндө талаш жараткан темага себеп болду. Талкуунун видео жазуусу 16-ноябрда Kun.uz сайтынын YouTube каналына чыкты. Талкууда сөз сүйлөгөн белгилүү саясий серепчи Камолиддин Раббимов Орусиянын шарттарын кабыл алуу иш жүзүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздук жаатында Батыш менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратарын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бул жерде бир суроо туулат: биздин эркин мамлекет жана улут катары жашоого укугубуз барбы же жокпу? Эгерде мындай укугубуз бар болсо, анда эмне үчүн биз Орусиянын шарттарына макул болушубуз керек?".
Талкуунун дагы бир катышуучусу, тарыхчы Шавкат Саидов Орусиянын позициясын коргоп чыгып, сунушталып жаткан тыюу НАТОнун чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн аймагында аскердик операцияларды жүргүзүүсүнө тиешелүү экенин билдирди.
16-ноябрда "Калк сөзү" мамлекеттик гезитинин YouTube каналында жарыяланган дагы бир талкууда саясий талдоочу Фарход Исматуллаев Орусия Борбордук Азияны узак убакыттан бери өзүнүн таасир чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары көрүп келе жатканын айтты. "Орусия дайыма Борбордук Азияны өзүнүн таасирин тийгизе алчу чөлкөмдөрдүн бири катары карап келген. Бирок Борбордук Азия мамлекеттери толук суверендүү жана көз карандысыз мамлекеттер болуп саналат", - деди ал.
Талдоочу Өзбекстандын же чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдүн Орусия менен союздаш мамиле түзгөнүнөн эч кандай жаман нерсе көрбөй турганын, бирок "85 миллион калкы бар Борбордук Азия өз жолун тандап алган көз карандысыз, суверендүү мамлекеттерден турат" деп кошумчалады.
Ошол эле талкууда сүйлөгөн белгилүү саясий серепчи Абдували Сойибназаров НАТОну Борбордук Азияга жолотпой коюу чөлкөмдөгү ыктымалдуу жарыша куралдануу процессин алдын алышы мүмкүн экенин мойнуна алды. "Бирок Орусия ушундан кийин Борбордук Азия мамлекеттерине аскердик кысымды күчөтпөйбү?", - деп суроо узатты серепчи.
Сойибназаров ошондой эле дагы бир суроону кабыргасынан койду: НАТО өлкөлөрү чөлкөмдөгү аскердик машыгуулардын масштабын кыскартса, Москва ЕБ менен кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашууларга байланыштуу Өзбекстанга же Казакстанга кысым көрсөтпөйбү?
"Орусиянын өзү бул маселеде бир аз ийкемдүүлүк көрсөтө алабы же ачык-айкындуулукту камсыздай алабы? Албетте, Борбордук Азия өлкөлөрү да өз эгемендүүлүгүнөн, чек араларынын кол тийбестигинен же мамлекеттеринин аймактык бүтүндүгүнөн баш тарткысы келбейт", - деп кошумчалады талдоочу.
14-ноябрда Өзбекстанда төрөлгөн орусиялык журналист Данил Кислов Фейсбукка чыгарган постто суроо узатты: Эмне үчүн бул беш өлкө Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу үчүн акы катары өз эгемендүүлүгүн чектөөгө макул болушу керек? "Кызык, бул тууралуу ушул беш мамлекеттин өзүнөн кимдир бирөө сурап койдубу? Же эркин мамлекеттер аскердик өнөктөштөрүн Москва жактырган күндө гана тандай алабы?".
Журналист Шухрат Бобожон 14-ноябрда Rassom TUZ сайтынын Фейсбуктагы баракчасына чыгарган постто "өлкөнүн эгемендигин коргошу керек болгон" Өзбекстандын жетекчилиги үн катпаганын сынга алды. "Мен Өзбекстандын тагдыры жабык эшик артында чечилишин каалабайм. Бир дагы президенттин, бир дагы өкмөттүн, бир дагы саясий үй-бүлөнүн жеке кызыкчылыктары үчүн мамлекеттин эркиндигин курмандыкка чалууга укугу жок", - деп жазды журналист.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Юрий Саруханян 17-ноябрда Gazeta.uz жеке жаңылыктар сайтына жарыяланган макаласында Москванын талабы башка маселелерде жеңилдиктерди алуу максатын көздөгөн сүйлөшүү тактикасы болушу мүмкүн деп божомолдоду.
Ал Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн өкмөттөрүн жалпы кызыкчылыктар боюнча өз ара макулдашып алууга жана зарыл болсо, кайсы бирине коркунуч жаралган чакта биргелешкен билдирүүлөрдү чыгарууга үндөдү. "Бизге "улуу державалар менен талашып-тартыша албайсыңар, өтө кичинекейсиңер" деп көп айтышат. Бирок постсоветтик мейкиндикте да муну четке каккан өлкөлөр бар", - деп ал Украинаны, Азербайжанды жана Арменияны мисал келтирди.
Ал арада Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов Орусия бул талапты Абу-Дабиде койгондугу боюнча расмий тастыктама таппаганын 17-ноябрда Вести.kg сайтына билдирди.
Сайттын маалыматына караганда, Кулов Кыргызстандын альянстын алкагындагы милдеттенмелери анын өнөктөштөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирбесе, башка өлкөлөр менен кызматташууга тоскоолдук кылбай турганын билдирди. Кулов сентябрда өткөн "Ак-Шумкар II" машыгууларын эске салды. Бул машыгуулар маалында кыргыз аскерлери АКШнын Аба күчтөрү жана Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен биргеликте куткаруучу жана медициналык операцияларды жүргүзүшкөн.
Казакстандык коопсуздук маселелери боюнча талдоочу Рустам Бурнашев Москва балким көп тараптуу кызматташуу тууралуу айтып жаткан болушу мүмкүн экенин белгилеп, Түркиядан дрондорду сатып алуу сыяктуу эки тараптуу келишимдер сунушталып жаткан чектөөнүн алкагына кирбеши ыктымал деди. Бул тууралуу 18-ноябрда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбордук Азия кызматы – "Азаттык Азия" кабарлады.
"Учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү "стратегиялык максатта үн катпоо" саясатын карманып, Москва же Батыш менен мамилелерге зыян келтирип алуудан коркуп, медиа каражаттарына чыгып жаткан билдирүүлөргө комментарий берүүдөн баш тартышууда. Чөлкөм үчүн тараптардын реакциясына байкоо жүргүзүү пайдалуу болмок", - деди Бурнашев.
Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн НАТО менен аскердик кызматташтыгы ансыз деле чектелүү экенин эске алып, Бурнашев машыгуулар токтотулса, чөлкөмдөгү куралдуу күчтөргө олуттуу зыян келет деп күтпөгөнүн билдирди. "Бирок, бул өлкөлөр алардын катышуусуз кабыл алынган чечимдердин "объектилери" катары каралган жагымсыз прецедент түзүлүп жатат", - деп эскертти серепчи. (ZMa)





























