Орусия, Кытай жана АКШ лидерлеринин тарыхтагы алгачкы үч тараптуу жолугушуусу өттү. Алар эмне тууралуу кеп кылды?

Сүрөттүн булагы, SPUTNIK/KREMLIN POOL/EPA/Shutterstock
Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушту. Үч өлкөнүн лидерлери катышкан мындай форматтагы алгачкы саммит болжол менен бир жарым саатка созулду.
Журналисттердин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр белгиленген убакыттан кеч башталган. Ал маалда Си Цзиньпин Дональд Трамп менен түшкү тамакта болгон
Эртең менен Владимир Путин менен Дональд Трамп жолуккан. Бул алардын былтыр август айынан бери алгачкы жолку бетме-бет сүйлөшүүсү болду. Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, эки лидердин жолугушуусу 40 мүнөткө созулуп, "жакшы" өткөн.
Үч тараптуу сүйлөшүүнү ачып жатып, Си Цзиньпин Кытай, АКШ жана Орусияны дүйнөдөгү башка өлкөлөргө үлгү көрсөтүүгө чакырды. Анын айтымында, үч мамлекет глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташып, тынчтыкты сактоого салым кошушу керек.
Кытай лидери азыркы дүйнөнү "глобалдык айылга" салыштырып, андагы адамдардын тагдыры бири-бири менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Ошондой эле үч өлкөнүн эл аралык аренада өзгөчө жоопкерчилиги бар экенин айтты.
Андан соң сөз алган Владимир Путин Орусия, АКШ жана Кытай эл аралык тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бирдей жоопкерчиликте экенин билдирди. Ал эл аралык укук системасын сактап, чыңдоого чакырды. Ошондой эле дүйнөлүк экономикалык байланыштар, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелерин талкуулоону сунуштады.
Путин Украинадагы согушка да токтолду. Анын айтымында, бул маселе боюнча ал бир күн мурун Си Цзиньпин менен сүйлөшкөн. Трамп менен эртең мененки эки тараптуу жолугушууда да Украинадагы согушка кеңири көңүл бурулган.
Орусия президенти үч өлкө өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугу негизинде кызматташса, дүйнөлүк коопсуздукту бекемдөөгө салым кошо аларын белгиледи.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дональд Трамп болсо үч өлкөнүн өзөктүк куралдары дүйнөдөгү ядролук арсеналды кыскартуу жолдорун талкуулоого өзгөчө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты. Анын пикиринде, өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө үчүн үч мамлекеттин кызматташуусу өтө маанилүү.
"Биз Иран маселесинде дал ушул багытта иш алып барып жатабыз",- деген Трамп АКШ Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын кошумчалады.
Украинадагы согуш тууралуу сөз кылган АКШ президенти бул маселени Путин менен буга чейин кеңири талкуулаганын билдирди. Трамптын пикиринде, Орусия президенти согуштун токтошун каалайт. Украинанын да ушундай каалоосу бар деп үмүттөнөрүн айтты.
Трамп кызматташуунун дагы бир багыты катары дүйнөдөгү "көзөмөлдөн чыгып кеткен" глобалисттик уюмдардан коргонуу жолдорун издөөнү атады. Мисал катары ал буга чейин Путинди жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алууга ордер чыгарган Эл аралык кылмыш сотун келтирди.
Лидерлердин ачык сүйлөшүүсү болжол менен 10 мүнөткө созулуп, андан кийин жабык форматта уланды.
Жолугушуудан соң Кремль Орусия, Кытай жана АКШ мамлекет башчыларынын "Тынчтык жөнүндө декларациясын" жарыялады. Документте лидерлер эл аралык кырдаалды талкуулап, стратегиялык туруктуулукту жана дүйнөлүк коопсуздукту сактоо боюнча кызматташууга макулдашканы айтылат.
Декларацияга ылайык, үч өлкө тең Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону колдойт. Бул уюмга глобалдык чакырыктарга натыйжалуу жооп берүүгө мүмкүндүк берери белгиленген. Ошондой эле мамлекеттер мунай заттарын өндүрүүнү жана жеткирүүнү көбөйтүүнү, өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө жана ядролук коркунучтарды азайтуу боюнча диалог жүргүзүүнү көздөшөт.
Мындан тышкары, лидерлер мамлекеттик кызмат адамдарынын кол тийбестигин сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Эл аралык кылмыш соту өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланбашы керектигин билдиришкен.
Өзөктүк курал маселеси
Вашингтон үч тараптуу жолугушуунун негизги максаты катары алгач эле өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө маселесин атаган. Бирок талдоочулар бул жолугушуудан олуттуу келишим чыгарына күмөн санашкан.
АКШ тарап өзөктүк курал маселеси саммиттин негизги темасы болушу мүмкүн экенин билдиргени менен, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматка комментарий берген эмес. Пекин жолугушуунун күн тартибин да ачыктаган жок.
Кытай көп жылдан бери өзөктүк арсеналы боюнча АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартып келет. Пекиндин позициясына ылайык, курал-жаракты кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү биринчи кезекте Орусия менен АКШ жүргүзүшү керек. Анткени бул эки мамлекеттин өзөктүк дүрмөттөрү Кытайдыкына караганда кыйла көп.
Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө боюнча эл аралык институттун маалыматына караганда, дүйнөдөгү эң ири өзөктүк арсенал Орусияга таандык. Андан кийин АКШ, үчүнчү орунда Кытай турат.
Быйыл февралда АКШ менен Орусиянын ортосундагы өзөктүк куралды көзөмөлдөө боюнча акыркы келишимдин мөөнөтү аяктады. Кеп стратегиялык чабуул коюучу куралдарды мындан ары кыскартуу жана чектөө боюнча чаралар жөнүндө келишим (ДСНВ) тууралуу болуп жатат. Келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин эки өлкөдө жайгаштырылган стратегиялык өзөктүк дүрмөттөрдүн жана аларды жеткирүүчү каражаттардын санына коюлган келишимдик чектөөлөр да күчүн жоготту.
Берлинде жайгашкан Карнеги борборунун Орусия жана Евразияны изилдөө боюнча жетекчиси, кытай таануучу Александр Габуев Би-Би-Сиге берген маегинде өзөктүк куралды көзөмөлдөө жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө чаралары үч өлкөнүн тең катышуусу чындап зарыл болгон бирден-бир маанилүү маселе экенин айткан. Орусияда Александр Габуев "чет элдик агент" деп жарыяланган.
Анын айтымында, Кытай өзөктүк арсеналын кыскартуу же анын көлөмүн чектөө маселесин кийинки он жылдыкта гана талкуулоого даяр болушу мүмкүн. Ошентсе да Шэньчжэндеги жолугушууда бул багытта эксперттер деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок Габуевдин баамында, жолугушууну уюштургандар алдын ала жетиштүү даярдык көрбөгөндүктөн, мындай мүмкүнчүлүк колдон чыгарып алды.
Украинадагы согуш
Буга чейин, ишемби күнү Ак үйдөгү булак журналисттерге үч тараптуу жолугушууда Украинадагы согуш талкууланбай калышы мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, Вашингтон акыркы убакта Орусия тарап менен бул маселе боюнча көп байланышта болгон.
"Кытай бул процесске катышкан жок. Ошондуктан Шэньчжэндеги жолугушууда Украина маселесин талкуулоо орунсуз болмок",- деген Ак үйдүн өкүлү.
Бирок дүйшөмбү күнү Дональд Трамп Кытайга болгон сапары учурунда Украинадагы согуш маселеси да көтөрүлөрүн күтөрүн билдирген.
Өткөн аптада Трамптын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер менен Стив Уиткофф Москвада Владимир Путин менен жолугуп, Украинанын президенти Володимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Орусия, Украина жана АКШнын катышуусунда Абу-Дабиде сүйлөшүүлөр кайра жанданган соң, Кушнер согушту токтотуунун шарттары менен катар Европанын коопсуздук системасынын келечегин да талкуулоо демилгесин көтөргөн.
Ал Путинди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө европалык өлкөлөрдүн катышуусуна макул болууга чакырып, Орусия президенти буга макул болгонун билдирген. Бирок Орусиянын Тышкы иштер министрлиги европалыктардын сүйлөшүүлөргө катышуусу боюнча маселе сөз болбогонун айткан.
Би-Би-Синин кабарчысы Лора Бикердин пикиринде, Кытай Украинадагы бешинчи жылга созулган согуштун үч тараптуу жолугушуунун күн тартибине киришин каалабайт.
Си Цзиньпин Путин менен жакын мамиледе болуу Кытайдын Евробиримдик менен байланышын татаалдаштырышы мүмкүн экенин эске алууга аргасыз. Анткени Европа Биримдиги Кытай үчүн, айрыкча экономикасы экспортко көз каранды болуп турган учурда, маанилүү рыноктордун бири бойдон калууда.
Ошол эле учурда Си Цзиньпин согуштун жыйынтыгы Орусиянын туруксуздугуна алып келишин да каалабайт. Себеби Орусия Кытай үчүн маанилүү өнөктөш жана коңшу мамлекет.
Украинадагы согуш боюнча Пекин бейтарап позицияны карманууга аракет кылып келет. Кытай бийлиги бир нече жолу тараптарды сүйлөшүүгө жана саясий жол менен чечим табууга чакырганы менен, Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдагы баскынчылыгын ачык айыптаган эмес.
АКШ, айрыкча Жо Байдендин администрациясы учурунда, ошондой эле Европа өлкөлөрү Кытайды Орусияга согушта колдонулушу мүмкүн болгон тетиктерди жеткирүүгө жана мунай-газ сатып алуу аркылуу анын экономикасын колдоого айыптап келишкен.
Бул жолугушуу үч лидерге эмне берет?
Владимир Путинге
Александр Габуевдин пикиринде, Владимир Путин үчүн мындай жолугушуунун өтүшүнүн өзү эле чоң дипломатиялык жеңиш болду.
Эксперт белгилегендей, Орусия экономикасынын көлөмү жана технологиялык өнүгүүсү боюнча АКШ менен Кытайдан артта калганы менен, өзөктүк арсеналынын күчү ага дүйнөлүк державалардын катарында болууга мүмкүнчүлүк берет.
АКШ жана Кытай лидерлери менен тең укуктуу форматта сүйлөшүү Путинге Орусияны дүйнөдөгү алдыңкы державалардын бири катары көрсөтүүгө, өзүн дүйнөлүк саясаттагы негизги лидерлердин бири катары таанытууга шарт түзөт.
Орусиянын пропагандасы бул образды 1945-жылдагы Ялта конференциясы менен салыштырып келет. Анда АКШ, Улуу Британия жана Советтер Союзунун лидерлери согуштан кийинки Европанын тагдырын талкуулоо үчүн Крымда жолугушкан.
Габуевдин айтымында, бул жолугушуу Путин үчүн ыңгайлуу шартта өттү. Анткени Вашингтон азырынча Украинадагы согушка байланыштуу ага олуттуу басым жасаган жок. Пекиндин мындай кадамга барышы күмөн.
Дональд Трампка
Габуевдин баамында, үч тараптуу жолугушууну өткөрүүгө баарынан көбүрөөк кызыкдар болгон адам Дональд Трамп. Ал өзү маанилүү маектештер деп эсептеген эки авторитардык лидер менен бир убакта сүйлөшүүнү каалаган.
Шэньчжэндеги саммит ага Путин жана Си Цзиньпин менен бирге өзөктүк курал маселесин талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.
"Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү, Анкориждеги жолугушуу же Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүү сыяктуу эле, бул үч тараптуу жолугушуудан да олуттуу жыйынтык чыкпайт. Бирок бул Трамптын өзүнө жагымдуу",- деген Габуев Би-Би-Сиге берген маегинде.
Си Цзиньпинге
Би-Би-Синин кабарчысы Лора Бикер белгилегендей, саммиттин ээси катары Си Цзиньпин өзүн дүйнөлүк саясаттагы тажрыйбалуу жана таасирдүү мамлекеттик ишмер катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Бирок күтүүсүз кадамдарга баргандыгы менен белгилүү Путин менен Трамп жолугушууда үстөмдүк кылууга аракет кылышы мүмкүн деген тобокелдик да бар эле. Мындай учурда Си Цзиньпин маанилүү дипломатиялык окуянын негизги уюштуруучусу эмес, жөн гана конок тосуп алган тарап катары көрүнүп калуу коркунучу жаралат.
Бикердин айтымында, Си Цзиньпин үчүн эл аралык аренадагы таасирин көрсөтүү ички саясат жагынан да маанилүү. Келерки жылы Кытайдын Коммунисттик партиясынын съезди өтөт. Анда Си Цзиньпин партиянын башчылыгына төртүнчү мөөнөткө шайланары күтүлүүдө.
Ошол эле учурда өлкө экономикалык кыйынчылыктарга туш болууда. Кыймылсыз мүлк рыногундагы кризис, жергиликтүү бийлик органдарынын карызынын көбөйүшү жана жаштар арасындагы жумушсуздук Кытай үчүн олуттуу көйгөй бойдон калууда.
"Мындай шартта Путин жана Трамп менен түшкөн биргелешкен сүрөт Си Цзиньпин үчүн өлкөнүн "кордук көргөн кылымы" артта калганын көрсөтүүгө далил боло алат. Эми Кытай жөн гана күч алып келе жаткан мамлекет эмес, тескерисинче, жаңы доордун эрежелерин аныктоого барган сайын көбүрөөк катышып жаткан держава",- деп эсептейт Бикер.
Габуевдин пикиринде, Трамптын демилгеси менен уюштурулган жолугушууга Си Цзиньпиндин макулдугун бериши да АКШ президенти менен жеке мамилесин чыңдоонун бир жолу болду.





























