Таластагы ур-токмок: "Баламды эки жерине сайышкан"

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Талас шаарында топ кишинин ур-токмогуна кабылган 26 жаштагы Азамат Шаматов учурда ооруканада дарыланууда. Анын баш мээси чайкалып, денесинде кесилген жерлери бар экени айтылууда. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 8 жаран кармалганы кабарланды. Жабырлануучунун апасы Жанара Шаматова кылмыш тыкыр иликтенип, тиешеси барлар жазасын алсын деп талап кылууда.
"Бүгүнкү күндө менин кубанып отурганым – баламдын аман калганы. Мен кудайга ыраазымын. Бул менин жагыз уулум болот. Кудайга шүгүр. Эң өкүнүчтүүсү, балдар мынчалыкка барышпай эле жигитче эле чечип алышса болот эле да. Машине менен биринчи сүзүптүр, анан ал өзөрүп, жатып калганда сүйрөшкөн. Балам таза жүргөн, акыйкат, адилеттүү, калыс жигит. Күч органдары туура, калыс чечимин чыгарып, беренелерин карап чыгып, алмаштыраттыр деп ойлйом. Акыйкат, таза чечим чыгышы керек. Колу менен жасагандарын мойну менен тартсын", - деди Жанара Шаматова.
Уулу ооруканада жаткан эне баласын сабаган жарандар менен буга чейин дагы пикир келишпестиктер болуп жүргөнүн кошумчалады.
"Бул балдар менин уулуман беш-алты жаш улуу балдар экен. Арасынан төртөө күзөт кызматында иштешкен балдар экен. Чын-чынына келгенде, бир элдин - бир жердин балдары. Бирок былтыр бир жигити мас болуп, ошол балам кетип баратса тийишкен экен, анан балам жообун бериптир. Бул биринчи ирет болгон жок да. Келип дагы сабап кетишкенде, бул эркектик кылып унчуккан эмес. Ошондон кийин ичинде дагы таарынычы калган окшойт. Балдар менен чогулуп, булар максаттуу түрдө, атайын эле өлтүрөбүз деп эле келишкен го, видеодо көрүнүп турбайбы", - деди Жанара Шаматова.

Шаматованын сөзүндө айтылган кылмышка шектүү жарандардын күч түзүмдөрүндө иштеп-иштебегени азырынча белгисиз. Талас облустук Ички иштер башкармалыгы бул маалыматты комментарийсиз калтырды.
Азамат Шаматовдун апасы уулунун абалы турукташып баратканын, бирок алган жаракаттары жеңил эмес экенин айтты.
"Денесинин баары жаракат алган. Көк-аласы турат: бөйрөктөрү, сандары бүт көк-ала. Эки жерине бычак сайган, аларды тигишти. Колун балта менен чааптыр, азыр гипсте, эгер сөөктөрү жылып кетсе, операция жасайбыз деп жатышат. Врачтардын көзөмөлүндө", - деди Жанара Шаматова.
Талас облустук ооруканасынын директорунун орун басары Насыр Болоткан уулу Азамат Шаматовдун абалы канааттандырарлык деп билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Абалы канааттандырарлык. Жаңы келип түшкөн күнү абалы оор болуп түшкөн. Мээси чайкалган, урунган жерлери бар. Кесилген жерлери бар экен. Денесинде көк-ала жерлери көп. Учтуу предмет менен денесине сайылса керек, ошол жерлери дагы бар. Азыр бир аз өзүнө келип, кыймылдап, басып атат, көп эмес, бирок аз-аздан", - деди Талас облустук ооруканасынын директорунун орун басары Насыр Болоткан уулу.
Буга чейин Талас обулстук Ички иштер башкармалыгы Талас шаарында 20-ноябрда болжол менен түнкү 12лерде топ балдар алдын ала даярданып А.Ш. аттуу жаранды көчөдөн кармап, темир, жыгач менен сабаганын аныктаган. Милициянын аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
"Териштирүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу 2000-ж.т. А.Ш. аттуу жарандын окуя учурунда денесинен алган жаракаттары аныкталып, катталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда", -деди Талас облустук ИИБ басма сөз кызматы.
Кылмышка шектелип, 31 жана 32 жаштагы 8 жаран кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Юристтер жана башка соцтармак колдонуучулары аталган беренин туура эмес коюлганын айтып, видеодо адам өлтүрүүгө аракет көрүлгөнүн белгилешүдө.
"Коомдук жайда, ошол шаардын ортосунда ушундай кылмыш кылып жатканы, бул ошол мыйзамды дагы, милицияны дагы көзгө илбей, мыйзамсыздыктын туу чокусуна жеткени деп эсептейм. Ошол себептен, оор беренелерди коюш керек. Бул адамды өлтүрүүгө аракет кылуу, адамды уурдоо, жаап-жашыруу деген сыяктуу. Ал эми "Бейбаштык" беренесине жыйырма-элүү миң штраф менен гана чектелет", - деди юрист Адилет Мерканов.
Окуя боюнча кылмышка шектелип кармалгандардын жакындары комментарий бере элек.
Сабалды делген Азамат Шаматов 2024-жылы Талас шаардык кеңешине талапкерлигин койгон. 2025-жылы "Талас жашыл чарба" муниципалдык ишканасында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Учурда ишкерлик менен алектенет.






























