BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Бажы кызматы: Кытайдан жүк ташуунун баасы ишкер менен айдоочунун ортосунда бычылат
Кыргызстанда Кытайдан жүк ташуунун баасынын кымбатташына транспорт каражаттарынын жетишсиздиги себеп болуп жатат деген маалымат боюнча Бажы кызматы түшүндүрмө берди. Бажы контролун уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Адилет Бердибековдун айтымында, жүк ташуунун баасы ишкерлер менен айдоочулардын ортосундагы келишимдин негизинде аныкталат. Ал эми чек арадагы оор жүк ташуучу унаалардын кезеги Кытай менен соода жүгүртүүнүн өсүшүнө байланыштуу экенин билдирди.
Соң-Көлдө эки чет өлкөлүк турист газга ууланып каза болду
Соң-Көл жайлоосундагы эс алуу жайында эки чет өлкөлүк турист газга ууланып каза болгонун Ички иштер министрлиги билдирди.
Азия оюндары: Эрлан Шеров күмүш, Айпери Медет кызы коло медаль утту
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында 90 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш медаль алды.
"Бир кызматкер психологиялык кысым көрсөтүп жатат". Күбөлөр келбей, Тилекматтын соту жылды
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Курөңовдун соту күбөлөр келбей койгондугуна байланыштуу 8-октябрга жылдырылды.
Спутник Бишкектен көзөмөлдөнөт. Кыргызстан биринчи спутнигин учурду
Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды. Аны учуруу 1-октябрда АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен ишке ашырылды. АКШга барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров спутникти учуруу аземине катышты.
АКШ Кыргызстанга байланышы бар делген A7 каржы тармагына санкция салды
АКШнын Каржы министрлиги Орусия менен байланышкан A7 каржы тармагын "олуттуу трансулуттук кылмыштуу уюм" деп таанып, санкциялык тизмеге киргизди. Кошмо Штаттардын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) 1-октябрда расмий документин жарыялап, анда A7 Network менен байланышкан өлкөлөрдүн арасында Орусия, Кыргызстан, Нигерия жана Зимбабве да аталат.
Украина армиясы FP-7 баллистикалык ракетасын биринчи жолу согушта колдонду
Украина армиясы FP-7 жаңы баллистикалык ракетасын биринчи жолу согушта колдонду. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
"1618 мүлктү өз ыктыяры менен өткөрүшкөн". Депутаттар "кустуризация" маселесин көтөрүштү
Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар мамлекетке өттү делген мүлктөр, ак ниет сатып алуучулардан алынган имараттар тууралуу маселе көтөрүштү. Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева мамлекеттин менчигине өткөн мүлктү кийин мыйзамдуу сатып алган жарандар да мүлкүнөн ажыраганы боюнча кайрылуулар бар экенин айтты.
Азия оюндары: Жоламан Шаршенбеков алтын утту, Акжол Махмудов коло алды
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков атактуу өзбек балбаны Алишер Ганиевди жеңип, экинчи ирет Азия оюндарынын чемпиону болду. Муну менен Жоламан Кыргызстанга Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алгачкы алтын медалын алып келди.
"Мен штурвалды өзүмө тарттым". Жүргүнчүлөр Израилге бара жаткан учакты кантип сактап калышты?
Дубайдан Тель-Авивге бара жаткан учактагы израилдик жүргүнчү экинчи учкуч экипаж командирин бычак менен сайып, Boeing 737 Max 8 учагын жерге карай багыттоого аракет кылгандан кийин аны кантип күч менен кармап калганын айтып берди. Учактагы башка жүргүнчүлөр да өлүмгө даярданып калган "үрөй учурган" мүнөттөрдү сүрөттөп беришти.
АКШ: 50 жаштагы аял укол менен өлүм жазасына тартуу учурунда аман калды
Теннесси штатындагы абакта отурган Криста Пайк өлүм жазасын аткаруу учурунда ага сайылган эки өлүмгө алып келүүчү уколдон кийин аман калды жана ооруканага жеткирилди. Бийлик АКШнын Жогорку сотунун чечиминин негизинде өлүм жазасын аткарууга аракет кылган.
Депутаттын зордуктоо боюнча айрым иштерде пробация колдонуу сунушу талкуу жаратты
Жогорку Кеңешиндеги депутат Айсаракан Абдибаева зордуктоо жана 16 жашка толо элек адамдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча айрым иштерде пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташы коомдо катуу талкуу жаратты. Айрым юристтер аны сынга алып, сексуалдык зомбулукка байланыштуу иштерде мыйзамды өзгөртүүдө жашы жете электердин укуктарын коргоо маселеси биринчи орунда турушу керектигин белгилешти. Ал арада парламент депутаттын айткандары боюнча түшүндүрмө таратты. Анда депутат куруу жалаа менен мыйзамсыз түрмөдө олтургандар тууралуу сөз кылганы белгиленет.
Калифорния: Кыргызстан бүгүн биринчи улуттук спутнигин космоско учурганы жатат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи улуттук спутникти космоско учурууга байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн АКШнын Лос-Анжелес шаарына барды. Спутник 1-октябрда Калифорниядан SpaceX компаниясынын ракета-алып жүрүүчүсү менен орбитага чыгарылышы пландалууда. Учуруу Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 00:18де болору айтылды.
АКШ 20 жылдан кийин Ирактан чыгып кетүүдө. Эми мындан ары эмне болот?
АКШ 30-сентябрга чейин Ирактан аскердик контингентти толугу менен чыгарып кетүүнү пландап жатат, муну менен 20 жылдан ашык убакыттан бери Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөнүн көрүнүшүн аныктап келген аскердик катышуу соңуна чыгууда.
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди
Кыргызстандык саясатчы Сыймык Жапыкеев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин Би-Би-Сиге билдирди.
Өзбекстандын биринчи үй-бүлөсү өз ара пикир келишпестиктер тууралуу имиштер жүрүп жаткан чакта биримдигин көрсөтүүдө
Акыркы апталарда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү бир нече жолу коомчулукка чогуу чыгып, ортодо ынтымак бар экенин көрсөтүүдө.
"Пилоттор мушташкан". Израилге бараткан учак кырсык белгисин берип, Саудияга конду
Дубайдан Тель-Авивге учуп бараткан учак учкучтардын ортосундагы чырдан кийин күтүүсүздөн Сауд Арабиясына багытталганын Израилдин расмий өкүлдөрү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиришти.
"Мындай оор чечим болбошу керек эле". Саясатчы Мавлян Аскарбеков эки жылга соттолду
Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековго карата өкүм чыкты. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыптуу деп таап эки жылга эркинен ажыратты.
Шаирбек Ташиевдин иши боюнча экспертиза дайындалды
Жемкорлукка шектелип кармалып, кийин үй камагына чыккан мурдагы депутат Шаирбек Ташиевдин иши боюнча комиссиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу анын адвокаты Жыргалбек Бабаев Би-Би-Сиге билдирди.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

















































