"Мойнуна албайт": Жакыпбеков (Эду) менен Дүйшөмбиевдин (Пито) иши боюнча алгачкы сот отуруму өттү
Бүгүн, 23-ноябрда УКМКнын мурдагы кызматкерлери Элдар Жакыпбеков (Эду) менен Сыдык Дүйшөмбиевдин (Пито) иши боюнча алгачкы соттук отурум болду. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат.
Кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, отурум жабык өтүүдө. Сот залын күзөтчүлөр курчоого алып, журналисттерди жакын жолоткон жок.
Сот отуруму аяктаган соң гана Элдар Жакыпбековдун жактоочусу Эмил Макешов учкай маалымат берип, алдын ала угуу болгонун айтты.
"Биз маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча макулдашканбыз. Андыктан башка эч нерсе айта албайм",- деп жооп берди ал.
Би-Би-Си кабарчысынын "айыбын мойнуна алдыбы?" деген суроосуна жактоочу "албайт" деп жооп берди.
Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 10-февралында Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткон.
Ташиев кызматтан кеткенден кийин атайын кызматтын бир катар мурдагы жетекчилери кызматтан бошотулуп, айрымдары кармалган. Жакыпбеков, Дүйшөмбиев жана дагы бир нече адам да ушул окуялардан кийин кызматтан алынып, кармалган.
Жакыпбековго да, Дүйшөмбиевге да Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Элдар Жакыпбеков атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгын 2025-жылдын декабрынан 2026-жылдын февралына чейин жетектеген.
Ага чейин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын башкарган. Ал атайын кызматта "Эду" деген каймана ат менен белгилүү болгон.
2026-жылдын 13-февралында Жакыпбеков Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчилигинен бошотулганы айтылган. Бир нече күндөн кийин Башкы прокуратура анын кармалганын ырастаган.
Сыдык Дүйшөмбиев да УКМКнын мурдагы кызматкери. Ал "Пито" деген каймана ат менен белгилүү. Айрым маалымат каражаттары аны Жакыпбековдун жакын жана ишенимдүү кишиси катары сыпатташкан.





























