Акылбек Жапаров өзүнүн отставкасы тууралуу түшүндүрмө берди

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Элеонора Куленбекова,

Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Акылбек Жапаров жана президент Садыр Жапаров

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан кетишинин себептери боюнча биринчи жолу ачык пикирин айтты. Бул тууралуу ал журналист Семетей Аманбековго берген маегинде кенен түшүндүрмө берди.

"Кайсыл күнү айтсаңар, ошол күнү арызымды жазып кете берем. Эмне болуп атат десем, Садыр Нургожоевич "мен сизди алмаштырайын дедим эле" деди. Мен айттым: "Сиз саат сайын алмаштырсаңыз болот. Бирок мындай ызы-чуу кылбай эле айтып койсоңуздар, мен унчукпай эле кете бербейт белем", - деп эскерди мурдагы премьер.

Акылбек Жапаров үч жылдан ашык кыргыз өкмөтүн жетектеп, президент Садыр Жапаровдун экономикалык саясатын ишке ашырган негизги фигуралардын бири эле. Бирок 2024-жылдын декабрында ал күтүүсүздөн кызматтан кеткен.

Анын отставкасы тууралуу ар кандай божомолдор айтылып жатканда, УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин Салык кызматынын ишмердигине байланыштуу билдирүүсү да саясий талкууну күчөткөн.

Акылбек Жапаров ага карата убагында коюлган ал айыптар далилденбегенин айтты:

"Он айдан ашык Салык кызматынын жетечиси түрмөдө отурду... Ал жигитти да бир топ кыйнашыптыр. Он айдан ашык отурду. Жыйырма жолу камерадан камерага алмаштырып, алдап да, кыйнап да көрүшүптүр. Ошонун баарын жасашыптыр... Аягы 300 миң сомдук штраф менен бүттү. Бул эгерде так болгондо мен сенин жаныңда отурбайт элем. Азыр дос досун аябаган заман, туурабы? Эмне гана болбой жатат. Мен минтип отурбайт элем да. Эгерде ошондой болсо".

2021-жылы Садыр Жапаров президент болгондон кийин Министрлер кабинетинин төрагалыгына келген. Анын өкмөтү салык чогултууну күчөтүп, ККМ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз жана эсеп-фактура системаларын киргизген. Бул чаралар бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатын көздөгөнү менен ишкерлердин жана соодагерлердин нааразылыгын да жараткан.

"Анын Кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкөнүн өлкөнүн бюджетинин түзүүчү салык системасындагы терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Үсенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу", - деген эле Садыр Жапаров 2024-жылы 18-декабарда парламент трубунасынан.

Акылбек Жапаров жана президент Садыр Жапаров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров жана президент Садыр Жапаров
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жапаровдун кызматтан кетиши салык тармагындагы коррупциялык иштер боюнча бир катар жетекчилер кармалган учурга туш келген. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдун отставкасы ал камоолорго байланышы барбы деген журналисттердин суроолоруна буга чейин деп жооп берген эле:

"Акылбек Үсөнбаевич өтө тажрыйбасы кең, мол. Экономика боюнча билимдүү жигиттерден. Мамлекетибизге көптөгөн жакшы жумуштарды аткарып кетти. Ал кишинин жумуштан кетиши боюнча президент гана чечим кабыл ала алат. Президент кабыл алган чечимдерди биз талкуулай албайбыз. Эми бир нерсеге байланышы бар үчүн кетти да. Жөндөн жөн кетпеди да. Президенттин кабыл алган чечими, биз аны талкуулабайбыз".

Камчыбек Ташиев менен Акылбек Жапаров бир бийликтин курамында иштегени менен, алардын саясий функциялары ар башка болгон. Жапаров өкмөттү жетектеп, экономикалык саясат үчүн жооп берсе, Ташиев улуттук коопсуздук системасын, күч органдарын башкарган. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары да болгон.

Экөөнүн ортосунда ачык саясий тирешүү болгону тууралуу ырасталган маалымат жок. Бирок Ташиевдин Жапаровдун отставкасына байланыштуу сөздөрү бийликтин ичиндеги чечимдер кандай кабыл алынганы тууралуу суроолорду жараткан. Семетей Аманбековго берген маегинде Акылбек Жапаров Камчыбек Ташиевдин анын отставкасына тиешеси бар беле деген суроого бир жактуу жооп бербейт.

Соңку маегинде мурдагы премьер "Кумтөргө", анын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүккө байланыштуу да бир катар билдирүүлөрдү жасады. Азырынча анын соңку маегине бийликтен же аты аталган адамдардан реакция боло элек.

Акылбек Жапаров - Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги бир нече бийликтин тушунда жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган саясатчы. Ал Аскар Акаевдин тушунда президенттик аппаратта иштеп, Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда экономика жана финансы министри, биринчи вице-премьер-министр болгон. Алмазбек Атамбаевдин тушунда кайрадан каржы министри болуп дайындалган. Кийин парламентте депутат болгон.

2021-жылы Садыр Жапаровдун бийлиги учурунда экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалып, ошол эле жылдын октябрында Министрлер кабинетинин төрагалыгына келген.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев 2021-жылы анын өкмөт башчылыгына дайындалышы тууралуу пикирин билдирип жатып, Жапаров менен иштешип, аны көзөмөлдөө үчүн андан эки эсе билимдүү жана алысты көрө билген адам болушу керектигин айтканы бар.