Коңшу аялга кол көтөргөн киши кармалды

social
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Коңшу аялга кол көтөрүп, сабаган киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Ал арызда коңшусу менен болгон чыр-чатактын жүрүшүндө денесине жаракат келтирилгенин, ошондой эле анын дарегине сөгүнгөн сөздөр айтылганын билдирген.

Аталган маалымат Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында арыздануучунун коңшусу, 1975-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран аныкталган.

"Учурда Т.Т. аттуу жаран башка факты боюнча майда бейбаштык жасагандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине ылайык дайындалган административдик камак жазасын өтөө үчүн атайын кабыл алуу жайында кармалууда. Ошол эле учурда жаран К.А.нын арызынын негизинде денесине келтирилген жаракаттардын мүнөзүн жана даражасын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды",- деп айтылат маалыматта.

Экспертизалардын корутундулары алынып, окуянын бардык жагдайлары ар тараптуу текшерилгенден кийин Т.Т. аттуу жарандын аракеттерине кошумча укуктук баа берилип, мыйзамга ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алына турганы айтылат.

Дем алыш күндөрү интернетте эркектин аялды сабап, тепкилеп жаткан видеосу жарыяланып, кызуу талкуу жаратты.