Аскердик тик учактын кыйрашы: мурдагы эки командир камакка алынды

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын Аскер-аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы Кылычбек Айдаралиев жана аскер бөлүгүнүн мурдагы командири Данияр Давитахунов камакка алынды. Аларга 2024-жылы Ми-8МТВ тик учагынын кыйрашына байланыштуу кылмыш иши козголуп, эки жылга жакын териштирүү иштери жүрдү.
Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы үгүн маалымат таратты. Соттун 21-ноябрдагы токтомуна ылайык, тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылып, эки шектүү тең 2026-жылдын 19-декабрына чейин камакка алынды.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү - учуу же учууга даярдык көрүү эрежелерин бузуп, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү беренеси боюнча айып тагылууда.
2024-жылдын 17-январында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнө таандык Ми-8МТВ тик учагы окуу-машыгуу учуусу учурунда кыйраган.
Окуя Бишкектин четиндеги "Фрунзе-1" авиабазасынын аймагында, Достук айылынын жанында болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аскер кызматкери, 29 жаштагы Жайыл Самудинов каза болуп, дагы 10 адам жаракат алган эле.
Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Тик учактын "кара кутусу" чечмеленип жатканы да кабарланган.
2024-жылдын апрелинде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ошол кездеги Башкы штабынын башчысы Руслан Мукамбетов тик учактын техникалык абалы боюнча алдын ала иликтөө аяктаганын билдирген болчу. Анын айтымында, тик учактын тетиктери жана агрегаттары иштеп турган. Ал анда кырсыктын алдын ала себептери катары аба ырайынын оор шарттарын жана адам факторун атаган.
Кылычбек Айдаралиев кырсыктан кийин Аскердик абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы кызматынан убактылуу четтетилген.
































