Президенттик шайлоо: фавориттер кимдер жана талапкерлер эмнеге үмүттөнүп жатышат?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Элеонора Куленбекова,

Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Шайлоого даярдык жана талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Би-Би-Сиге маек курду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоого даярдык жана талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Би-Би-Сиге маек курду.

Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдык уланууда. Шайлоо жараянынын баштапкы этабы - талапкерлерди каттоо жана кол топтоо процесси жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаров 18-ноябрда президенттикке талапкерлигин койгондор менен жолугуп, баарына бирдей шарт түзүлөрүн, административдик ресурсту колдонууга жол берилбеши керектигин билдирди. Ал эми БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо участкаларында жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлүп, шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын даярдыгы текшерилип жатканын айтты.

Шайлоого даярдык жана талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Би-Би-Сиге маек курду.

Би-Би-Си: Президенттик шайлоонун башы кандай өтүп жатат?

Алмазбек Акматалиев: Шайлоо азырынча кызуу этабына жете элек. Уюштуруу, ага даярдыкты көрсөтүү процесси жүрүп жатат. Атаандаштык кандайдыр бир деңгээлде болуп жатат. Бардык талапкерлерге бирдей эле талаптар коюлуп жатат. «Түндүк» платформасы аркылуу кол чогултуу боюнча жаңы демилге да жакшы жышаан болуп жатат. Себеби бул талапкерлерге жеңилирээк болот. Бирок мунун баары жөн гана формалдуулук катары көрүнүп жатат.

Жеке пикиримде, шайлоо тууралуу мыйзамдан эки нерсени алып коюш керекпи деп ойлойм. Биринчиси - ушул кол чогултуу дегенди, анткени ал жөн гана формалдуулук болуп жатат. Бул керек болсо алдоого жол ачып жатат. Мисалы, он талапкер болсо, анын баарына добуш берсеңер болот дегенде, жеке мен үчүн, шайлоонун принциби бузулгандай сезилип жатат.

Экинчиден, мага жакпаган берене - мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө тыюу салуу. Ошол берене деле туура эмес деп ойлойм. Себеби президент болом деген адам эки жыл мурда деле үгүтүн кыла берсин. «Кыйынмын», «мен кыйратам», «Кыргызстанды гүлдөтөм», «жашооңорду оңдойм» деп айта берсин. Биз шайлоочу катары бул эмне деген адам экенин, анын позициясы кандай экенин билели да. Болбосо үгүт бир-эки айда жүрүп эле, алар толук ачылбай шайлоо болуп кетип жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондуктан шайлоо тууралуу мыйзамдагы ушул эки берене формалдуу болуп жатат.

Мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзбөш керек деген беренени керек болсо бийликтин талапкери өзүнүн пайдасына колдонуп кетиши мүмкүн. Бийликтеги талапкердин мүмкүнчүлүгү башка да. Туурабы? Ушул жагдайларды эске албаганда, азыр шайлоодо бардыгы демократиялык жол менен, мыйзамда аныкталган жоболорго ылайык эле кетип жатат. Таң калычтуу деле эч нерсе жок, нааразы болчу деле эч нерсе жок. Баарына бирдей шарт түзүлдү. Шайлоого барам деген, бир миллион сом акчасы бар, өзүнө ишенген кишилердин баары президенттикке чыгып жатат.

Би-Би-Си: Шайлоого кимдер бара жатканы белгилүү болуп калды. Арасында аракеттеги президент, тажрыйбалуу саясатчылар бар. Мурда-кийин коомчулукка такыр эле белгисиз жарандар дагы президенттикке ат салышканы жатат. Алар эмнеге үмүт кылып жатышат деген талкуулар да жүрүп жатат...

Алмазбек Акматалиев: Татаал суроо, чынын айтканда. Бирок эми мунун ар кандай себептери бар. Бирөө жөн эле таанылйын деп жатат. Бирөө, балким, соодалашканы жаткандыр. Арасында «менин дараметим, күчүм жетет», «мамлекетти башка нукка бурат элем» деген ою барлар бардыр.

Дагы бир категория бар: соодалашканыбы, талапкерлигин коюп алып, кайра алып коюшат. Азыр талапкерлигин койгон 11 адамдын бир тобу, балким, 8-декабрга чейин 30 миң адамдын добушун чогулта албай да калышы мүмкүн. Бирок алар «туура эмес система болду», «ошол үчүн чогулта албай калдым» деши мүмкүн. «Бийлик өзүнө ыктаган жобону жазып койгон үчүн чогулта албай калдым» деп айткандары дагы болобу дейм да.

Кыргызстан - демократиялык мамлекет. Андыктан ар бир жаран президенттикке талапкерлигин койгонго укугу бар. Ошондуктан биз ушундай картинаны көрүп жатабыз.

Би-Би-Си: Ар бир шайлоодо фавориттер болот эмеспи. Азыр аракеттеги президенттин ысымы көп аталып жатат. Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровго теңтайлашчу кимди көрүп жатасыз?

Алмазбек Акматалиев: Аракеттеги президент чоң фаворит десек, туура эле болот. Жеке пикиримде, анда шанс көп. Анын себептери бар: алты жылда экономикада, тышкы саясатта жакшы иштер жүрдү. Албетте, каталар да болгондур. Бирок жасалган иштер боюнча объективдүү көз караш кылсак, аракеттеги президенттин артыкчылыгы бар.

Бирок эл канчалык деңгээлде колдойт, ал 27-январда гана белгилүү болот. Бирок мен чынында азыр экинчи орунду ким алат деген суроону коёт элем. Аша чаппайлы, бирок биринчи орунда ким болот, лидер билинип калды. Ал эми экинчи орунду, жеке пикиримде, Сыймык Жапыкеев алат. Анын өзүнүн электораты бар. Калгандары болсо көп деле добуш албайт го.

Бирок анда алар эмнеге бара жатышат? Ар биринин амбициялары бар. Ар бири өзүнө ишенет. Балким, регионалдык принцип менен бара жаткандары да бар. «Биздин региондон эч ким жок экен» деп талапкерлердин бири ачык айтпадыбы. Биз демократиялык мамлекетте жашайбыз. «Эмне үчүн алар чыгып жатат?» деген суроо коюунун өзү туура эмес.

Би-Би-Си: Кыргызстандагы президенттик шайлоолор Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат?

Алмазбек Акматалиев: Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу башынан эле башкача, өзгөчө жолго түшкөн мамлекетпиз, ошондой улутпуз. Аймактагы бардык биринчи президенттерди эстеп көргүлөчү, ошолордун баары СССР кулап жатканда ЦКнын биринчи катчылары эле. Жалгыз Кыргызстан биринчи катчыны шайлабай, окумуштууну шайлап, өзгөчө бир жолго түшкөн элбиз, ошондой улутпуз.

Биз башынан эле айырмабыз бар экенин көрсөткөнбүз. Эркин элбиз, көчмөн цивилизациянын өкүлүбүз. Мына, биз сегизинчи-тогузунчу президентибизди шайлаганы жатабыз. Ал эми Казакстанда экинчи президент иштеп жатат, Тажикстанда биринчи президент иштеп жатат. КМШны деле алалы, Беларуста да биринчи эле президенти канча жылдан бери өлкө башкарып келет. Орусияда деле экинчи президент иштеп жатат.

Биздеги президенттик шайлоолор аркылуу өлкө башчысы алмашып жатат. Бул жакшыбы же жаманбы, айта албайм. Бирок биз башкачабыз.