Кытайдагы АТЭК саммити: үч тараптуу сүйлөшүүлөр алдында Путин, Трамп жана Си Цзиньпин жолугушту

Getty Images
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭК) Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан саммитинин алкагында Орусиянын лидери Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул Трамптын өткөн жылдын жай айларында Аляскада Путин менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн берки алгачкы бетме-бет жолугушуусу. Бейшемби күнү үч өлкөнүн лидерлери буга чейин болуп көрбөгөн үч тараптуу жолугушуу өткөрүшөт. Анда Украинадагы согуш жана өзөктүк куралдан баш тартуу маселелери талкууланышы мүмкүн.

Путин, Трамп жана Си Цзиньпин алгач АТЭК саммитинин катышуучуларына арналган расмий сый тамак учурунда учурашып, кол алышты.

Буга чейин Си Цзиньпин Трампты аэропорттон өзү тосуп алган. Бул салтанаттуу тосуп алуу Кытай лидери быйыл сентябрда Вашингтонго барганда Трамптын ага көрсөткөн сый-урматын эске салды.

Шэньчжэнь шаарында Трамптын учагынын алдына кызыл килем төшөлүп, АКШ президентин ардактуу кароол, гүлдөр жана колдоруна Америка желектерди кармаган бийчилер тосуп алышты.

Getty Images

Саммиттин жүрүшүндө Путин менен Трамп эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөрү күтүлүүдө. Анда Орусиянын Украинага каршы согушу талкууланышы мүмкүн.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин үч тараптуу жолугушуусуна "бир сааттан ашпаган" убакыт бөлүнгөн.

Бирок Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге сүйлөшүүлөр мындан да узакка созулушу мүмкүн экенин билдирди.

"Лидерлер бири-бири менен канча убакыт сүйлөшүүнү өздөрү чечишет. Албетте, бир сааттан ашышы да мүмкүн, эмнеге болбосун? Эгер үч лидердин талкуусу кызыктуу уланып кетсе, аларды токтотуу оңой болбойт. Аларды ким токтото алат? Протокол кызматы да токтото албайт",- деди ал ("Интерфакс" агенттигинин маалыматына ылайык).

Шейшемби, түн ичинде Кытайга келген Путин Си Цзиньпин менен да жолугушту. Түшкү тамактан кийин ал Кытайдын төрагасы менен бирге Шэньчжэнь университетине барды.

"Интерфакс" агенттигинин маалыматына караганда, Си Цзиньпин менен кеңейтилген курамда өткөн сүйлөшүүлөрдө Путин Москва менен Пекин "адилеттүү көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу боюнча конструктивдүү көз караштарды карманарын" билдирди.

Песков Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" агенттигине билдиргендей, Путин менен Си Цзиньпин Украинадагы согуш маселесин да талкуулашкан.

Орусиянын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф менен жакында өткөргөн жолугушуулары тууралуу маалымат берген.

АТЭКке мүчө 21 өлкөнүн лидерлери форумда соода, жасалма интеллект жана жана товарларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу маселелерин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Би-Би-Синин бизнес боюнча кабарчысы Осмонд Чиа: Кытайдагы саммит Путин үчүн өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк

EPA
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Трамп жана Си Цзиньпин менен жолугушуу Владимир Путин үчүн Кремлдин дипломатиялык аброюн көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк болот, деп жазат Би-Би-Синин бизнес боюнча кабарчысы Осмонд Чиа.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан жана 2022-жылдын февралында Украинага каршы кеңири масштабдагы согуш баштагандан кийин Батыш өлкөлөрү киргизген катаал санкцияларга туш болуп келет.

Британиянын Королдук эл аралык мамилелер институтунун (Chatham House) Орусия жана Евразия боюнча программасынын өкүлү Тимоти Эштин айтымында, Путин сүйлөшүүлөрдө Украинаны негизги темага айлантууга аракет кылат. Ошондой эле Си Цзиньпин жана Трамп менен өтө турган үч тараптуу жолугушууну 1945-жылдагы Ялта конференциясынын кайталанышындай көрсөтүүнү көздөшү мүмкүн.

1945-жылдагы Ялта конференциясында АКШнын президенти Франклин Рузвельт, Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль жана СССРдин лидери Иосиф Сталин Экинчи дүйнөлүк согушта Германия жеңилгенден кийинки анын тагдырын жана согуштан кийинки дүйнөлүк тартипти талкуулашкан.

Эштин айтымында, Путин " Украина менен Европаны аралаштырбастан Си Цзиньпин менен Трамп Украинанын тагдырын аныктоо маселесинде ага кошулат деп үмүттөнөт".

Украинанын президенти Володимир Зеленский мындай сценарийдин кооптуу экенин буга чейин эскерткен.

"Бул Ялта-2, Ялта-3 же Ялта-4 болуп кетпесе экен дейм. Башкача айтканда, таасир этүү чөйрөлөрү кайра бөлүштүрүлгөн жолугушуу болбосун. Менин оюмча, эгер баары орусиялыктар азыр айтып жаткандай, алардын жаңы "Ялта" тууралуу каалоолоруна ылайык ишке ашса, Аляскадан кийинки бул окуя Орусия үчүн дипломатиялык жактан экинчи чоң артыкчылык болуп калат",- деген Зеленский.

Кытай Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта бейтарап позицияны карманарын билдирип келет.

Бирок Батыш өлкөлөрү Пекин Москвага расмий эмес, бирок колдоо көрсөтүп жатат деп эсептешет. Анткени Кытай Орусияга каршы киргизилген Батыш санкцияларына кошулган жок. Мындан тышкары, Кытай Орусиядан энергетикалык ресурстарды сатып алууну жана ага кош багытта колдонулуучу товарларды жеткирүүнү улантууда.

Кытайдын мамлекеттик ЖМКлары Си Цзиньпиндин жолугушууларын кандай чагылдырып жатат?

Pedro Pardo - China Pool/Getty Images

Би-Би-Синин Мониторинг кызматынын маалыматына караганда, Владимир Путиндин шаршемби күнү эртең менен АТЭК саммитине катышуу үчүн Кытайга келиши Кытайдын Коммунисттик партиясынын расмий басылмасы "Жэньминь жибао" гезитинин биринчи бетинде жарыяланган. Бул Орусия лидерин кабыл алууга Кытай жетекчилиги өзгөчө маани берип жатканын көрсөтөт.

Гезитте ошондой эле Си Цзиньпиндин АТЭК саммитине катышып жаткан дүйнөнүн дагы алты өлкөсүнүн лидери менен жолугушуусун чагылдырган сүрөттөр жарыяланган.

Сүрөттөрдүн баарында Кытайдын төрагасы Вьетнам, Мексика, Перу, Чили, Канада жана Папуа-Жаңы Гвинеянын лидерлери менен кол алышып учурашып жаткан учур тартылган. Алардын артында тиешелүү өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары көрүнөт. Бул жолугушуулар шейшемби күнү өткөн.