Орусиянын "Сахарово" миграциялык борборунда 189 кыргызстандык кармалып турганы айтылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
17-ноябрга карата Орусиянын "Сахарово" чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборунда Кыргызстандын 189 жараны карамлууда. Алардын 33ү аял киши. Бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка караганда, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева борбордогу кыргызстандыктарды кармоо шарттары, медициналык жардамдын көрсөтүлүшү жана алардын укуктарынын сакталышы менен таанышты.
Жолугушууда мигранттарга алар жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын билүү зарылдыгы жана чет жерде жүргөндө өз укуктарын кантип коргоо керектиги тууралуу маалымат берилди.
"Мен көрүп турам, айрымдарыңыздар кабыл алынган чечимдерге өз убагында даттана албай, натыйжада көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине кирип калгансыздар. Айрым учурларда мындай маселелер иш берүүчүлөр өз милдеттерин аткарбагандыктан келип чыккан. Башка өлкөгө барардан мурда анын мыйзамдарын, талаптарын жана миграциялык эрежелерин билүү зарыл. Бул өз укуктарыңарды коргоого жардам берет. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт. Силерге карата негизсиз чечимдер кабыл алынган учурда өз убагында арыз берип, даттануу маанилүү",- деген Жамиля Жаманбаева.
Жолугушууда реестрге негизсиз киргизилип калганын айткандар да болгон.
17-ноябрь күнү кечинде 28 кыргызстандыкты депортациялоого даярдап жатышканын билдиришкен.
"Сахарово" - бул Москванын четинде жайгашкан миграциялык борбор. Ал жерде миграция мыйзамдарын бузгандар, өлкөдөн чыгарыла турчу чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармалат.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстандын 600 миңден ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Бирок бул каттоодон өткөндөрдүн гана көрсөткүчү. Иш жүзүндө чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын саны мындан алда канча көп экени айтылып келет. Алардын 50 пайыздан көбү Орусияда эмгектенет.




























