Садыр Жапаров президент болом дегендер менен жолукту. Жапыкеев менен Калмаматов катышкан эмес

all presidential candidates
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Президент Садыр Жапаров 18-ноябрда президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген жарандар менен жолукту. Жолугушууга катышкандардын бири Клара Сооронкулованын айтымында, анда негизинен алдыдагы президенттик шайлоонун жүрүшү, аны таза өткөрүү жана талапкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр талкууланды. Мындай жолугушуу өткөнүн кийинчерек президент Садыр Жапаров да ырастап, жарандарды талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоого катышууга үндөдү. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө айтып, жолугушуунун сүрөтүн жарыялады. Аталган жолугушууга Сыймык Жапыкеев менен Бакыт Калмаматов барбаганы белгилүү болду.

Саясатчы Клара Сооронкулованын айтымында, жолугушуунун башында Садыр Жапаров шайлоону таза өткөрүү маселеси тууралуу сөз кылып, бири-бирин каралабай, сын пикирлерди конструктивдүү айтууга үндөгөнүн белгиледи.

"Башында өзү чакырык кылды. Шайлоону таза өткөрөлү, бири-бирибизди каралабайлы, сын айтсак, конструктивдүү сын айталы деди. "Мен дагы сынга чыдайм. Иштеп жаткан кишиде кемчилик болбой койбойт. Силер деле сын айткыла, бирок жекечиликке өтпөгүлө" деп айтты",- деди ал.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, жолугушуунун негизги максаты талапкерлердин ой-пикирлерин угуу жана шайлоого даярдык учурундагы кыйынчылыктарды, ошондой эле административдик ресурс же жасалма тоскоолдуктар болуп жаткан-жатпаганын талкуулоо болгон.

"Ушул жерден бүгүнкү талапкерлер менен болгон жолугушууда алар тарабынан айрым тынчсызданган жагдайлар айтылды. Ошолорду эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге дагы бир жолу өзүнчө кайрылгым келип турат.

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздердин негизги милдетиңиздер - кайсы бир талапкерге эмес, элге жана мамлекетке кызмат кылуу.

Менин президенттик шайлоого катышып жатканым сиздерди жеке мага иштөөгө милдеттендирбейт.

Административдик ресурсту пайдаланууга, кызматкерлерди же жарандарды кайсы бир талапкерди колдоого мажбурлоого, башка талапкерлерге тоскоолдук жаратууга жол берилбейт.

Кимде-ким кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишсе, мыйзам алдында жооп берет. Бул талап баарына бирдей.

Мен "Кыргызстанда шайлоо" дегенде элдин эсине коркутуу, басым-кысым жана административдик ресурс эмес, таза атаандаштык, ачык талкуу жана эркин тандоо келген саясий маданият калыптанышын каалайм.

Бул шайлоо кимдир бирөөнүн бийлигин эмес, мамлекетибиздин демократиялык жетилгендигин көрсөтүшү керек", - деди президент.

Билдирүүдө Садыр Жапаров учурда "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол топтоо жүрүп жатканын айтып, жарандарды бул жараянга активдүү катышууга чакырган.

Анын айтымында, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек.

"Башында үстөмдүгүн көрсөтөбү деп ойлогом"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми Сооронкулованын айтымында, талапкерлер кол топтоо учурундагы кыйынчылыктарды, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин колдоо көрсөтүүдөн чочулап жатканын айтышкан. Буга байланыштуу Садыр Жапаров коомчулукка кайрылып, жарандарды талапкерлерди колдоодон коркпоого чакырууга даяр экенин билдирген.

Ошондой эле президент административдик ресурс колдонулбай турганына кепилдик берип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, мугалимдерге жана дарыгерлерге басым көрсөтүүгө жол берилбей турганын айткан.

"Административдик ресурс колдонулбайт, силерге кепилдик берем деди. Аны колдонууга толугу менен тыюу салдык деди. Бирок тегерегиндегилер жакшы көрүнүү үчүн кошомат кылышы мүмкүн, аны да алдын ала көзөмөлгө алабыз деп айтты. Өзүм эч жерде штаб түзбөйм, офлайн жолугушууларды өткөрбөйм, онлайн жолугушууларды гана өткөрөм деди",- деп билдирди Клара Сооронкулова.

Ал жолугушуунун жалпы маанайын позитивдүү деп баалап, президент талапкерлерге үстөмдүк кылган же аларды атаандаш катары көрбөгөндөй мамиле жасабаганын кошумчалады.

"Мен үчүн эң маанилүүсү, административдик ресурс колдонулбайт, шайлоо таза өтөт, ошого баарыбыз аракеттенели деген сөзү болду. Жалпысынан жакшы, жылуу жолугушуу болду. Башында кандайдыр бир үстөмдүгүн көрсөтөбү деп ойлогом, бирок андай болгон жок",- деди ал.

Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы да катышып, талапкерлердин сунуштарын уккан. Сооронкулованын айтымында, жолугушууга Бакыт Калмаматов менен Сыймык Жапыкеев барган эмес. Алар эмнеге барбаганы боюнча пикирлерин билдире элек.

Буга чейин Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, бирок мамлекеттик тил боюнча тесттен өтпөй калган коомдук жана саясий ишмер Өмүрбек Суваналиев, Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев менен да жолуккан. Анда алардын мамлекеттик тил боюнча тест жана башка маселелер тууралуу сүйлөшүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер, Бакыт Калмаматов, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова бар.

Бул шайлоого Садыр Жапаров экинчи президенттик мөөнөт үчүн ат салышууга баратат.

Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Алар кеминде 30 миң, эң көп болгондо 60 миң кол топтошу керек. Акыркы маалыматтарга караганда, Садыр Жапаров 60 миң колт топтогон. Аймен Касеновду, Сыймык Жапыкеевди, Исхак Масалиев колдогондордун саны 30 миңден ашкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.