Орусия Украинага массалык сокку урду: Прилукиде беш кабаттуу үй кыйрап, кеминде 20 адам каза болду

Согуш
Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Чернигов облусундагы Прилуки шаарында ракеталык соккудан беш кабаттуу турак үй жарым-жартылай кыйрады. Кеминде 20 адам каза болду. Киевде жана Украинанын башка шаарларында да адам өмүрү кыйылды. Орусия массалык түнкү чабуулду Украинадагы ракета жана дрон өндүрүшүнө байланыштуу ишканаларга жасаганын билдирди.

Орусиянын аскерлери Киевге жана Украинанын 12 облусуна жасаган массалык чабуулда 70 ракета жана дрондорду колдонгон. Алардын арасында "көп сандаган баллистикалык ракеталар" болгонун Украинанын президенти Володимир Зеленский эртең менен билдирди.

"Ракеталардын бир бөлүгүн гана атып түшүрүүгө жетиштик. Орусиянын баллистикалык ракеталары дагы деле эң чоң көйгөй бойдон калууда", - деди Зеленский.

Украинанын Аба күчтөрү беш баллистикалык ракетаны, ошондой эле 39 канаттуу ракетаны жана реактивдүү түрлөрүн кошкондо 117 дронду атып түшүргөнүн билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги да ракеталар жана дрондор менен массалык сокку урулганын ырастады.

Прилукиде беш кабаттуу үйгө урулган сокку

Сокку

Чернигов облусунун прокуратурасы Прилукиге эртең менен канаттуу ракеталар менен сокку урулганын билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги соккунун бутасы "Пластмасс-Прилуки" заводу болгонун айтып, анда украиналык FP-5 "Фламинго" канаттуу ракеталары үчүн тетиктер өндүрүлүп жана сакталат деп билдирди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, соккудан беш кабаттуу турак үйдүн эки подъезди талкаланган. Чернигов облусунун администрациясынын башчысы 19 адам каза болгонун, алардын бешөө бала экенин билдирди. 55 адам жаракат алган, алардын жетөө балдар.

Куткаруучулар кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан балдарды алып чыгышты.

"Александр, Кирилл жана Сергей, алар болгону бир жашта, Максим сегиз жашта болчу", - деп жазды Зеленский Telegram'дагы баракчасына.

Куткаруучулар ураган беш кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан адамдарды издөө иштерин улантууда.

Шаарда башка турак үйлөр, Балдар чыгармачылык борбору, ишканалар жана унаалар да жабыркаганы прокуратура билдирди. Прилукиде үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Куткаруучулар шаардагы урандыларды тазалап жаткан учурда облустун борборуна дагы бир жолу канаттуу ракеталар менен сокку урулган. Бийликтин маалыматына караганда, административдик имаратта өрт чыккан.

Кременчугга сокку

Сокку

Полтава облусуна жасалган массалык ракеталык чабуул учурунда Кременчуг шаарындагы турак жай кварталы да соккуга кабылды.

Жарыяланган кадрлардан ракета тогуз кабаттуу үч турак үйдүн жанындагы короого түшкөнүн көрүүгө болот. Ал жерде 72 жаштагы аял жана 40 жаштагы эркек каза болуп, 40тан ашуун адам жаракат алганы бийликтин билдирүүлөрүнөн улам белгилүү болду.

Куткаруучулардын маалыматына караганда, Орусиянын аскерлери Полтава облусундагы "ишканалардын бирине" сокку урган. Орусиянын Коргоо министрлиги бул Кременчугда жайгашкан Кременчуг автомобиль заводу "КрАЗ" экенин билдирди.

Орусиянын аскерлери өз билдирүүсүндө "КрАЗ" заводун, ошондой эле Прилукидеги пластмасса заводун "Фламинго" ракеталарынын тетиктерин чыгарууга байланыштырды. Тактап айтканда, ракеталарды учуруучу түзүлүштөр үчүн атайын шассилер чыгарылары айтылды.

Киевде каза болгондор

Сокку
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Киев облусу массалык түнкү чабуулдун негизги багыттарынын бири болгонун Украинанын Аба күчтөрү эртең менен билдирди. Киев шаарында үч район зыян тарткан.

Дарницкий районунда гараж кооперативинин аймагында 66 жана 73 жаштагы эки күзөтчү каза болгонун полиция билдирди.

Ошол эле райондо баллистикалык ракета көп кабаттуу турак үйлөрдүн ортосуна түшүп, бирок жарылбай калган. Куткаруучулардын маалыматына караганда, сапёрлор жана жардыруучу заттар боюнча адистер баллистикалык ракетанын негизги бөлүгүн жерден алып чыгып, кийин жок кылуу үчүн коопсуз жерге жеткиришкен.

Украинанын Маданият министрлиги дагы бир ракетанын сыныктары Киевдеги Шевченко районунда жайгашкан Довженко атындагы Улуттук киностудиянын эки павильонунун чатырын тешип өткөнүн билдирди. Соккудан келтирилген зыяндын көлөмү азырынча аныктала элек.

Бул киностудияга быйыл июнь айында да эки жолу ракеталык сокку урулган. Анда 1927-1928-жылдары курулган башкы павильон, музей, фильмдер сакталган жай жана башка имараттар жабыркаган. Костюмдардын коллекциясы сакталган цехке да сокку тийген.

Киевге жасалган сокку күнү-түнү уланды. Соломенск районунда беш кабаттуу турак үйдө өрт чыгып, жети адам жаракат алган.

Оболонск районунда дрондун сыныктары турак үйдүн короосунда турган унааны өрттөп кеткен. Өрттөнгөн унаанын жанынан аялдын сөөгү табылганын Киев шаарынын мэри Виталий Кличко билдирди.

Анын айтымында, Киевдин оң жээгин суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. "Укрэнерго" кечинде Украинанын борбор шаарында электр энергиясын авариялык өчүрүү башталганын жарыялады.

Киев шаардык аскердик администрациясы кечки чабуулдан эки адам (аял жана эркек) каза болгонун билдирди. Кийин Кличко эркек киши Оболонск районунда каза болгонун тактады.

Сокку

Башка аймактарга жасалган соккулар

Орусиянын аскерлери "Фламинго" ракеталарын жана дрондорду чыгарууга байланыштуу объектилер деп Александрия шаарына, Кировоград облусуна, Днепрдеги машина куруу заводго жана Харьков облусундагы Лозовая шаарына да сокку урулганын билдирди.

Александрияда бийликтин маалыматына караганда, эки адам каза болуп, үчөө жаракат алган. Дагы бир адам дайынсыз.

"Өнөр жай объектисине зыян келтирилип, 2 миң чарчы метр аянтта өрт чыкты", - деп айтылат куткаруучулардын билдирүүсүндө.

Украин бийлиги Днепр шаарындагы өнөр жай ишканасына сокку урулганын да ырастады. Кезектеги чабуулдан шаарда 16 көп кабаттуу үй жабыркап, үйлөрдөгү 500гө жакын терезе талкаланганын шаардын мэри Борис Филатов билдирди.

Соккулар менен алмашуу

Бир күн мурда Зеленский Орусия чабуул даярдап жатканын эскерткен.

"Чалгындоо кызматынан Орусия массалык сокку урууга даярданып жатканы тууралуу жаңыртылган маалымат келди. Баарыңыздардан сак болуңуздар деп суранам. Ракеталык коркунуч тууралуу сигналдарга көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрүңүздөр", - деп жазган Украинанын президенти шейшемби күнү кечинде Facebook баракчасына.

Украина шейшемби күнү эртең менен Москваны массалык түрдө дрондор менен чабуулга алган. Кечинде болсо Сочи шаарына жакын Кара деңизде мунай ташыган танкерге сокку урган.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев эки райондо эки адам каза болуп, 10 адам жаракат алганын жана 50гө жакын үй жабыркаганын билдирди.

Ал ошондой эле Telegram баракчасына шейшембиге караган түнү Москва облусунун үстүнөн 185 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн жазды. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн аймагынан жалпысынан 868 дрон жок кылынганын билдирди.

Зеленский Москванын аткыланышы тууралуу комментарий берген эмес. Бирок шаршемби күнү эртең менен Сочиге жакын деңизде мунай ташыган танкерге жарылуучу кайыктар менен сокку урулганын иш жүзүндө ырастап, күчтүү өрттүн видеосун жарыялаган. Өрттүн кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Болгария да бир күн мурда Кара деңиздеги өзүнүн экономикалык аймагында эки соода кемесине дрондор менен чабуул жасалганын билдирди. Алардын бири чөгүп кеткен. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз.

Орусия менен Украинанын ортосундагы акыркы массалык соккулар 25-сентябрда болгон. Ошол кезде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Пермь жана Ростов облустарындагы мунай иштетүүчү заводдорго, ошондой эле Ульяновск, Воронеж жана Тула облустарындагы ишканаларга сокку урулганын билдирген. Орусия болсо Киевге үзгүлтүксүз сокку уруусун уланткан.

Өткөн аптада Орусиянын аскерлери биринчи жолу Украинанын борборундагы Днепр аркылуу өткөн көпүрөлөргө сокку ура баштаган. Бул транспорттук башаламандыкка алып келген. Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин колдонулуп келген чектөөлөрдү алып салып, аскерлерге каалаган бутага сокку урууга уруксат бергенин айткан.

"Ал эми азыр эч кандай эреже жок деп айтты", - деген Зеленский Financial Times басылмасына берген маегинде.

Путин августтун аягында эле Зеленский Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна, дан ташыган кемелерине, логистикалык кампаларына жана башка объектилерине массалык сокку уруп, "Пандоранын кутусун өзү ачканын" билдирген.

Орусия буга жооп катары Украинанын металлургиялык заводдоруна, портторуна, кампаларына, маалымат борборлоруна, көпүрөлөрүнө жана башка инфраструктуралык объектилерине жаңы соккуларды жасай баштаган.

АКШнын "энергетикалык тыныгуу" жарыялоо боюнча чакырыктары азырынча эч кандай натыйжа берген жок.