ИИМ: Таласта жаранды ур-токмокко алгандардын арасында милиция кызматкери да болгон

Сүрөттүн булагы, Official
Таласта жаранды ур-токмокко алгандардын арасында ички иштер органдарынын бир кызматкери болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Күн мурун жабырлануучунун апасы Би-Би-Сиге маек берип, уулун сабагандардын арасында милиция кызматкери да болгонун айткан.
Маалыматка караганда, жаранга карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн алкагында тогуз жаран, анын ичинде ички иштер органдарынын бир кызматкери кармалган.
20-ноябрда саат 00:00 чамасында Б. Баатыр жана Ш. Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде А.Ш. аттуу жаранга ар кандай буюмдар менен кол салуу болгон.
Жаранды сабап, шектүүлөрдүн бири унаа менен сүзгөн.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренелеринде каралган кылмыштын белгилери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кайра квалификацияланган.
Аталган кылмышка шектелип 1995-жылы туулган Б. уулу А., 1995-жылы туулган М. уулу К., 1994-жылы туулган К. уулу А., 1995-жылы туулган Ж.Ч., 1995-жылы туулган Б.А., 1995-жылы туулган Д. уулу Б. жана 1995-жылы туулган М. уулу Н. кармалган. Окуяга тиешеси бар төрт унаа айып короого киргизилди.
"Мындан тышкары, өзүнчө кылмыш ишинин алкагында 1994-жылы туулган Т.Н. жана 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу жарандар кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2026-жылдын 17-ноябрында Талас шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында алар С.Н. аттуу жаранды сабап, андан соң шаардын четиндеги ипподромго алып барышып, ал жерде ур-токмокко алууну улантышканы аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси менен кылмыш иши козголду",- деп айтылат маалыматта
Тогуз шектүүгө карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Учурда тергөө амалдары улантылууда. Иштин жүрүшү Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.
Соттун чечимине ылайык, кармалгандардын айрымдар 2027-жылдын 22-январына чейин, башкача айтканда, эки айга камакка алынганы тууралуу маалымат тараган.
Калган эки шектүүнү 2026-жылдын 22-декабрына чейин камакта калтыруу чечими чыгарылганы айтылган.
Талас обулстук Ички иштер башкармалыгы Талас шаарында 20-ноябрда болжол менен түнкү 12лерде топ балдар алдын ала даярданып А.Ш. аттуу жаранды көчөдөн кармап, темир, жыгач менен сабаганын аныктаган. Милициянын аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
"Териштирүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу 2000-ж.т. А.Ш. аттуу жарандын окуя учурунда денесинен алган жаракаттары аныкталып, катталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда", -деген Талас облустук ИИБ басма сөз кызматы.
Кылмышка шектелип, 31 жана 32 жаштагы 8 жаран кармалганы маалымдалган.
Юристтер жана башка соцтармак колдонуучулары аталган беренин туура эмес коюлганын айтып, видеодо адам өлтүрүүгө аракет көрүлгөнүн белгилешүдө.
"Коомдук жайда, ошол шаардын ортосунда ушундай кылмыш кылып жатканы, бул ошол мыйзамды дагы, милицияны дагы көзгө илбей, мыйзамсыздыктын туу чокусуна жеткени деп эсептейм. Ошол себептен, оор беренелерди коюш керек. Бул адамды өлтүрүүгө аракет кылуу, адамды уурдоо, жаап-жашыруу деген сыяктуу. Ал эми "Бейбаштык" беренесине жыйырма-элүү миң штраф менен гана чектелет", - деди юрист Адилет Мерканов.
Окуя боюнча кылмышка шектелип кармалгандардын жакындары комментарий бере элек.
Сабалды делген Азамат Шаматов 2024-жылы Талас шаардык кеңешине талапкерлигин койгон. 2025-жылы "Талас жашыл чарба" муниципалдык ишканасында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Учурда ишкерлик менен алектенет.





























