Орусиядагы табышмактуу тумоо: АКШ менен Европа эмнеге кабатыр?

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
АКШнын Москвадагы элчилиги өз жарандарына Иркутск облусундагы болжолдуу кара тумоо учуру тууралуу эскертүү жөнөтүп, Орусияда жүргөн америкалыктар үчүн өлкөдөн чыгып кетүү сунушу күчүндө экенин эске салды. Дональд Трамп жакын арада Владимир Путин менен Сибирдеги эпидемиологиялык кырдаалды талкуулай турганын билдирди. Расмий версия боюнча Иркутскинин кара тумоого каршы институтунун кызматкери пневмониянын оор түрүнөн каза болгон.
АКШ элчилигинин билдирүүсүндө "дипломатиялык өкүлчүлүк Иркутск облусунда кара тумоого чалдыгып, адам каза болгон учур, ошондой эле бул окуяга байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар жана аймактагы ооруканалардын жабылышы тууралуу кабардар болгону" айтылат.
"Бул аймакта жүргөн АКШнын жарандары жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарып, оору жайылышы мүмкүн болгон мекемелерге барбашы керек жана респиратордук белгилер пайда болор замат медициналык жардам сурап кайрылууга тийиш", - деп айтылат АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.
Шейшембиде Дональд Трамп Владимир Путин менен Иркутск облусундагы кырдаалды телефон аркылуу талкуулай турганын билдирди. АКШнын президентинин айтымында, бул сүйлөшүү "жакын арада" пландалууда. Ушул аптанын башында Трамп "АКШ Иркутск облусундагы окуяларга абдан кунт коюп көз салып жатканын" айткан.
"Биз бул тууралуу жаңы эле билдик, алар [Орусиянын бийлиги] муну пневмония деп аташууда. Буга чейин пневмонияны дарылоо оңой болчу, бирок микробдор жана бактериялар кыйла күчтүү болуп калды", - деди Трамп. Ал ошондой эле АКШ оорунун жайылышын токтотуу үчүн Орусияга зарыл жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.
Европа өлкөлөрү да "Сибирде кара тумоо чыкты" деген маалыматты тактап жатышат. Еврокомиссия жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү Иркутск облусундагы кырдаалды 7-октябрдагы жыйында талкуулашты. Шаршембиде Брюсселде Саламаттыкты сактоо коопсуздугу боюнча комитеттин жыйыны пландалып, анын программасына Сибирдеги кырдаал боюнча пункт да кошулган.
ДСУ "кошумча маалыматтарды" күтүп жатат
Сибирдеги лабораториянын кызматкеринин өлүмүнө кара тумоо себеп болушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Бул тууралуу журналисттерге ДСУнун өкүлү Кристиан Линдмайер билдирген.
Ал "өзгөчө кооптуу инфекциядан" каза болгон аял кооптуу патогендерди, анын ичинде кара тумоону изилдеген уюмда иштегенин баса белгилеген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус ДСУ оорунун жайылуу тобокелдиги азырынча орточо деп бааланып жатканын билдирди: "Иркутск үчүн төмөн, жалпысынан Орусия Федерациясы үчүн төмөн жана ДСУнун Европа чөлкөмү үчүн өтө төмөн". Ошол эле учурда Гебрейесус баалоо Иркутск облусундагы окуя тууралуу толук эмес маалыматка негизделип жасалганын белгиледи.
Анын айтымында, лабораториянын кызматкеринин өлүмүнүн расмий себеби азырынча тактала элек, ал эми лабораториялык изилдөөлөр уланууда.
ДСУнун суроо-талабына жооп катары орус бийлиги акыркы маалда Иркутск облусунда кара тумоонун бир дагы учуру катталбаганын билдирген.
Гебрейесус ДСУ институттун кызматкеринин өлүмүнө себеп болгон козгогуч тууралуу "кошумча маалымат суратканын" баса белгиледи.
ДСУнун башчысы кара тумоонун өпкөдөн кармаган түрүн дарылабаса, оору башталгандан кийин бир сутканын ичинде адамдын өмүрүн аларын, бирок эрте мөөнөттө диагноз коюлса, "заманбап антибиотиктер бейтапты тез сакайтууга жөндөмдүү" экенин кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Roger Harris/Science Photo Library via Getty Images
Кара тумоонун өпкөдөн кармаган формасы адамдан адамга аба аркылуу жугат жана тумоонун бубон түрүнө караганда кыйла коркунучтуу: ДСУнун маалыматы боюнча, эгерде бейтап инфекция жуккан соң алгачкы 24 сааттын ичинде антибиотиктерди албаса, 100% ыктымалдуулук менен көз жумат.
Кара тумоонун бул түрүнүн белгилери адатта 24 сааттын ичинде пайда болот, ал эми тумоонун бубон жана септикалык түрлөрүндө инкубациялык мезгил адатта бир нече күндү түзөт.
"Өзгөчө кооптуу инфекция"
Орусиянын бийлиги маалымдагандай, Иркутскидеги кара тумоого каршы институттун 28 жаштагы кызматкери 29-сентябрда оор пневмониянын белгилери менен ооруканага жаткырылган. Ал 2-октябрга караган түнү Шелехов ооруканасында көз жумган.
"Бейтап каза болгондон кийин дароо Шелехов ооруканасы карантинге жабылды", деп жазды "Люди Байкала" басылмасы ("чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген басылма). Кызматкер иштеген институтта да карантин режими киргизилген. Каза болгон бейтап менен байланышта болгондор обочолонуп, бир нече ооруканага жаткырылган. РЕН-ТВ телеканалы институттун 200гө жакын кызматкери жөнүндө сөз болуп жатканын кабарлаган, бирок телеканал ошол эле күнү бул маалыматты өчүрүп салды.
2-октябрда Орусиянын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Анна Попова Иркутскиге учуп келип, Иркутск облусунун башчысы Игорь Кобзев менен аймакта "өзгөчө кооптуу инфекция" жайылышы ыктымал деген шектенүүгө байланыштуу пландан тышкаркы жыйын өткөргөн.
ЖМКлар жана Телеграм-каналдар өз булактарына таянып, 25-сентябрда Дарья Шипилова иш жеринде кара тумоонун козгогучу сакталган идишти сындырып алганын жазышкан. Бирок расмий деңгээлде бул маалыматты бийлик тастыктаган жок. 4-октябрда Роспотребнадзор институтта иштеген эки комиссия "патогендик микроорганизмдер менен иштөөдө авариялык кырдаалдар аныкталган жок" деген тыянакка келгенин билдирди.
Расмий версияга ылайык, институттун каза болгон кызматкерине "этиологиясы белгисиз пневмония" деген диагноз коюлган. Роспотребнадзор "оорулуунун материалында анын кесиптик ишине байланышкан микроорганизмдер табылган жок" деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жергиликтүү бийликтин айрым билдирүүлөрү жана иш-аракеттери лаборанттын өлүмүнө өтө кооптуу инфекция себепчи болгонунан кабар берип жаткандай. Алсак, өткөн жумада Иркутск облусунун Байкальск шаарынын администрациясы Телеграм-каналында Шелехов шаарына барбоого чакырган билдирүү жарыялаган.
Шелехов районунун бийлиги буга чейин жергиликтүү оорукана карантинге жабылганын билдирген болчу. Көп өтпөй Иркутск облусунун башчысы Игорь Кобзев аймакта "өзгөчө кооптуу инфекцияга" чалдыккан учур катталды деген шек бар экенин билдирген.
Медиа каражаттарында "28 жаштагы лаборант Таиландда эс алып келген" деген маалыматтар пайда болду, башка медиалар кызматкер Бурятияга иш сапарына барганын айтышты.
Көп өтпөй Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов "кара тумоодон каза болгон аял" аймакка келбегенин жазды. Андан кийин ал постту түзөтүп, аны "кара тумоодон каза табышы мүмкүн аял" деп атаган.
Акыркы күндөрү бийлик "кооптуу инфекция" кара тумоонун өпкөдөн кармаган түрүнүн козгогучу экенин четке кагып келүүдө.
Мындан тышкары, Иркутскидеги кара тумоого каршы институту эки жумадан кийин – 21-22-октябрда аймактын борборунда КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык конференциясын өткөрүүнү пландаштырууда. Бул конференция "Аймакты кара тумоодон жана башка кооптуу жугуштуу оорулардан санитардык коргоонун заманбап көйгөйлөрү" деп аталат.
Би-Би-Синин колуна тийген келишимге ылайык, институт конференцияга 13 миллион рубль сарптоону пландап жатат. Бээжин, Улан-Батор, Минск, Баку, Ереван, Ташкент, Бишкек, Астана, Ашхабад жана Душанбе шаарларынан келчү коноктордун жол акысы, ошондой эле визага, медициналык камсыздандырууга кеткен чыгымдары төлөнүп, кытай тилинен котормо камсыздалат.
Конференция токтотулганы же жылдырылганы тууралуу маалымат азырынча чыга элек. Би-Би-Си маалымат сурап, конференциянын уюштуруучуларына кайрылды жана учурда жообун күтүүдө. (ZMa)





























