Эмне үчүн Казакстан өзүн Алтын Ордонун мураскери катары көрсөтүүгө умтулуп жатат?

Токаевдин жетекчилиги астында Казакстан Алтын Ордонун мураскорлугуна байланыштуу тарыхтын өз версиясын жигердүү түрдө сүрөй баштады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токаевдин жетекчилиги астында Казакстан Алтын Ордонун мураскорлугуна байланыштуу тарыхтын өз версиясын жигердүү түрдө сүрөй баштады
Published
Окуу убактысы: 6 мүнөт

Масштабы кеңири идеологиялык кайра куруунун алкагында президент Касым-Жомарт Токаевдин администрациясы Казакстанды эл аралык сахнада Алтын Ордонун мураскери катары таанытуу өнөктүгүн демилгеледи.

Мындай кадам менен 1991-жылы Орусиядан көз карандысыз болгон өлкө өз тарыхын өз алдынча жазып чыгып, чечмелөө укугун акыры ишке ашыра баштаганын билдирип жатат. Ошол эле учурда бул саясат "Орусия империясынын, андан кийин Советтер Союзунун курамына киргенге чейин казактар эч качан өз мамлекеттүүлүгүнө, ал тургай цивилизациясына да ээ болгон эмес" деп ырастап келген орус бийлигинин версиясын жокко чыгарууну көздөгөндөй таасир калтырууда.

Жаңы саясатты Казакстанды дүйнөлүк сахнада таасирдүү орто держава катары таанытууга багытталган Токаевдин күч-аракеттеринин бир бөлүгү катары да кароого болот.

Алтын Ордонун "түз мураскери"

Президент Токаев 2019-жылы бийликке келгенден кийин Астана Чыңгызхандын империясынын мураскер хандыгынын бири болгон Алтын Ордо (Жучу улусу) боюнча изилдөөлөрдү жигердүү колдой баштады.

2021-жылы Токаев Жучу улусун изилдөө институтун түзүү демилгесин көтөргөн. Президент ошондой эле Улытау облусунун борбордук бөлүгүндөгү Жучу хандын күмбөзүн калыбына келтирүүнү тапшырган.

Жакында жарык көргөн жана билим берүү системасындагы тарых боюнча окуу китептери үчүн негизги маалымат булагы болуп берүү максатын көздөгөн Казакстандын жети томдук тарыхында 1465-жылы негизделген биринчи Казак хандыгынын жол башчысы катары Алтын Ордонун тарыхы кеңири баяндалган.

Май айында Астанада Алтын Ордого арналган ири эл аралык илимий конференция өтүп, аны президент Токаев өзү ачкан эле.

Токаев өзүнүн кириш сөзүндө Алтын Ордо доорун Казакстандын тарыхынын "өтө маанилүү бөлүгү" – "цивилизациялык өнүгүү мезгили" деп атады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Токаев быйыл март айында кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, "Улуу талаанын жана анын миң жылдык тарыхынын жолун улоо – биздин ыйык милдетибиз" жана "өлкөбүз Алтын Ордонун тикелей мураскери болуп саналат" деп билдирди.

Токаев Жучу улусун "Батыш менен Чыгышты байланыштырган, ар кандай цивилизациялар менен мамлекеттердин өнүгүүсүнө жана калыптанышына олуттуу таасир тийгизген жана ири саясий системаны түзгөн империя" катары мүнөздөдү.

Президент ошондой эле Казакстан "бир кездеги кубаттуу талаа империяларын "жарым-жартылай мамлекеттер" деп атап, ал тургай көчмөн элдерди дүйнөлүк тарыхтын контекстине такыр кошпогон, жапайы, варвардык күч катары сүрөттөгөн эски догмалар менен стереотиптерди жигердүү түрдө кайра карап чыгууга бел байлаганын" белгиледи.

Токаев ошондой эле Борбордук Евразиянын интеллектуалдык өнүгүүсү, атап айтканда, "көчмөн дүйнөсүнүн күч-кубатына жана түрк-монгол мурасына" негизделгенин белгиледи.

Токаев Алтын Ордонун экономикасы көчмөндөрдүн жашоо калыбын, шаардык кол өнөрчүлүк салттарын жана Улуу Жибек жолунун түндүк бөлүгүн көзөмөлдөөнү айкалыштырганын, мунун натыйжасында "Улуу талаа коопсуз транзиттик коридорго айланганын" белгиледи.

Токаев өз сөзүндө Евразияны "дүйнөнүн ири цивилизациялык жана геосаясий борбору катары кызмат кылуу сыяктуу тарыхый вазыйпаны аткарган чөлкөм" катары көз карашын да баса белгилеп, Алтын Ордо "ар кыл маданияттарды жемиштүү гуманитардык жана саясий өнөктөштүктүн бирдиктүү системасына бириктире алганын" кошумчалады.

Крымдын аннексияланышы – бурулуш учур

"Жучу улусу" Илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Жаксылык Сабитовдун айтымында, эгемендик алгандан кийинки алгачкы жылдары экономикалык, социалдык жана саясий кырдаал туруксуз болгонуна байланыштуу Казакстандын өкмөтү улуттук аң-сезимди ойготууга түрткү берчү идеологияны сүрөөдөн карманып келген.

"Ошондуктан, өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тушунда тарыхчылар болгон назарын 1465-жылдан кийинки Казак хандыктарына гана бурушкан", - деди Сабитов июлда "Азаттык" радиосунун "Азаттык Азия" кызматына берген маегинде.

Сабитов Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялап алышы бурулуш учур болгонун белгиледи.

"Крым аннексиялангандан кийин Казакстандын саясий элитасы казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы 1991-жылы башталды деп эсептөө туура эмес чечим болгонун түшүндү", - деди Сабитов.

"Биз Алтын Ордого көбүрөөк көңүл бура баштадык. Себеби, Алтын Ордо Казак хандыгына чейин эле болгон жана ансыз Казак хандыгынын тарыхын түшүнүү мүмкүн эмес", - деди ал.

Казакстандын Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун директорунун орун басары Жомарт Жеңис "евроцентристтик" парадигмалар көп жылдар бою үстөмдүк кылып келгенден кийин Казакстан эми өзүнүн "чыныгы идеологиялык багытын" өз алдынча аныктай аларын билдирди.

Жеңис "Кечки Астана" мамлекеттик гезитинин сайтына чыккан макаласында бул жаңы багыт "тарыхый фактыларга жана улуттук баалуулуктарга негизделгенин, өлкөнүн чөлкөмдөгү держава катары макамын чагылдырарын, ошондой эле эл менен бийликти бириктирүү жана улуттук духту көтөрүү дараметине ээ экенин" белгилейт.

Президент Токаев Улытау облусунун борбордук бөлүгүндөгү Жучу хандын күмбөзүн калыбына келтирүүнү тапшырды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Токаев Улытау облусунун борбордук бөлүгүндөгү Жучу хандын күмбөзүн калыбына келтирүүнү тапшырды

"Бул жерде сыймыктанчу эч нерсе жок"

Астана Казакстандын тарыхый тамыры Алтын Ордого – советтик тарыхчылар негизинен орус элинин "татар-моңгол эзүүсү" астындагы азабы аркылуу гана сүрөттөп келген мамлекеттик түзүлүшкө барып такалган өлкө катары көрсөтүү аракеттери Орусияда терс реакцияны жаратарын баамдап турат.

Май айындагы сөзүндө Токаев элдер менен мамлекеттердин ортосундагы жакшы мамилелерди "бузуп албоо" үчүн Алтын Ордонун "татаал жана көп кырдуу" тарыхына "бир өңчөй мамиле" жасоодон алыс болууга чакырып, "толугу менен калыс жана саясий жактан бейтарап" илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө үндөгөн.

Бирок, июнь айында орусиялык Vpoanalytics.com сайтында жарыяланган көлөмдүү макалада белгилүү улутчул серепчи Никита Мендкович Казакстандын Алтын Ордого "суктануусун жана таазим кылуусун" кескин сынга алды.

Мендкович "моңгол бийлиги" ошол доордогу Евразиянын шаардык цивилизациясын талкалаганын, ал эми шаарларды куруу жана өнөр жайды өнүктүрүү иштери "болгону XIX кылымда Орус империясы келгенден кийин гана" жанданганын ырастайт.

Серепчи ошондой эле моңголдордун тушунда казактар "же тагыраагы, алардын түрк тилдүү ата-бабалары" "геноцидге" кабылып, "социалдык сүргүндө" калганын, ал эми алардын "маданий кайра жаралуусу" жана өнүгүүсү Орусиянын курамына киргенден кийин башталганын белгиледи.

"Ордонун идеологиясы зордук-зомбулукка жана агрессияга негизделген, бул алар үчүн айлана-чөйрө менен өз ара мамиле түзүүнүн жалгыз жолу болгон.... Азыркы Казакстандын мындан мураска алчу да, сыймыктанчу да эч нерсеси жок", - деп кошумчалады ал.

Орусияда айрымдар Казакстандын Алтын Ордо менен байланышын калыбына келтирип жатканын буга чейин Ордонун курамына кирген жана түпкү калкы этностук жактан түрк-моңголдорго жакын болгон Орусиянын аймагынын олуттуу бөлүгүнө кыйыр доомат катары баалашууда.

2024-жылы Ritmeurasia.ru сайтына чыккан макалада эгерде Казакстандын бул саясатына жетиштүү маани берилбесе, "бир күнү түштүк чек арабызда дагы бир "Орусияга каршы" мамлекет кантип пайда болду деп таң калып отуруп калышыбыз ыктымал", - деп белгиленет.

"Украинада да ушинтип тарыхты кайра жазуу жана өз тилин "коргоо" менен башталып, мунун аягы орустарга каршы душмандык мамиле менен бүткөнүн эске салуу зарыл", - деп айтылат макалада.

Казакстандын тарыхындагы "эң кызыктуу мезгил"

Ошол эле учурда Украинанын Келечек институтунун жетекчиси Анатолий Амелин Астананын "өз тарыхый баянын кайра баамдоосу" стратегиялык мааниге ээ экенин билдирди.

Амелин май айында жарыяланган макаласында бул процесс Казакстандын тарыхынын тамыры XIII кылымга барып такаларын жана ал "Советтер Союзунун кулашы менен башталбаганын" ырастай турганын жазды.

Амелин Nv.ua сайтына чыккан макаласында белгилегендей, бул ошондой эле Алтын Ордону "моюнтук" катары караган Москванын чечмелөөсүн жокко чыгарууга, ал эми Казакстанга советтик жана Орусияга багыт алган "цивилизациялык мейкиндиктен" алыстоого жана [Орусиянын] геосаясий таасирине каршы турууга мүмкүндүк берет.

Амелин ошондой эле Жучу улусуна карата жаңыча мамиле Казакстандын ичинде элди бириктирүүчү маанилүү факторго айланышы мүмкүн экенин белгиледи.

Татарстан Республикасынын (Орусия) тарыхчысы Марат Гатин да Казакстандын өз тарыхына карата жаңы мамилесин оң баалап, муну улуттук өзгөчөлүктү жана аң-сезимди бекемдөө аракеттерине тикелей байланыштырды.

Гатин июлда маалымат каражаттарына берген маегинде Жучу улусунун доорун "балким, Казакстан тарыхынын эң кызыктуу бөлүгү" деп атаган.

"Казактарды Алтын Ордо менен тикелей байланыштырууга болот – жалпысынан алганда, бул биздин орток татар-казак тарыхыбыз", - деди ал.

Анткен менен өзбекстандык саясий эксперт Бахтиёр Алимжанов Казакстандын өзүн өткөнчактагы улуу империя менен байланыштыруу аракетинин терс жагы да бар экенин эскертти.

Эксперт Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун тушунда Тамерландын образынын айланасында курулган улуттук идеологияны сүрөөгө багытталган "империялык" саясаты аймактык интеграцияга тоскоол болгонун эске салды.

"Эми Казакстан да ошол эле ооруга чалдыкты. Албетте, Казакстандын өзүн Алтын Ордонун мураскери жана жол улоочусу катары тааныта баштаган саясаты чөлкөмдө чыңалууну жаратышы мүмкүн", - деп билдирди ал июль айында "Азаттык Азияга" берген маегинде.

Казакстан “Алтын Ордонун артефакттарын” талаа цивилизациясынын үлгүсү катары таанытууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан "Алтын Ордонун артефакттарын" талаа цивилизациясынын үлгүсү катары таанытууда

Бул процессти "артка кайтарууга" болбойт

Токаевдин администрациясынын Алтын Ордого карата саясаты жалпысынан жергиликтүү серепчилердин арасында кыйла кеңири колдоо тапты.

Exclusive.kz жеке аналитикалык сайтынын серепчиси Марлен Зиманов: "Казактар менен Алтын Ордонун ортосундагы байланышты тануу – бул европалыктар менен Байыркы Грециянын же Римдин ортосундагы байланышты танууга барабар", - деп билдирди.

"Казак хандыгы жөн жерден эле пайда болгон эмес да", - деп жазды ал июнда жарыяланган макаласында. "Казак хандары Алтын Ордонун башында турган ошол эле Чыңгызхандын династиясынын урпактары болушкан".

Ал ошондой эле "казак уруулары Алтын Ордо бириктирген, Иртыштан тартып Дунайга чейинки аймакта жашаган ондогон уруулар менен элдерден турган Улуу талаанын байыркы тургундарынын түздөн-түз генетикалык урпактары" экенин белгиледи.

Казакстандын өз өтмүшүн кайра карап чыга баштаганына байланыштуу Орусиянын сын сөздөрүнө жооп кайтарып, казакстандык саясат таануучу Асхат Дүкенбаев Exclusive.kz сайтына макала жазды. Дукенбаев "тарыхтын айланасындагы талаш-тартыштар бир эл экинчи элдин өтмүшүн өз алдынча чечмелөө укугун тааныбаганда келип чыгат. Айрыкча, эгерде ошол талашып жаткан эл тарыхый маалыматтардын жалгыз булагы болуу артыкчылыгын сактап калууга умтулган мурдагы империя болсо, мына ушундай кырдаал жаралат", - деди.

Дукенбаев "Алтын Ордонун мурасын кайра карап чыгуу жана кайра баамдоо процесси чөлкөмдүн тарыхый чындыгынын бир бөлүгү болуп калды жана бул процессти тыштан чечмелөө менен артка кайтарууга же ага "бөгөт коюуга" болбойт". (ZMa)