Европанын жаңы супер лигасы: футбол дүйнөсүндөгү талаш

Published

Англиянын алдыңкы командалары жаңы түзүлүп жаткан Европанын супер лигасына (European Super League, ESL) катышууга ынтызар экенин билдиришти.

"Арсенал", "Челси", "Ливерпуль", "Манчестер Сити", "Манчестер Юнайтед" жана "Тоттенхэм" жаңы түзүлгөн лигага катышууга макул болгон Европанын 12 эң чоң клубдардын бири. Англиянын командаларына "Милан", "Атлетико Мадрид", "Барселона", "Интер Милан", "Ювентус" жана "Реал Мадрид" командалары кошулган.

ESL лигасы аптанын ортосунда ойнотулат жана командалардын "жергиликтүү лигаларына эч тоскоолдук жаратпайт" деп белгиленет. Андан тышкары ESL лигасынын аялдар командалары дагы түзүлөт.

Бирок бул кадамга Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, УЕФА жана Премьер-лига каршы чыгып жатат. Ал эми Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) мындай мелдешти тааныбай, ага катышкан футболчулар Дүйнөлүк кубокто өз өлкөсүнүн атынан чыга албай калат деп эскертти.

Серепчилер болсо, бул кадамды Европанын чоң клубдарынын "ач көздүгү" катары мүнөздөп, ага катышам деген командалардан жергиликтүү лигадагы упайын алып салууну сунуш кылды.

Европанын Франция жана Германиядагы алдыңкы командалары жаңы лига түзүү идеясын жактырган жок. Франциянын президенти Макрон, жергиликтүү клубдар буга каршы чыкканын кубаттады. Англия клубдарынын күйөрмандар бирикмелери дагы бул кадамды сындашты.

"Жаңы лиганы түзүп жаткан клубдар УЕФА жана ФИФА менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кызматташууну сунуш кылат. Бул жаңы лиганы түзүү жалпы футболдун өнүгүүсүнө салым кошот",-деп айтылат ESL тараткан билдирүүдө.

Жаңы лиганы түзүү боюнча сөздөр өткөн жылы октябрь айында башталган. Анда таанымал банк JP Morgan Чемпиондор лигасынын ордуна 6,4 миллиард долларга тете лига түзүү жөнүндө сөз кылган. Бул кадам УЕФАнын Чемпиондор лигасына 36 команданы кошуу реформаларына жооп болуп калды.

Жаңы лиганы түзүүнү сунуштаган 12 команда УЕФАнын реформалары жетишсиз экенин айтышууда. Европанын эң чоң командалары глобалдык пандемия азыркы "футбол экономикасынын үлгүсүн" жараксыз кылып, реформаларды тездетүүгө түрткөнүн белгилешти.

Жаңы лигага 20 команда кирет. Лиганы негиздеген 12 командадан тышкары, атын атагысы келбеген үч клуб жана жыл сайын жергиликтүү лигада алдыңкы саптарга чыккан беш команда кирет.

Лиганын сезону август айында башталып, беттештер жуманын ортосунда өтмөкчү. 20 команда эки тайпага бөлүнүп, бири-бири менен эки жолу (үйүндө жана конокто) беттешет. Эки тайпадан алдыңкы үч команда кийинки баскычка өтүп, Чемпиондор лигасынын азыркы эрежеси менен финалга чейин күрөшөт.