Лионель Месси "Барселона" үчүн эң көп ойногон рекордсмен

Published

Месси «Барселонада» өсүп машыккан оюнчу жана 2004-жылдан бери бул клубга ойноп келатат. Андан бери ал 661 гол киргизип, Барселонага Испаниянын чемпионатында он жолу, өлкөнүн суперкубогунда сегиз жолу, Испаниянын кубогунда алты жолу жеңишти алып берди. Ал ошондой эле эң мыкты оюнчуга бериле турган "Алтын топ" сыйлыгынын алты жолку лауреаты.

Лионель Месси жекшембиде оюн талаасына чыгары менен тарыхта аты калды. Отуз үч жаштагы оюнчу Барселона үчүн жети жүз алтымыш сегизинчи жолу оюнга чыгып, мурунку капитан Хавин койгон рекордду жаңыртты.

Оюн учурунда да ал өзүнүн талантын көрсөтө алды. Экинчи таймда эки жолу киргизип, үчүнчүсүнө да жол ачып, каталондуктарды баск атаандаштарынын үстүнөн жеңишке алып келди.

13 жашынан «Барселона» менен контрактыга кол койгон Месси азыркы учурда оюндун, голдордун жана жеңиш менен байгелердин саны боюнча рекордсмен болуп саналат. Анын атактуу клубдагы жогорку көрсөткүчтөрүн эч ким эч качан кайталай албашы мүмкүн. (КС)