Н.Изабеков: Балбан кыздарыма сунуштар түшүүдө, Кыргызстандын гана намысын талашабыз

Published

Сербиянын Белград шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандыктар эки алтын, бир коло байге утуп алды.

62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова, ал эми 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болуп, алтын медалды тагынды. 76 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы коло медалды жеңди.

Дүйнө биринчилигинде ийгилик жараткан кыздардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Би-Би-Сиге маек курду.

Н.Изабеков: Азыр абдан кубанып турабыз. Кыздар чоң сыноодон кийин эс алууда. Бул абдан чоң мелдеш. Бирок мунун баары биз үчүн олимпиадага чейинки даярдык, тажрыйыба деп баалайбыз. Кыздар мени эле эмес, элдин баарын кубанычка бөлөгөнүн сезип турам.

Би-Би-Си: Сиз төрт балбан кыз алып бардыңыз. Алардын экөө алтын, бири коло медалын утуп алды, дагы бири татыктуу таймаш көрсөттү. Бул ийгиликти күрөш сүйүүчүлөрү менен атаандаштар кандай кабыл алды?

Н.Изабеков: Албетте, абдан таң калуу, суктануу менен карап жатышат. Айсулууну алгач ирет чоң мелдештерге алып чыга баштагандан тарта алар биздин ар бир аракетибизге, өзгөрүүбүзгө көз салып келди десем жаңылышпайм. Келип, бизди куттукташып, ар кандай машыгуу, сынактарга биринин артынан бири чакырууларын берип, биздеги артыкчылыктарды үйрөнүүгө абдан ынтызар болуп жатышат.

Би-Би-Си: Сиздин, Айсулуунун көздөгөнү 2021-жылы өтөт деп күтүлүп жаткан олимпиада экени талашсыз...

Н.Изабеков: Ооба, абдан күтүп жатабыз Алтынга жетсек деген баардык аракетибизди жумшап жаткан учурубуз. Кудай буюрса олимпиаданын жыйынтыктыгына карап, андан аркы келечегибизди ого бетер жакшыртканга күчтү аябайбыз. Азыр Айсулуу 27 жашта. Күрөштө бул курак баардык жагынан толуп, кайнап турган учур десек болот. Буюрса үмүтүбүз абдан чоң.

Би-Би-Си: Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшү жаңыдан өнүгүп баштаганда сиз бул багытта ишти колго алдыңыз эле. Ошол учурда сиз эркек балдарды эле машыктырып, кыздарга көңүл бурбай койсоңуз эмне болмок?

Н.Изабеков: Ооба, мен машыктыруучулук тажрыйбам бар эле. Жаштар курамасын да машыктырып келгем. Ошондой күндөрдүн биринде мага ушундай сунуш менен кайрылышканда, терең ойлонуп ушул чечимди кабыл алдым. Мына андан бери он жылдын жүзү болуптур. Жыйынтыгын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Азыр балбан кыздарыбызды көрүп, алардын аркасынан канчалаган сиңдилери күрөш дүйнөсүнө, эрктүүлүккө, сергек жашоо образына, бийик максаттарга кол сунуп жатканын айтпасак да түшүнүктүү.

Би-Би-Си: Балбан кыздардын дүйнөнү дүңгүрөткөн жеңиштери Кыргызстанда окуучу кыз зордукталды, кайсы бир жерде келинди көк ала койдой жанчыптыр, аялдар зомбулукка кабылды деген талкууларга туш келди. Кыздардын дараметин, күч-кубатын чындап билген адам катары эмне дейт элеңиз?

Н.Изабеков: Албетте, жогоруда айтылгандар абдан кыжырданта турган, өтө терс көрүнүштөр. Мындай болбошу керек. Мен муну арсыз, намыссыз, өзүнө ишенбеген эркек гана жасай турган иш деп билем. Биз аялзатына кандай мамиле кылсак, аялзатынан ошону көрөбүз. Бапестеп сыйлап мамиле кылсак алар гүлдөй ачылат, кулпурат. Антпей, аларды кагып-силкип, күч колдонуп туруп аялдан эмнени күтүүгө болот? Андыктан биз күчтүүбүз десек, сыйлап, кемчилиги болсо өтүнүч менен түздөп, өзүбүз дагы түздөлүүбүз керек. Кайсыл үйдө аял кор болсо, ошол үйдүн эркеги начар деген жөн эле сөз эмес. Үйдүн куту ынтымак, тынчтыкта да.

Би-Би-Си: Мындай чоң ийгиликтерден соң күч-кубаттуу, бакубат өлкөлөр мыкты айлык, ойдогудай шартты, чоң кирешени убада кылып өздөрүнө чакырат эмеспи. Сиздерге да келип жатышса керек?

Нурбек Изабеков: Андай сунуштарды абдан эле көп алдык. Азыр да болуп жатат. Мына Орусиянын канча спортчулары башка күчтүү мамлекттердин атынан чыгып, алардын желегин көтөрүп жатат. Өзгөчө кавказ тектүү балбандардын башка мамлекеттердин атынан чыгып жатышы буга мисал. Укмуш шарттар менен чакырганына карабай биз эч кимдин сунушун кабыл алган жокпуз жана албайбыз. Бизге чоң акча, жакшы шарттардан дагы маанилүү Кыргызстан, намыс деген бийик сезимдер бар. Биз ошондуктан өз өлкөбүздүн гана күрөшчүлөрү болобуз.