Кривой Рогдогу соода борборуна Орусия сокку урду: Ондон ашуун адам набыт болду

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Орусиянын Кривой Рогдогу эң ири соода борборуна жасаган соккусунан 16 адам каза болуп, 130 адам жаракат алды. Жаракат алгандардын арасында оор абалдагы балдар бар. Орусиянын Коргоо министрлиги Кривой Рогдогу сокку боюнча азырынча комментарий бере элек.

Жума күнү кечинде Днепропетровск облусунун администрациясынын башчысы Александр Ганжа куткаруучулар урандылардын алдынан дагы бир аялдын сөөгүн алып чыгышканын билдирди.

Буга чейин Кривой Рогдун Коргоо кеңешинин төрагасы Александр Вилкул 15 адам каза болгонун, алардын экөө ооруканада көз жумганын жазган.

Вилкулдун айтымында, жабыркагандардын саны 130 адамга жетти.

"Алардын 29нун абалы оор, арасында 5 бала бар. Учурда операция бөлмөсүндө 8 бейтап жатат, алардын бири бала. 14 жашар кыз Днепр шаарына жеткирилди",- деп жазды Вилкул.

"Арасында дайынсыз болуп жаткан адамдар да бар",- деп кошумчалады ал.

"Азыр Кривой Рогдогу соода борборуна жасалган соккудан кийин куткаруу операциясы жүрүп жатат. Зарыл болгон баардык аракеттер өрүлүүдө. Тилекке каршы, көптөгөн адамдар жабыркады. Бир нече орусиялык дрон сокку урду. Максаттуу, ырайымсыз сокку болду. Биринин артынан бири келди",- деп жазды Украинанын президенти Володимир Зеленский социалдык тармактарга.

Орусиялык аскерлер Кривой Рогдогу соода борборуна жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 16:30да сокку урган.

"Сокку уруучу дрондор эки толкун менен чабуул жасады. Биринчи соккудан жана өрттөн жарым саат өткөндөн кийин, экинчи сокку куткаруу кызматтарына багытталды",- деп жазды Украинанын президенти Володимир Зеленский социалдык тармактарга.

Александр Вилкул экинчи сокку реактивдүү дрондор менен жасалганын жазды.

Соода комплексинин кызматкери Валерия "Суспiльне" коомдук телерадиоберүүсүнө билдиргендей, сокку болгон учурда соода борборунда адамдар абдан көп болгон.

"Комплексте адамдар көп болчу. Баары кыйкырып, ары-бери ачып жатышты, көптөр жаракат алды. Мен кесиптештерим менен дароо башка, модулдук баш калкалоочу жайга чуркадык. Дароо сыртка чыкканга аракет кылдым. Жер-суунун баары кан болуп жатканын көрдүм",- деп айтып берди Валерия.

"Шаардын эң ири соода-көңүл ачуу борборлорунун бирине сокку урулгандан кийин полиция кызматкерлери жана куткаруучулар келгендерди эвакуациялап, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, өрттү өчүрө баштаган. Ошол учурда орусиялыктар кайрадан сокку урду. Бактыга жараша, карапайым жарандардын жана биздин кызматкерлердин көпчүлүгү коопсуз жерге чыгып кетүүгө үлгүрүштү",- деп жазды Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы социалдык тармактарга.

Кечинде талкаланган соода борборунда издөө-куткаруу иштери улантылды.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегиздер чамасында соода борборунун болжол менен үчтөн бир бөлүгүн өрт каптаганын жана жаңы сокку коркунучу өрттү өчүрүү иштерин татаалдаштырып жатканын билдирди.

"Дніпро Обласний" Telegram-каналы Кривой Рогдогу жергиликтүү куткаруучуларга жардам берүү үчүн Харьков, Запорожье, Кировоград жана Донецк облустарынан куткаруучулар жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Кривой Рогдогу сокку боюнча азырынча комментарий бере элек.