You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытай кыргызстандыктар үчүн виза режимин жеңилдетти. Бирок бир шарты бар
20-авгуcттан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайга кирүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Эми Кыргызстандыктар Кытайдын 24 провинциясында 10 күнгө чейин, Хайнань аралы жана Хайнань провинциясында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кыргызстан Кытайдын кыргызстандык жарандар үчүн виза режимин жеңилдетүү чечимин кубаттаганын билдирип, Кытай визасыз режимди бир тараптуу киргизип жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, Кытай жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүдө мурдагыдай эле виза талап кылынат.
"Мамлекеттер өз өлкөсүнө чет мамлекет жарандарынын визасыз жүрүүсүнө уруксат берерден мурда ал өлкөнү ар тараптан талдап чыгат.
Кытай тарап бул чечимди кабыл алууда эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин, реформалардын жыйынтыктарын, Кыргызстандагы коопсуздукту жана коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылууну, экономикалык өсүштү, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо процессине толук көзөмөлдүн орнотулгандыгын эске алды деп ойлойбуз.
Бул чара соода жана туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт деп ишенем", - деп айтылат Абдумуталиптин билдирүүсүндө.
Жаңы эрежелер
Визалык жеңилдетүүлөр транзиттик сапарларга гана тиешелүү. Жарандар Кытайга визасыз киргенден кийин кайра Кыргызстанга түз кайтпастан, үчүнчү өлкөгө чыгып кетиши керек. Мисалы, Бишкектен Бээжинге учуп барган кыргызстандыктар кайра Бишкекке түз кете алышпайт, бирок Алматы аркылуу Бишкекке келүүгө болот.
Муну менен бирге Кытайга атайын белгиленген 24 провинциядагы 65 өткөрмө пункттары аркылуу гана визасыз кирүүгө мүмкүн, алардын катарында Бээжин, Гуанчжоу жана Шэньчжэнь шаарларындагы аэропорттор бар. Ошондой эле колдо үчүнчү өлкөгө барууга билет болушу шарт.
Демек, Үрүмчү, Кашкар, кыргыздар жашаган Кызыл-Сууга же Тибетке баруу үчүн визаны мурдагыдай эле алдын ала алуу керек, анткени Шинжаң-Уйгур жана Тибет автономиялык райондор уруксат берилген аймактардын тизмесинде жок. Буга кошумча Кытайга автожол аркылуу да кирүүгө болбойт - кыргыз жарандарын виза жок киргизе турган өткөрмө пункттары аба майдандарда жана деңиз порттордо жайгашкан.
Саякаттоону жакшы көргөндөргө дагы бир жакшы жаңылык — туристтер арасында популярдуу болгон Хайнань аралы жана Хайнань провинциясында эми 30 күнгө чейин визасыз жүрүүгө болот.
Бул визасыз режимдердин алкагында туризм жана бизнес максатында, туугандарды зыярат кылуу же башка жеке сапарлар менен барууга уруксат берилген.
Жаңы эрежелер окуу, жумуш жана журналисттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жайылтылбайт.
Башка өлкөлөрдө эрежелер кандай?
Орусияда, коңшу Өзбекстан жана Казакстанда Кытай менен толук кандуу визасыз режими иштейт. Ал эми Кыргызстан 2024-жылы Кытайдан келген 5-25 адамдан турган уюшулган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизген. Кытайлык туристтер өлкөдө 21 күнгө чейин жүрө алышат.
Ушул жылдын март айында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстан Кытай менен толук кандуу визасыз режимге эки тараптан бирдей киргизилген учурда гана макул болорун, бирок кытай тарап аны биринчи болуп кыргыз тарап киргизишин талап кылып жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.
"Казакстан, Өзбекстан, Орусия Кытай менен эки тараптуу визасыз режимдерди киргизген болчу. Бүгүнкү күндө ушундай эле маселе боюнча сүйлөшүп келе жатабыз. Бирок биз тең шарттарда, бир убакытта Кытай да, биз да визасыз режим киргизишибиз керек деген сунушту берип жатабыз. Бирок алар биринчи кытай жарандарына визасыз режим киргизгиле деген талап коюшту. Биз ага макул эмеспиз. Ошондуктан сүйлөшүүлөр созулуп жатат", - деди Алмаз Имангазиев.
Кийинчерээк Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин маалымат жыйынында Имангазиевдин сөздөрүн төгүндөгөн. Анын айтымында, кытай тараптан эч ким, эч качан кыргыз бийлигинен визасыз режимди биринчи болуп киргизүүнү талап кылган эмес.
"Учурда эки өлкөнүн ТИМ деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Баарыбызды канааттандыра турган чечимге келебиз деп ишенем", - деди ал.
Лю ошондой эле алгач Казакстан менен Өзбекстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизгенин, андан кийин гана КЭР аталган өлкөлөр менен өз ара визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууларга кол койгонун түшүндүргөн.