You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жол-жоболору бекитилди
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана анын жыйынтыктарын чыгаруу тартибин бекитти.
БШКнын №83 токтомуна ылайык, документ добуш берүү күнү өзүнүн шайлоо участогунан тышкары жерде болгон жарандардын, анын ичинде өлкө сыртында жашаган же убактылуу жүргөн жарандардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Аралыктан добуш берүү үчүн жаран биометрикалык каттоодон өтүп, Кыргызстанда катталышы керек. Аралыктан өлкө аймагындагы бардык шайлоо участкаларында, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо тилкелеринде, БШК чечими менен түзүлгөн аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкаларында добуш бере алат.
Чет өлкөлөрдө аралыктан добуш берүү онлайн-идентификациядан өтүү аркылуу жүргүзүлөт. Андан кийин тиешелүү шайлоо бюллетени аралыктан добуш берүү үчүн түзүлгөн шайлоо участогунда басып чыгарылат.
БШКнын маалыматына ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү керек. Бул маселе парламенттин кароосуна сентябрь айында киргизилет.
Буга чейин президент Садыр Жапаров MediaHub платформасына берген маегинде 2027-жылдагы президенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Азырынча анын атаандаштары ким болору белгисиз.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген. Ошол эле жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, Кыргызстандын президенти болуп шайланган.