"Google салыгы": Pinduoduo менен Alibaba салык төлөбөсө эмне болот?

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын Салык кызматы жергиликтүү элдин эсебинен миллиарддаган сом киреше таап жаткан маалыматтык технологиялар компаниялардын салык төлөшүн талап кылып жатат. Болбосо, мындай IT компаниялардын өлкө аймашындагы электрондук сервистерине чектөө коюлары эскертилди.

Салык кызматы коммерциялык банкттар менен бирдикте 2024-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда каттоодон өтпөгөн он бир компаниянын акчалай жүгүртүүлөрүн анализдеп көргөн. Анын жыйынтыгында, Кыргызстандын жарандары жана уюмдары чет элдик ал компанияларга 15,9 миллион төлөм жүргүзгөнү аныкталган. Бардык которууларды эсептегенде 13,2 миллиард сом акча сыртка которулган.

Кайсы компанияларга кыргыз жарандары эң көп акча которгон?

Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. (Pinduoduo) — 8,89 миллиард сом;

Alibaba Group Holding Limited (1688) — 2,83 миллиард сом;

Microsoft Corporation — 1,01 миллиард сом.

Салык төлөбөй эле өлкөдө киреше таап жаткан компанияларга Twitch Interactive, Inc., Valve Corporation, Sony Interactive Entertainment LLC, Epic Games Inc., Electronic Arts Inc., VK Company Limited, Telegram FZ-LLC жана Dropbox Inc. кирди.

Кыргыз өкмөтү эми алар "гуугл салыгын" төлөбөсө өлкө аймагында ишмердигин бууганы жатат.

"Эгерде биздин талаптарды эч канда аткарбай, баш ийбесе ал компанияларга бардык укуктук чараларды колдонобуз. Эл аралык мыйзамдардын негизинде да укуктук чараларды колдонобуз. Эч болбой баратса ал платформалардын Кыргызстандын аймагында иштөөсүнө бөгөт коюлат же болбосо банк аркылуу акча которууларына чектөө коюлат", - дейт Кыргызстандын Салык кызматынын өкүлү Тынарбек Кошматов.

Салык кызматы ушундай эле эскертүүлөрдүн натыйжасында былтыр салыктык каттоого турган чет элдик компаниялардан миллиондор мамлекеттик казынага түшө баштаганын мисал келтирет.

"Салыктык каттоого туруп, сервистик кызмат көрсөткөн айти-компаниялар салыктарын төлөп иштеп жатышат. Мисалы, Google, Apple компаниялары, Temu да. Temu соңку бир жылда 500 миллион сом салык төлөдү. Акыркы 4-5 айда эле 273 миллион сом төлөгөн", -дейт Кошматов.

Катардагы жарандар арзан баада соода кылууга кызыккан менен кыргыз өкмөтү өлкө казынасын кыйгап өткөн электрондук маркетплейстерге, интернет-компанияларга катуу эскертүү берип жатат.

Ысык-Көлдүк тургун Чолпон жогоруда аты аталган Pinduoduo тиркемесинин активдүү колдоонучусу. Ал кытайлык компания өлкө аймагында жеткиликсиз болуп калса кандай болот деп кабатыр:

"Мен Pinduoduo аркылуу өзүмө, балдарыма жана үйгө тийиштүү буюмдарды сатып алам. Мисалы, оюнчук, киймдерди ошол жактап такай сатып алып турам. Кытайдан алдырган бизге салыштырмалуу алда канча арзан болот. Биз эми региондо жашайбыз да. Ал жакка 15 күн аралыгында буйрутмаларыбыз келип калат. Атайын Карго бар, ошол жактан барып буйрутмаларыбызды алабыз. Мен гана эмес, кошуналарым,. Эгер Pinduoduo жаап салсак, мынчалык жеңил, арзан баада Кыргызстандан сатып ала албайбыз деген ойдомун. Мисалы, биз ошол эле оюнчукту бизден 500 сомго сатып алсак, ал жактан 80 сомго эле алабыз".

Катардагы жарандар арзан баада соода кылууга кызыккан менен кыргыз өкмөтү өлкө казынасын кыйгап өткөн электрондук маркетплейстерге, интернет-компанияларга катуу эскертүү берип жатат.

"Google салыгы" деген эмне?

Кыргызстанда сырттан жергиликтүү рынокко кирген интернет компанияларды мыйзамдык жөнгө салуу 2022-жылдан тарта тажрыйбаланып келет. Санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана контентти кыргыз жарандарына сунуштаганы үчүн алар 12% кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

Мисалы, кыргызстандык адам чет өлкөлүк онлайн-сервистин кызматын сатып алса, ошол кызматка байланыштуу салыкты Кыргызстанда төлөө механизми бар. Ошондуктан мындай компаниялар Кыргызстандын салык органдарына катталып, тиешелүү салыкты төлөшү керек.

Кыргызстанда, 2022-жылы эле Yandex Go, Megogo жана Xsolla сыяктуу үч компания биринчи болуп катталып, биринчилерден болуп мындай салык төлөй баштаган.

2023-жылы мындай салыкты 57 чет өлкөлүк компания төлөп жатканы кабарланган. Алардын арасында Google, Meta, Amazon, Netflix, Adobe жана башкалар болгон. Ошол жылы бюджетке 438,1 млн сом түшкөнүн буга чейин Салык кызматы билдирген.

2024-жылдын январь–ноябрь айларында гуугл салыгынан 705,5 миллион сомго жакын киреше түшкөн.