Африканы чегиртке каптады. Фото

Published

Африканын чыгыш тарабын жана Түштүк Азияны жүз миллиарддаган чегирткелер каптады. Бул чейрек кылымдан берки эң олуттуу көйгөй катары каралууда. Чегиртке каптаган аймактарда айыл чарбасы коркунуч алдында калды.

A man holds a stick to fend off a swarm of desert locusts
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кенияда дыйкандардын бири айдоо жерин чегирткелерден коргоп калууга аракет кылууда
Samburu men attempt to repel locusts

Чегирткелер күнүнө өзүнүн салмагына барабар азык жейт жана өтө тез көбөйөт. Айрым эксперттер Африканын чыгыш тарабын жана Түштүк Азияны каптаган чегирткелер июнь айына чейин төрт жүз эсеге көбөйөт деп жоромолдошууда.

Newly-hatched desert locusts are seen on a tree with people looking on
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чегирткелер өтө тез көбөйөт

Январь айында Бириккен улуттар уюму чегирткеге байланыштуу кризис менен күрөшүү үчүн 76 миллион доллар каражат керек экенин жарыялаган. Эми кризичти жайгаруу үчүн 138 миллион доллар зарыл экени белгиленүүдө.

A man walks by locusts on the ground

Бирок азырынча 52 миллион доллар гана чогулду. Анын 10 миллион долларын Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин фонду которду.

Soldiers spray trees with insecticides
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уганда чегиртке кризиси менен күрөшүү үчүн армияны тартты

Чегирткелер негизинен Африканын чыгыш тарабы, Йемен, Иран, Пакистан жана Индияга коркунуч жаратууда.

Two stalks of sorghum seeds
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сол тарапта чегиртке жеп кеткен өсүмдүктү оң тараптагы өсүмдүк менен салыштырыңыз
Presentational white space
Swarms of locusts feed on shea trees

Чегирткелер Конго, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Иранга чейин жетти.

A soldier sprays plants with insecticides

Чегирткелерди жок кылуу үчүн учактардан химиялык зат чачылганы менен, азырынча андан майнап жок.

A woman holds a plastic bottle filled with locusts
Presentational white space
A hand holds a desert locust

Кытайдын өкмөтү февраль айында коңшу Пакистанга эксперттерин жөнөткөнүн жарыялаган. Алар чегиртке менен күрөшүү жолдорун сунуштамакчы.

A man runs through a desert locust swarm

Ошондой эле чегирткелердин санын кыскартуу үчүн 100 миңге чукул өрдөк керек экени дагы кабарланган. Окумуштуу Лу Лижинин айтымында, тооктор күнүнө 70 чегиртке жей алса, өрдөктөр андан үч эсе көп сандагы чегирткени жей алат.

Locusts swarm across a highway
A local tour guide holds a handful of dead desert locusts
A desert locust swarm flies over a bush

.