Норвегиядагы НАТОнун масштабдуу машыгуусу. Сүрөт.

Published

Кансыз согуш жылдарынан бери биринчи жолу НАТО масштабдуу аскердик машыгуу өткөрүүдө. Норвегияда өткөн машыгууга 31 өлкөдөн 45 миң аскер кызматкери тартылган.

Машыгуунун негизги бөлүгү Тронхейм шаарынан алыс эмес жердеги аскердик полигондо өтүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Машыгуунун негизги бөлүгү Тронхейм шаарынан алыс эмес жердеги аскердик полигондо өтүүдө.

Аскердик машыгуу 25-октябрдан 7-ноябрга чейин болот. Машыгуунун сценарийи боюнча НАТО өнөктөштөрү менен "агрессор кол салган чакан өлкөнү куткарат".

Учения НАТО

10 миңдей аскер техникасы жана 250 учуучу аппараттар, 65 аскердик кеме тартылды.

Шейшембиде машыгууда аба жана деңиз чалгынчыларынын десанттык операциясы көрсөтүлдү.

Учения НАТО

НАТО башкы катчысы Йенс Столтенберг билдиргендей, альянс машыгуу тууралуу алдынала Орусияны кабардар кылып, орусиялык байкоочуларды дагы чакырган. Башкы катчынын айтымында, машыгуулар коргонууга багытталган.

Учения НАТО

Машыгуу Норвегиянын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө, Орусия менен чек арадан 200 чакырым алыстыкта өтүүдө.

Учения НАТО

Норвегиянын климаты жана рельефи согуштук аракеттерди жүргүзүүгө өтө татаал өлкө деп белгилейт эксперттер.

Учения НАТО
Учения НАТО

Мындан бир нече апта мурун Орусия СССР тарагандан берки эң ири машыгуусун өткөргөн эле. "Чыгыш-2018" аталган бул машыгууларга Кытай дагы катышкан.

Учения НАТО

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги НАТОнун машыгуусун "антиорусиялык багытта" өткөрүлгөн, "аскердик потенциалын даңазалоо" деп мүнөздөдү.

Учения НАТО

(AbA)