Кытай дүйнөдөгү эң узун көпүрөнү курду. Сүрөт

Published

Гонконг-Чжухай-Макао багыты боюнча курулган көпүрөнүн узундугу 55 километр. Инженердик чеберчилик боюнча бул чоң жетишкендик катары бааланды.

Гонконг-Чжухай-Макао багыты боюнча курулган көпүрөнүн узундугу 55 километр. Инженердик чеберчилик боюнча бул чоң жетишкендик катары бааланды.

Көпүрө Гонконгду өлкөнүн негизги континенталдык бөлүгү менен байланыштырат. Курулуш айтылган мөөнөтүнөн бир топко кечигип бүттү.

Көпүрөнүн узундугу бириктирген эстакадаларды эсепке алганда, Сан-Францискодогу Алтын көпүрөдөн 20 эсеге узун.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпүрөнүн узундугу бириктирген эстакадаларды эсепке алганда, Сан-Францискодогу Алтын көпүрөдөн 20 эсеге узун.
Көпүрөнү долбоорлоп жатканда жер титирөө, ураган, кемелердин кырсыктары эсепке алынган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпүрөнү долбоорлоп жатканда жер титирөө, ураган, кемелердин кырсыктары эсепке алынган.
Суу үстүндөгү кемелердин тынымсыз жүргөнүн эске алып, 6,7 км өтмөк курулду. Эки жасалма аралдын ортосунан өттү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суу үстүндөгү кемелердин тынымсыз жүргөнүн эске алып, 6,7 км өтмөк курулду. Эки жасалма аралдын ортосунан өттү.
Көпүрө ошондой эле Гонконг аэропортунун жанындагы жасалма аралдан дагы өтөт. Аэропорттогу учактардын учуп, конуусуна тоскоолдук жаратпаш үчүн көпүрөнү курууда баары эске алынган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпүрө ошондой эле Гонконг аэропортунун жанындагы жасалма аралдан дагы өтөт. Аэропорттогу учактардын учуп, конуусуна тоскоолдук жаратпаш үчүн көпүрөнү курууда баары эске алынган.
Курулуш иштери 2009-жылы эле башталган. Бирок мөөнөтүндө бүткөн жок. Долбоордун бюджетин бир нече ирет көбөйтүшкөн. Жыйынтыгында жалпы чыгымы 20 млрд долларга бааланды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курулуш иштери 2009-жылы эле башталган. Бирок мөөнөтүндө бүткөн жок. Долбоордун бюджетин бир нече ирет көбөйтүшкөн. Жыйынтыгында жалпы чыгымы 20 млрд долларга бааланды.
Көпүрө 2016-жылы ишке берилет деп көптөр күтүшкөн эле. Бул жолу деле коомчулук көпүрөнүн ачылышын акыркы мөөнөттөрдө гана билди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпүрө 2016-жылы ишке берилет деп көптөр күтүшкөн эле. Бул жолу деле коомчулук көпүрөнүн ачылышын акыркы мөөнөттөрдө гана билди.
Курулуш бир гана иштин ыргагы же акча менен эле бүткөн жок. Анда иштегендердин арасында жоготуулар болуп, тогуз киши мүрт кеткен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курулуш бир гана иштин ыргагы же акча менен эле бүткөн жок. Анда иштегендердин арасында жоготуулар болуп, тогуз киши мүрт кеткен.
Көпүрө Кытайдын үч бөлүгүн, эки административдик районун (Гонконг жана Макао), ошондой эле континенталдык бөлүгүн бириктирет. Бул деген түрдүү юридикалык жана саясий системаны бириктирет дегендик.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпүрө Кытайдын үч бөлүгүн, эки административдик районун (Гонконг жана Макао), ошондой эле континенталдык бөлүгүн бириктирет. Бул деген түрдүү юридикалык жана саясий системаны бириктирет дегендик.
Көпүрө аркылуу негизинен автобустар жана коммерциялык мүнөздөгү транспорт каражаттары каттайт. Таксилерди такыр эле өткөрүшпөйт жана жеке унааларга өзүнчө уруксат кагазын алуу керек болот.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпүрө аркылуу негизинен автобустар жана коммерциялык мүнөздөгү транспорт каражаттары каттайт. Таксилерди такыр эле өткөрүшпөйт жана жеке унааларга өзүнчө уруксат кагазын алуу керек болот.
Гонконг менен континенталдык бөлүктүн ортосунда чек ара көзөмөлү болгондуктан, атайын эки бекет курулган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гонконг менен континенталдык бөлүктүн ортосунда чек ара көзөмөлү болгондуктан, атайын эки бекет курулган.
Көпүрө курулгандан кийин Кытайдын ар башка аймактарына саякаттоо убактысын бир нече саатка үнөмдөсө болот.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпүрө курулгандан кийин Кытайдын ар башка аймактарына саякаттоо убактысын бир нече саатка үнөмдөсө болот.
Бирок Гонконгдо көпүрөгө муктаж эмес элек дегендер да аз эмес. Алардын пикиринде, бул долбоор жөн гана символикалуу мүнөзгө ээ болуп, Гонконг Кытайга жакыныраак болуп калат деп айтып жатышат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бирок Гонконгдо көпүрөгө муктаж эмес элек дегендер да аз эмес. Алардын пикиринде, бул долбоор жөн гана символикалуу мүнөзгө ээ болуп, Гонконг Кытайга жакыныраак болуп калат деп айтып жатышат.

(AbA)