Семетей Султанов: Тажикстан менен оюнда футболчуну тебем, сөгөм дегенден алыс бололу

Published

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун финалдык баскычына өттү деген кабар футбол күйөрмандарын чоң кубанычка бөлөдү. Буга дагы чоң себеп бар. Бир жагынан бул зор ийгилик катары бааланса, экинчи жагынан коңшулаш Тажикстандын курамасы менен чечүүчү оюн кандай болор экен деген суроо көптөрдү ойлондуруп жаткан эле.

Кандай болсо дагы кийинки баскычка өттүк деп оюнду таштап койбогула, мыкты экениңерди дагы бир жолу көрсөткүлө деген сыяктуу күйөрмандардын өтүнүчтөрү, чакырыктары жазылууда.

Би-Би-Си Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы президенти, футболчу Семетей Султанов менен кеңири маек курду.

Би-Би-Си: Убакыт бөлүп, чакыруубузду кабыл алганыңызга ырахмат.

С. Султанов: Сиздерге дагы ыраазычылыгымды билдирем.

Би-Би-Си: Федерациянын мурдагы президенти, футболчу катары курама команданын бүгүнкү ийгилиги менен куттуктайбыз! Кабарды кандай кабыл алдыңыз?

С. Султанов: Окуп абдан кубандым. Жакшы иш болду. Кыргызстандын курама командасы дагы бир жолу Азия кубогуна өтүп жатат. Эми маселе чечилди дебей оюнчуларыбыз дагы жакшы оюн көрсөтөт деген ойдомун. Себеби мыкты оюнду күткөн күйөрмандар көп. Бул эмнеси менен маанилүү? Футбол – дүйнө эли карап турган эң маанилүү спорт. Ал аркылуу Кыргызстанды таанытабыз, канчалаган туристтер келет, бул өзүнчө эле чоң символ десек болот. Ушунун баарын эске алганда футболдогу ийгилик өтө маанилүү.

Би-Би-Си: Кыргызстандын курама командасы буга чейин Сингапур жана Мьянма менен беттешти. Ушул оюндарга учкай талдоо жүргүзүп берсеңиз.

С. Султанов: Сингапур менен болгон оюнда инилеримдин бири билет алыптыр, чогуу барып көрүп келели деп чакырып калды. Барып оюнду стадиондон көрдүк. Эми ачыгын айтканда, оюндун биринчи бөлүгү мага эмнегедир кызыксыз эле болду. Балким биринчи оюн болгондуктан оюнчулар сүрдөп, жакшы оюн көрсөтө албай жатты болуш керек. Анан экинчи бөлүгүндө Майер чыгып, оюндун жүрүшүн кадимкидей өзгөрткөндөй, жанданткандай болду. Атаандаш тарапта мыкты бир-эки оюнчуну байкадым. Алар биздин оюнчуларга татыктуу атаандаштык көрсөтүп, кээде көйгөй да жаратып жатты. Бирок жалпы жагдай биздин командага ылайык келип, жеңип алды.  

Мьянманын командасы болсо таарынбасын, бирок алардын футболу биздин футболдун деңгээли эмес. Ошондуктан аны көргөн жокмун, ачык эле айтайын. Баарыбыз кандай жыйынтык болорун түшүнүп эле турдук.

Би-Би-Си: Футболго билет сатып алуу керекпи, ал эмне үчүн маанилүү?

С. Султанов: Ооба, сатып алуу маанилүү. Ал акчаны эч ким жеп ала албайт. Ал ошол эле оюнчулардын чыгымына, керек-жарагына, футболго жумшалат. Биз бүгүн дагы барып көрөбүз.

Би-Би-Си: Кезинде Тажикстанга чейин барып, алардын футболун, стадиондорун ичинен көрүп келдиңиз эле. Бүгүнкү оюн кандай болушу мүмкүн?

С. Султанов: Бизге кызык оюндардын бири болот. Негизи эле кошуна өлкөлөр менен ойногондо бир топ кызык болот. Футболчулар эле эмес, андан чоң эл ойноп жаткандай болот. Ошондон улам футболдо “Борбор Азия дербиси” деген түшүнүк бар. Ошондуктан эмоцияга алдырып, кыйкырган бойдон талаага чуркап чыгам же кайсы бир футболчуга кол тийгизем, тээп жиберем, бөтөлкө ыргытып салам деген ойлор болбошу керек. Мен муну күйөрмандардан дагы суранам. Анын эч кандай кереги жок. Себеби анын айынан биздин федерация убара тартып калышы, керек болсо кийинки оюндарды көрсөтө албай калышы ыктымал. Ошонун баарын алдын алып, футболго майрамдагыдай келип, майрамдагыдай кетиңиздер деп кайрылат элем.

Семетей Султановдун кайнатасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин футболго мамилеси, жаңы стадион куруу боюнча талкуулар жөнүндөгү маектин толук видео вариантын саналуу сааттан кийин Би-Би-Синин Facebook баракчасынан көрүңүз.

Мындан сырткары белгилүу футболчу Айдана Оторбаева менен жаңы маекти сайтыбыздан окуп, видеосун Facebook баракчабыздан көрсөңүз болот.

Семетей Султановдун 2019-жылы Би-Би-Сиге курган маегин бул жерден көрүңүз: