You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты эмне үчүн кышта болот жана эмнеге Катар тандалды?
Ушул аптада футбол боюнча дүйнө чемпионатынын акыркы эки катышуучусу аныкталат.Ноябрда боло турган турнир Жакынкы Чыгыштагы биринчи дүйнөлүк чемпионат болуп калмакчы. Бирок аны Катарда өткөрүү чечими бир топ талаш-тартышты жаратпай койгон жок.
Дүйнө чемпионаты качан болот жана канчалык ысык болот?
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 21-ноябрда башталып 18-декабрга чейин болот, бул убакта Катарда күндүн ысыгы адатта 25°C болот.
Эгер финалдык оюндар адаттагыдай июнь менен июлда өтө турган болсо, анда мелдештер 40 градус, мүмкүн 50 градус ысыктын алдында болмок.
Катар башында финалдык оюндарды желдеткичтер менен иштеген жабык стадиондордо өткөрүүнү сунуш кылган, бирок бул план четке кагылганы белгилүү.
Дүйнө чемпионатын кышында өткөргөндө кандай маселе бар?
Ноябрт жана декабрь - Европадагы футболдук клубдар үчүн иш кайнап турган убак, так ушул учурда көп оюнчулар өзүнүн командасы үчүн Катарга барып ойношу керек болот.
Демек, Европадагы Англиянын Премьер-лигасы, Италиянын А сериясы же Испаниянын Ла Лигасы, дүйнө чемпионатынын алдында бир аптага сезонду токтото турушу керек болот.
Чемпионат өткөрүүгө эмнеге Катар тандалып алынды?
2010-жылы Катар ФИФАнын 22 аткаруу мүчөсүнүн добушуна ээ болуп, дүйнө чемпионатын өткөрүү укугун жеңип алган. Бул конкурска катышкан АКШ, Түштүк Корея, Жапония жана Австралияны жеңип алды.
Бул футбол боюнча дүйнөлүк мелдешти өткөрө турган биринчи араб өлкөсү.
Катарды ФИФАнын мүчөлөрүнө 3,7 миллион доллар пара берип жеңишке жетти деген айыптоолор болуп, эки жылдык иликтөөдөн кийин токтоду.
ФИФАнын ошол учурдагы президенти Зепп Блаттер Катарды колдоп добуш берген, бирок кийин ФИФА жаңылыш чечим кабыл алды деп айтып келатат.
Катарды ошондой эле Amnesty International жана Human Rights Watch уюмдары чемпионаттын объектилерин куруп жаткан чет элдик жумушчуларга жаман мамиле жасап жатат деп айыпташты.
Кайсы командалар ойношот жана чемпионаттын фаворити ким?
2022-Дүйнө чемпионатына тандоо үч жыл мурун башталган.
Ар кайсы континенттеги командалар топторго бөлүнүп ойношуп, мыкты командалары финалга, калгандары плей-оффко чыкты.
2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Франция финалдык оюндарга өттү, ал эми Европанын азыркы чемпиону Италиянын жолу болбой калды.Финалда 32 команда төрттөн сегиз топко бөлүнүп мөрөй талашат.
Бразилия, Англия, Франция жана Испания алдыдагы чемпионаттын эң чыгаан командалары катары букмелердин эсебинде турат.
Катарда күйөрмандарды эмне күтөт?
Калкы 2,9 миллион болгон Катар мунай менен газдын экспортуна маарыган дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири.
Дүйнө чемпионаты үчүн атайын жети стадион курулду жана финалдык матчты өткөрүш үчүн өзүнчө эле жаңы шаар курулду.
Ошондой эле жүздөн ашык жаңы мейманкана, жаңы метро жана жолдор салынууда.
Чемпионаттын уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, финалдык оюндарга бир жарым миллион көрүүчү катышат.
Катар — консервативдүү мусулман өлкөсү, ошондуктан футбол фанаттарын этият жана адептүү жүрүүгө эскертип жатышат.
Алкогол ичимдиктерин ичүүгө катуу чектөөлөр салынган. Демейде аны абдан атактуу отелдердеги барлардан гана сатып алууга мүмкүн. Бир кружка пиво 13 доллар турат.
Бирок, уюштуруучулардын айтымында, алкогол ичимдиктери чемпионат убагында күйөрмандар үчүн өзүнчө зоналарда да сатылышы мүмкүн.
Гейлердин укуктары Катарда кандай каралган?
Гомосексуалисттерге Катардын мыйзамдарында тыюу салынган.
Гей-футболдун топтору Катар өкмөтүнөн "коопсуздук кепилдиктерин" сурап жатышат, ошол эле учурда Уэльстеги кээ бир фанаттар бул чемпионатка бойкот жарыялашарын билдиришкен.
Чемпионаттын уюштуруучулары "бардык каалоочуларды чакырып" жатканын айтып жооп беришти, бирок Катар гомосексуализм жөнүндө мыйзамдарын жумшартууга барбайт. (КС)