You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Айдана Оторбаева: “Эми Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары ким күчтүү деген принцип үчүн ойношот”
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бүгүн, 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет. Эми алар Азия кубогу үчүн эмес, ким күчтүү деген принцип үчүн ойношот дейт белгилүү футболчу Айдана Оторбаева.
Би-Би-Си Кыргызстан үчүн да, Тажикстан үчүн да маанилүү болгон бул беттештин алдында футболчу Айдана Оторбаева менен маектешти.
Би-Би-Си: Профессионал футболчу катары Кыргызстан курама командасынын Сингапур жана Мьянма менен болгон оюнун кыскача талдап берсеңиз
Айдана Оторбаева: Дароо айтайын, Мьянма менен оюнду көргөн жокмун. Биринчи матч абдан кызыксыз болду. Мен ал беттешке барганыма өкүнүп кеттим, албетте мен колдодум, бирок футболдо жүргөн адам катары, мага көрүп отурганымда бир аз эригип да кеттим. Топ буттарда болгон жок, аябай көп олдоксондуктар болуп жатты. Аз жерден утулуп кала жаздадык. Биз же утулмакпыз же тең чыкмакпыз. Менин оюмча, ал жерде пенальти болгон жок. Балким ал пенальти да бизде болмок эмес. Судья оюн учурунда көп ката кетирип жатты, ошондуктан ал пенальтини бергенге мажбур болуп калды. Бул менин оюм албетте.
Би-Би-Си: Дал ошол бетештерде кайсы оюнчунун “жүрүштөрү” сиз үчун сюрприз болду?
Айдана Оторбаева: Сюрприз деле болгон жок. Бирок мен “Галата Сарайдын” оюнчусу Бекназ Алмазбековдун келгенине абдан таң калдым. Мен аны менен таанышмын, бирок көбүнчө онлайн сүйлөшүп турабыз. Мен түрктөр аны коё беришпейт го деп ойлогом. Анткени ал керек болсо, Түркиянын курамасына пайда алып келе алчу абдан баалуу, келечеги бар оюнчу. Мен анын келип, Кыргызстан үчүн ойногонуна абдан сүйүндүм. Анан Эрбол Атабаевдин оюнга чыгышы да мага жагымдуу учурлардан болду. Анын техникасы барыбир башкача, Бишкекте ойноп жүргөн футболисттердикинен айырмаланып турат, тагыраагы испан деңгээли кыргыздыкынан башкача, өйдөрөөк. Топту сезип, оюн талаасын башкача көрөт. Ал өзүн аябай эркин сезип ойноду, болгону өзүн көрсөтүш үчүн убакыт бир аз жеткен жок.
Би-Би-Си: Кыргызстандын курама командасы дагы эмненин үстүнөн иштеши керек? Эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?
Айдана Оторбаева: Бүгүн Кыргызстан да, Тажикстан да Азия кубогуна жолдомо алганы белгилүү болду. Демек, бүгүнкү оюн принцип үчүн болот. Ким күчтүүрөөк деген принцип үчүн. Менин оюмча, биз чынында эле күчтүрөөкпүз. Эгер ар бир оюнчуну өзүнчө карап көрсөк, физикалык жактан, тактикалык жактан оюнчуларыбыз бар. Бирок бизге дайыма бир нерсе тоскоолдук кылып келет. Билбейм, менимче бул жерде тренерлик курамдын ишинде кемчилик бар. Тагыраагы, алар жетиштүү деңгээлде иштебей жатышат. Биз командалык оюндун сапатын жакшырта алмакпыз, тактикалык жактан күчтөнүп, достук матчтарын көбүрөөк өткөрүп турсак болмок. Мына ушулар менин оюмча, биздин курама командага жетишпейт.
Би-Би-Си: Сиз Тажикстандын курамасын да билесиз да, бүгүнкү матчтан сиз эмнени күтөсүз?
Айдана Оторбаева: Беттеш эки тараптан тең катуу көңүл буруу менен өтүш керек. Балким кичине катаалыраак болот. Себеби тажиктер дайыма четте жана аёосуз ойноп туруп алышат. Биздин балдарга жаракат албастан, таза топко ойношун каалайт элем. Убагында гол киргизип, маанилүү учурларды коё берип жибербей, жакшы оюн көргөзүшүн күтөм.
Би-Би-Си: Ушул сыяктуу футбол беттештери кыздарга футбол ойноого дем береби?
Айдана Оторбаева: Футболист кыз катары айтайын, жок. Эч шыктандырбайт. Балдарды сөз жок, шыктандырат. Менин окуучуларымдын 90% эркек балдар. Алар оюндарга барышат, ал жактан мотивация алып, улуттук кураманын балдарынан автограф алып келишет. Бирок кыздар антишпейт. Себеби оюн талаасынан жалаң эркектерди көргөндө, алар дароо “Эмнеге кыздар мындай кыла алышпайт? Эмне үчүн оюн талаасына биз чыкпайбыз? Эмнеге биз конокторду тоспойбуз?” деп суроо салышат. Ошондуктан, мен футбол көргөнү келип, “уау!” деген кызды көрө элекмин. Кыздарды кыздар шыктандырышы керек деп эсептейм. Биздин өлкөдө аткара турчу нерселер ордунан жылбай жаткандыктан ушундай болуп жатат деп ойлойм. Мисалы, KAFA деген футбол турнири бар. Ага Ирандын, Тажикстандын, Өзбекстандын кыздары катышат. Көбүнчө бул беттештер Тажикстанда өтөт. Эмне үчүн Тажикстанда өтүп жатат, Кыргызстанга өткөрүүгө болбойбу? Мисалы, Тажикстанда болуп жатканда, кыздар барып көрүшөт, шыктанышат. Ал жакка түрдүү командалар келишет. Ирандын күчтүү кыздары бар, алар барышат. Өзбектсанды айтпай эле коеюн. Өзбек кыздары дүйнөнүн чемпиону аталган АКШнын улуттук курама командасы менен беттешип жүрүшөт. Алар атайын Америкага барып, ойноп жүрүшөт. Бул кыздар футболун өнүктүрүүгө кандай чоң салым! Мен мына ушундай окуяларды угуп, шыктанам жана мен Өзбекстанда азыр кыздар футболу өнүгүп жатканына аябай кубанычтамын. Ал эми биздин өлкө боюнча эч нерсе айта албайм. Бир нерсе сүйүндүрөт, кыздар көбүрөөк футболго кызыгып, тартылып келе башташты. Бирок аларды жоготуп албаш үчүн шарт керек. Аларга үлгүлөр керек.
Бүгүн саат 21.00дө Дөлөн Өмурзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет.
Бул беттеш боюнча Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы президенти, футболчу Семетей Султанов менен кеңири маегибизди бул жактан окуңуз.