Өзбекстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн
Би-Би-Си Өзбек кызматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өзбекстандын парламенти 14 жашка чейинки балдарга карата жасалган айрым сексуалдык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Ага ылайык, мындай оор кылмыштар үчүн 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралууда. Мыйзам долбоору азырынча күчүнө кире элек.
Мыйзамды күчөтүү маселеси Наманган облусунун Учкурган районундагы мамлекеттик бала бакчада 5 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматтан кийин кайрадан көтөрүлгөн. Бул иш боюнча 52 жаштагы бала бакчанын чарба бөлүмүнүн башчысы шектүү катары кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.
Парламенттеги талкууда депутат Гулрух Агзамова 2022–2025-жылдары Өзбекстанда 14 жашка чейинки балдарды зордуктоо фактылары боюнча 445 кылмыш иши козголгонун билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы — 85, 2023-жылы — 108, 2024-жылы — 129, ал эми 2025-жылы 123 кылмыш иши катталган.
Президент администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева да Намангандагы окуядан кийин балдарга карата мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти мүмкүн болушунча күчөтүү керектигин айткан. Ал тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш даярдалып жатканын билдирген.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, 14 жашка чейинки балдарга карата айрым оор сексуалдык кылмыштар үчүн жаза кыйла катаалдашат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Учурда Кыргызстанда дагы жыныстык мүнөздөгү кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра кароо маселеси талкууланууда.
29-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева зордуктоо жана 16 жашка толо элек адамдарга карата сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.
Депутат ошондой эле айрым учурларда өспүрүмдүн жашын билбеген жагдайларды өзүнчө кароо керектигин айткан. Анын пикиринде, мыйзам ар бир иштин жагдайына жараша жоопкерчиликти аныктоого мүмкүндүк бериши керек.
Бул сунуш коомдо талкуу жаратып, айрым укук коргоочулар балдарга карата сексуалдык кылмыштар боюнча жоопкерчиликти жеңилдетүүгө каршы экенин билдиришти.
Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттын сунушу жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар үчүн жазаны жеңилдетүүгө багытталбаганын билдирди. Парламент депутаттын негизги максаты куру жалаа менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын маселесин кароо экенин белгиледи.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева азыркы мыйзамда 16 жашка чыга элек өспүрүмдүн жашын кылмышка шектүү адам билген же билбегенине жараша өзүнчө жоопкерчилик каралбаганын түшүндүргөн.
Ошол эле жыйында быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталганы айтылган. Алардын 228и сотко жөнөтүлгөн.

































