Казакстандагы шайлоо: Жаңы Курултай эски парламенттен эмнеси менен айырмаланат?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Элеонора Куленбекова, Би-Би--Синин Бишкектеги кабарчысы

Казакстанда 23-августта жаңы парламент - Курултайдын депутаттарын шайлоо өтөт. Бул өлкөнүн саясий тарыхындагы өзгөчө шайлоо болот. Анткени казакстандыктар бул жолу Мажилиске же Сенатка эмес, жаңыдан түзүлгөн бир палаталуу парламентке депутаттарды шайлашат.

Казакстанда жаңы Конституция 2026-жылдын 15-мартындагы референдумда кабыл алынып, 1-июлдан тарта күчүнө кирди. Анын негизинде буга чейинки эки палаталуу парламент - Мажилис жана Сенат ыйгарым укуктарын токтотту. Эми алардын ордуна 145 депутаттан турган бир палаталуу парламент - Курултай келет.

Жаңы парламент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Депутаттар партиялардын тизмеси боюнча бирдиктүү жалпы улуттук шайлоо округунан пропорционалдык система менен тандалат. Мындай шайлоо системасы Кыргызстанда 2021-жылга чейин колдонулуп келген.

Кыргызстандык эксперт Эмилбек Жороев бул шайлоону Казакстандын саясий системасындагы маанилүү бурулуш деп эсептейт.

"Бул шайлоо Казакстан үчүн өтө маанилүү өзгөрүүлөрдүн натыйжасында болуп жатат. Буга чейин бир нече чакырылышта колдонулуп келген президенттик квота жоюлуп жатат. Бул депутаттарды шайлоодогу кызыктуу авторитардык норма болчу.

Эми парламент толугу менен партиялык тизме менен шайланганы жатат. Башкача айтканда, Казакстан партиялардын негизиндеги пропорционалдык системага өтүп жатат", - дейт Жороев.

Анын айтымында, Казакстанда жаңы саясий системага карата пикирлер ар түрдүү.

"Көз карандысыз, сынчыл пикир айткандар бардык партиялардын саясий салмагы азырынча жетиштүү эмес экенин белгилешет. Көп партиялар жаңыдан пайда болду. Бийликке жакын делген партиялар биригип, күчтөнүп жатат деген пикирлер да бар.

Партиялар арасында чыныгы атаандаштык жана оппозициячыл пикирлер жетишсиз деген сындар айтылууда.

Бирок жаңы система биринчи күндөн эле толук калыптанып кетет деп күтүү туура эмес. Кыргызстанда да партиялык системаны колдонуп көрдүк, бирок кийин андан баш тарттык. Казакстанда да система дароо эле толук иштеп кетет деп күтүүгө болбойт.

Ошол эле учурда президенттик күчтүн үстөмдүгү сакталып жатканын, президентке жакын саясий күчтөрдүн артыкчылыгы бар экенин белгилеген пикирлер да көп", - дейт эксперт.

Казакстандагы шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жети партияны каттаган. Алар:

  • "Айыл" партиясы
  • "Адилет" партиясы
  • "Казакстандын элдик партиясы"
  • "Ак жол" демократиялык партиясы
  • Жалпы улуттук социал-демократиялык партия
  • "Республика" партиясы
  • "Байтак" - Казакстандын жашылдар партиясы

Бул шайлоо Казакстандын саясий системасы үчүн жаңы этап катары каралууда.

Жаңы Курултай кандай курамда түзүлөт жана анын өлкөнүн саясий чечимдерине таасири кандай болот?

Казакстандагы "Евразиялык мониторинг" аналитикалык изилдөө борборунун директору Алибек Тажибаев реформаны парламенттин түзүмүн гана өзгөртүү катары кароого болбойт деп эсептейт.

"Мен бул реформаны парламенттин түзүмүн гана өзгөртүү деп эсептебейм. Бул Казакстандын саясий системасын кыйла өзгөртө турган реформа.

Эми мыйзам чыгаруу боюнча негизги жоопкерчилик бир гана парламентке жүктөлөт. Ошол эле учурда мыйзам сунуштоого укугу бар жогорку кеңеш берүүчү орган - Курултай түзүлөт.

Мунун жакшы жагы эл үчүн саясий процесс түшүнүктүүрөөк болот. Кайсы партия жана кайсы депутат кандай чечим үчүн жооптуу экени так көрүнөт", - дейт Тажибаев.

Анын пикиринде, реформа партиялардын ролун күчөтүп, саясий атаандаштыкты арттырышы мүмкүн.

"Ошондой эле депутаттар шайлоочулардын алдында көбүрөөк жоопкерчилик алат. Шайлоодо туруктуу аймактык түзүмү бар, элге түшүнүктүү социалдык-экономикалык программасы бар жана өз шайлоочуларын топтой алган партиялардын мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Мындай системада партиянын аброю, анын талапкерлери жана коомго сунуштаган саясаты өзгөчө маанилүү.

Жаңы Курултайдын курамы Казакстан коомунда бүгүн кайсы маселелер маанилүү экенин да көрсөтөт. Мисалы, социалдык адилеттүүлүк, экономикалык өнүгүү, аймактардын көйгөйлөрү, мамлекеттик башкарууну жаңылоо же жаңы саясий адамдарга болгон талап".

Тажибаев шайлоодо алдыга чыгышы мүмкүн деп эсептеген үч партияны да атады. Алар: "Адилет", "Айыл" жана "Республика".

Курултай канчалык күчтүү болот?

Жаңы Конституцияга ылайык, Курултайдын өкмөттүн ишин көзөмөлдөөгө байланыштуу айрым ыйгарым укуктары бар.

Мисалы, депутаттардын кеминде үчтөн бири өкмөт мүчөсүнүн отчетун угууну демилгелей алат. Отчеттун жыйынтыгында депутаттардын кеминде үчтөн экиси колдосо, президентке ал өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотуу боюнча кайрылуу кабыл алынат.

Мындан тышкары, Курултай депутаттардын кеминде бештен биринин демилгеси менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрө алат.

Курултай мыйзамдарды кабыл алат жана бюджетти бекитет. Демек, формалдуу түрдө жаңы парламенттин ролу олуттуу. Бирок анын канчалык күчтүү саясий институт болору анын ыйгарым укуктарын иш жүзүндө кандай колдонорунан көз каранды.

Ошол эле учурда президенттин системадагы ролу күчтүү бойдон калууда. Ал Министрлер кабинетинин түзүмүн аныктайт, анын төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоого катышат, айрым мамлекеттик органдардын жетекчилерин дайындайт жана кызматтан бошотот.

Президент мыйзам долбоорлорун демилгелей алат, кабыл алынган мыйзамдарга кол коёт же аларды кайра кароого жөнөтөт. Ошондой эле тышкы саясатта мамлекеттин атынан чыгат, эл аралык келишимдерди түзөт жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы болуп саналат.

Демек, Казакстандагы реформаны "президенттин бийлиги азайып, парламент күчөдү" деп гана түшүндүрүү туура эмес. Жаңы система Курултайдын ролун кеңейтсе да, президенттин саясий таасири дагы эле олуттуу бойдон калууда.