You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Автобуста баратып ал белгини көрүп калдым". Z белгисин тагынган кишинин видеосу талкуу жаратты
- Author, Ширин Акматбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Бишкектеги автобустардын биринде Z белгисин тагып, камуфляж формасын кийип алган эркек кишинин видеосу тарап, кызуу талкуу жаратты. Андагы киши жеңине Z белгисин тагып алган. Z Орусиянын Украинага басып кирүүсүн колдоо символу катары сыпатталат жана Орусиянын пропагандасында көп колдонулат.
Видеого тарткан жигит Z - бул согуштун символикасы экенин айтып, камуфляж кийген адамды жемелеп жатканын көрүүгө болот.
"Кыргызстан, Кыргызстан - бейтарап өлкө, ошондуктан биз бул жерде Z үчүн эмес, тынчтык үчүнбүз. Бул жерде мына Z символикасы, көрүп туурасызбы? Бул эл аралык жаңжалды козутуу. Сиздер үгүт жүргүзүп жатасыздар, анткени сиздер желек көтөрүп жүрөсүздер", - дейт видеого тарткан жигит.
Кийин белгилүү болгондой, аны Кирилл аттуу Орусиянын жараны тарткан. Ал Би-Би-Сиге окуянын чоо-жайын айтып берди.
"Автобуста баратып ал белгини көрүп калдым. Мен өзүм Орусия жаранымын, зомбулукка байланыштуу символикаларга тыюу салынуусун каалайм. Ал киши менен эч кандай конфликт болгон жок, экөөбүз ошол сүйлөшүүдөн кийин өз жолубуз менен кеттик. Автобустагы бараткан адамдар деле бизге анча көңүл бурган эмес. Кийин милициядан окуянын жагдайларын тактап алышты, болгону ошол эле", - деди ал.
Укук коргоо органдары бул окуяга дароо реакция кылды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы мындай символикага Кыргызстанда тыюу салынбаганын билдирип, ошол эле маалда жарандарды аны демонстративдүү түрдө колдонбоого чакырды.
"Кыргыз Республикасынын аймагында Z жана V тамгалары бар кийимдерди кийүүгө расмий түрдө тыюу салынган эмес. Ошол эле учурда жарандарды коомдогу маанайды түшүнүү менен кабыл алып, мындай символиканы демонстративдүү түрдө колдонбоого чакырабыз. Ошондой эле коомдук сайттарга постторду жайгаштырып, мындай көрүнүштөрдү көңүл чордонуна чыгарбоону суранабыз. Ушул сыяктуу материалдар айрым учурларда улуттар аралык, конфессиялар аралык же башка кастыкты козутушу мүмкүн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук сайттарга маалымат жайгаштырууда этият болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алууга жана коомдук бейпилдикти буза турган аракеттерге жол бербөөгө чакырат" деп айтылат Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта.
Ал эми активисттер кыргыз бийлигинен кескин кадамдарды күтүүдө. Өндүрүш Токтонасыровдун пикиринде, мындай белгилерди колдонууга расмий тыюу салуу керек.
"Эмнегедир согушка каршы нейтралдуулугун билдирген Кыргызстанга баскынчылыкты жактап ырдаган орусиялык ырчыларды, блогерлерди ээн-эркин эле койо берип жүрүшөт. Бул жаңылыштык жана камырабастык. Кыргызстанда фашизмди жактап, пропагандалаган ар кандай кыймыл аракеттерге таптакыр тыюу салчу расмий түрдөгү буйрук, мыйзам зарыл. Көрмөксөн, билмексен болуп жүрө берсек баары кеч болуп калат".
Бул жалгыз окуя эмес
Бул видео Z символикасын Кыргызстанда колдонулушуна байланыштуу биринчи окуя эмес. Ушул жылдын май айында Каракол шаарында Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн концертте орусиялык "Любэ" тобу өз ырларын аткарып жаткан учурда чоң экранда Z, V тамгалары жана орус аскерлери тартылган кадрлар көрсөтүлгөн.
Каракол мэриясы ошол маалда окуя боюнча комментарий берген эмес, бирок концерт үчүн шаардык бюджеттен каражат сарпталбай, демөөрчүлөрдүн акчасына уюштурулганын баса белгилеген.
Кийинчерээк Караколдун мэри Талант Иманов блогер Айбек Теңизбайдын подкастында бул окуя кокустук болгонун айтып берген.
"Сындарды туура кабыл алдым, ошондой окуя болуп кеткени туура эмес болду. Ал топ артисттердин акыркысы болуп, концертке чогулган эл аларды сахнадан кетиргиси келбей, дагы ырдап бергиле деп туруп алган. [Ырчылардын] Даярдалган программасы бүтүп, шашылыш учурда колго биринчи тийген флешканы коюп жиберишкен. Көрсө, ал мурда Орусиядагы иш-чараларда колдонулган флешкалардан экен, ошентип баягы белги бир секундага аркадагы экранга чыгып кетиптир. Биз бул окуя боюнча кийин атайын териштирүү жүргүздүк. Муну саясаттыштарбай эле коюшубуз керек, атайын жасалган эмес болчу", - деди Иманов.
Иш-чара Каракол мэриясы, "Победа 9/45" эл аралык патриоттук кыймылы жана "Евразия" уюму тарабынан уюштурулган.
"Евразия" уюмун Молдовада 15 жылга эркинен ажыратылып, издөөгө алынган олигарх Илан Шор каржылаары белгилүү. Шор Орусия тарабынан санкцияларды буйтап өтүү схемаларына катышып келет деп, анын бизнестери Улуу Британия, Европа Биримдиги жана АКШнын санкция тизмелерине киргизилген. Учурда Илан Шор Орусияда баш калкалоодо.
Депортация болгон Z блогер
Бир ай мурда Украинадагы согушка жалданма аскерлерди азгырганы үчүн соттолгон орусиялык Z-блогер жана политтехнолог Виктор Васильев түрмөдөн бошотулуп, Кыргызстандан чыгарылганы белгилүү болгон.
"Сот мени №416 берененин 1-пункту ["Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу"] боюнча күнөлүү деп таап, эки жыл төрт айга кести. Убактылуу камакта кармалган убактымды эске алып, сот залында бошотту. 2026-жылдын 12-июнунда эркиндикке чыктым", - деди Васильев журналист Лейла Саралаеванын "Новые лица" YouTube-каналына берген маегинде.
Ошол эле маекте Васильев мурда "Вагнер" жеке аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин ээлик кылган медиаларда иштеп кеткенин, Орусия Коргоо министрлиги менен да кызматташкан учурларын болгонун ырастады.
Васильев 2025-жылдын апрель айында камалган. Аны менен бирге дагы үч адам кармалган, алардын арасында Ош шаарындагы "Орус үйүнүн" ["Русский дом"] кызматкери Наталья Секерина жана Ош мэриясынын кызматкери Сергей Лапушкин болгон. Төртүнчү адамдын аты аталган эмес, бирок ал Майлуу-Суудагы электр лампа заводунда иштегенин жактоочусу билдирген. Кийинчерээк Секерина жана аты аталбаган жаран үй камагына бошотулган. Васильев кылмыш иши жашыруун болгондуктан аларга кандай өкүм чыкканын билбегенин айтты.
Кыргызстан Орусия - Украина согушу маселесинде расмий түрдө бейтарап позициясын карманып келет.