Киев Түндүк Корея Орусияга көп сандагы аскер жөнөтүүгө даярданып жатканын билдирди

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Украинанын Башкы чалгын башкармалыгы Түндүк Корея Орусияга көп сандагы аскер кызматкерлерин жөнөтүүгө даярданып жатканын Би-Би-Сиге билдирди. Буга чейин Москва Украинага сокку урууда колдонуу үчүн Түндүк Кореядан баллистикалык ракеталарды алганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Украинанын аскердик чалгын кызматынын Би-Би-Сиге берген маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айына карата Орусиянын аймагында 8,5 миңдей түндүк кореялык аскер кызматкери бар. Алардан төрт бригада түзүлүп, бул бөлүктөр Орусиянын "Түндүк" аскерлер тобунун курамына кирген.

Башкы чалгын башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул аскерлер учурда Украинадагы согушка түздөн-түз активдүү катышпай, Орусиянын мамлекеттик чек арасын кайтаруу милдетин аткарат.

Украинанын чалгын кызматы түндүк кореялык аскер кызматкерлеринин орточо жашы курагы 30 жашка чейин экенин билдирди. Орусиядагы Түндүк Кореянын аскердик контингенти ротацияланып турат. Бул операцияга буга чейин жалпысынан 23-25 миңдей түндүк кореялык аскер кызматкери тартылганы айтылат.

Буга чейин Түндүк Кореянын аскер кызматкерлери Украинанын Куралдуу күчтөрү 2024-жылдын августунда операция баштаган Курск облусундагы салгылашууларга катышканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Жаңы кошумча күчтөр

Украина Түндүк Корея Орусияга баллистикалык ракеталардын партиясын гана бербестен, ал жакка ири аскердик контингент жөнөтүүгө да даярданып жатканын билдирүүдө.

"Биздин маалыматыбыз боюнча, Орусиянын аймагына 30 миңден 50 миңге чейин түндүк кореялык аскер кызматкери жайгаштырылышы мүмкүн",- деди Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий Би-Би-Сиге берген маегинде.

"Биз бул жагдайды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз. Анткени бул, биринчи кезекте, Орусиянын аймагында чет элдик аскерлердин киришин жана Орусияга согушта колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирет",- деди ал.

Скибицкийдин айтымында, бул аскерлердин негизги милдети Орусиянын аймагын коргоо. Бул үчүн логистикалык камсыздоо, инженердик иштерди жүргүзүү жана Орусиядагы аскердик объектилерди даярдоо талап кылынат.

Ошол эле учурда Украин чалгын кызматында түндүк кореялык аскерлер Украинадагы согушка катышуу үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн экендиги тууралуу маалымат жок.

"Бизде Түндүк Кореянын аскерлерин Украинага жайгаштыруу боюнча Орусиянын кандайдыр бир документи же планы тууралуу маалымат жок. Бул эмнени билдирмек? Биздин аймактагы согушка үчүнчү өлкөнүн түздөн-түз катышуусун билдирмек",- деди Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары.

Анын айтымында, Түндүк Кореянын аскерлерин Орусияга жардам берүү үчүн тартуу Пхеньянга заманбап согушта, анын ичинде дрон колдонууда тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет.

Скибицкийдин айтымында, Орусия менен кызматташуу аркылуу Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды өндүрүү технологияларын да өркүндөтүп алмак.

Орусия үчүн чек араны кайтарууга көп сандагы түндүк кореялык аскерлерди тартуу өзүнүн аскерлерин Украинага жөнөтүп, ал жактагы орус аскерлеринин санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет, деп эсептейт украиналык чалгын кызматы.

Түндүк Кореянын жоокерлери кантип согушат?

Түндүк Кореянын аскер кызматкерлери украин армиясына каршы согуштук аракеттерге 2024-жылдын аягында, 2025-жылдын башында, Курск облусундагы салгылашуулар учурунда катышкан.

2024-жылдын август айында Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын чек арасын жарып өтүп, анын аймагына кирген. Украинанын көзөмөлүнө Суджа шаарынын айланасындагы Курск облусунун болжол менен 1 миң чарчы чакырымдай аймагы өткөн.

Ошол эле жылдын күзүндө Кремль Пхеньяндан жардам сурап, Түндүк Корея Орусияга 11 миңдей аскер жөнөткөн. Алардын жардамы менен орус армиясы 2025-жылдын жаз айларынын башына карата украин аскерлерин Курск облусунун аймагынан сүрүп чыгарган.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, Түндүк Корея ошол салгылашууларда 2,3 миңдей аскерин жоготкон.

Би-Би-Си Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 95-бригадасында кызмат өтөгөн, согуш талаасында Түндүк Кореянын аскерлери менен түздөн-түз кагылышкан аскер менен маектешкен.

Андрей Луговой (Султан деген каймана аты менен белгилүү) согушка чейин кино тармагында иштеген. Ал 2024-жылдын июль айында 95-бригаданын чалгындоо бөлүгүндө кызмат өтөй баштаган.

Донецк облусундагы салгылашуулардан кийин анын бөлүгү Курск облусуна жөнөтүлүп, ал жерде Түндүк Кореянын аскерлерине каршы согушкан.

Анын айтымында, Орусия алгач түндүк кореялык аскерлерди негизинен "замбирекке салынуучу ок" катары пайдаланган.

"Алар эмне болуп жатканын түшүнүшкөн жок. Алдыга гана жылыш керек экенин билишкен, бирок кайда бара жатканын жана так эмне кылышы керектигин билишкен эмес. Орусиялыктар муну пайдаланышкан",- деп түшүндүрдү Султан.

"Мисалы, түндүк кореялык аскерге белгилүү бир позицияны ээлеп, окоп казып, аны кармап туруу буйрук кылынган. Түндүк Кореянын аскерлери менен байланыш минималдуу болгондуктан, өз ара аракеттенүү же маалымат алмашуу аз болгон. Алар жөн гана позицияларын ээлеп, андан ары эмне кылаарын билбей калышкан".

Бирок Луговой убакыт өткөн сайын Түндүк Кореянын аскерлеринин тактикасы өзгөрө баштаганын айтат.

Украиналык аскердин айтымында, түндүк кореялыктар этият болуп, чабуул коюучу топторунун санын да өзгөртүшкөн.

Орусиялык аскерлер менен Түндүк Кореянын аскерлеринин согуштагы аракеттеринде олуттуу айырмачылык болгонбу? Андрей Луговойдун айтымында, болгон.

"Алар [түндүк кореялыктар] ылдамыраак кыймылдашкан. Орусиялык аскерлер ок атылганда же кандайдыр бир үн укканда дароо жашынып калышчу, дарактын артына, жакын жердеги окопко же жерге жатып калышчу. Түндүк кореялыктар башкача аракеттенишкен. Алар тынымсыз кыймылдап турушкан. Бул аларга белгилүү бир артыкчылык берген, бирок чечүүчү артыкчылык болгон эмес".

Украиналык аскерлер согуш учурунда Түндүк Кореянын армиясынан болгону эки аскерди туткунга түшүрө алган.

95-бригаданын аскери муну түндүк кореялыктар башка тилдерди, анын ичинде орус же англис тилин билбегени менен түшүндүрөт. Аларга туткунга түшүү тууралуу айтышканда да эмне айтылып жатканын түшүнүшкөн эмес.