You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги бар 19 компания жабылат
Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 19 компаниянын ишин токтотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу эл аралык санкцияларды сактоо маселеси боюнча өткөн жумушчу кеңешмеде айтылды.
Жыйында санкциялык тобокелдикке туш болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгү каралды.
Маалыматка караганда, июндун аягында өткөн ведомстволор аралык кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору болушу мүмкүн деген болжол менен 40 компания аныкталган. Алардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Текшерүүлөрдүн жана кеңири талдоонун жыйынтыгында дагы 19 компаниянын ишин токтотуу керек деген чечим кабыл алынган. Аларды мыйзамда белгиленген тартипте мажбурлап жоюу боюнча тиешелүү органдарга кайрылуулар жөнөтүлгөн.
Калган компаниялар боюнча текшерүү иштери дагы уланууда. Анын жыйынтыгына жараша аларга карата мындан аркы чаралар мыйзам негизинде кабыл алынат.
Жыйында Улуттук банктын төлөм кызматтарына жана сервистерине көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар да каралды.
"Бул иштердин негизги максаты - санкциялык тобокелдиктерди азайтуу, каржылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана Кыргызстандын мыйзамдарын, эл аралык милдеттенмелерди сактоо",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиктери бар компаниялар менен иштешүүгө байланыштуу өз чараларын күчөтүп жатканы айтылды.