"Бөлтүрүккө да суроо көп". Бөлтүрүк кайсы миллиондорду айткысы келет?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу, коррупция боюнча соттолгон Теңгиз Бөлтүрүктүн талкуу жараткан билдирүүлөрү уланууда. Ал 17-августта Фейсбук баракчасына пост жазып, ачык дебатка даярдыгын айтты. Ошондой эле өзү Кумтөрдөгү кызматка расмий киришкенге чейин компаниядан 630 миллион доллар жоголгонун ишарат кылып, бул тууралуу маалымат берүүгө даяр экенин кошумчалады.

"630 миллион доллардын жоголушу: Мен кызматка киришерге бир ай калганда "Кумтөр Голд Компанинин" эсептеринен 630 миллион доллардай ири сумма кандайча жоголуп кеткенинин чоо-жайын жана хронологиясын ачыктоого даярмын", - деген Бөлтүрүк бирок бул сөзүн ырастаган далилдерди келтирген жок.

Расмий органдар да бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Бөлтүрүк 2021-жылы "Кумтөр" Кыргызстанга өткөндөн кийин кенди убактылуу тышкы башкарууга келген. Бирок 2022-жылы Башкы прокуратура "Кумтөр" ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд сомдон ашык зыян келтирилгенин кабарлап, Теңгиз Бөлтүрүк баштаган бир катар кызматкерлерди камакка алган. Текшерүүдө күйүүчү май, тамак-аш жана тетиктер кымбат баада алынганы сыяктуу финансылык мыйзам бузуулар аныкталганы маалым.

Бөлтүрүк келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин чыгарылган. Ал өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, мамлекет башчысын буга чейин дагы ачык маекке чакырып келген.

"Мен даярмын ачык сотко, ачык дебат десе, ачык дебатына. Садыр Жапаров ачык дебатка чыкса, мен ошого дагы даярмын. Отуруп сүйлөшөлүчү, болгон суроосун берсин".

Саясат талдоочу Турат Акимов өлкөнүн эң ири экономикалык объектиси Кумтөр боюнча Теңгиз Бөлтүрүктүн соңку билдирүүсүнө бийлик өкүлдөрү реакция жасап, атайын комиссия түзүлүшү керек деген пикирде.

"Биринчиден, бул саясий күрөштүн чыңалуусу. Бул үчүн парламенттик комиссия түзүү керек. Парламенттик комиссияга журналисттерди кошуп, чоң изилдөө жүргүзүш керек. УКМК, прокуратура баары реакция бериши керек. Анткени Бөлтүрүк жөн эле көчөдө жүргөн, базарда иштеген, самын саткан киши эмес да. Бул чоң эл аралык менеджер, анан эң олуттуу экономикалык объектти башкарган киши. Анан жарым миллиард доллардан ашык сумманы айтып жаткандан кийин, албетте, биздин бийликтин реакциясы күчтүү болушу керек", - деди Турат Акимов.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Теңгиз Бөлтүрүк чуулгандуу билдирүүсүн эмнеге фактыга негиздеген жок деген суроо салды. Ал эгер Бөлтүрүктүн колунда талашсыз маалымат болуп, тиешелүү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылса, сөзү өтүмдүү болмок деп эсептейт.

"Бөлтүрүктүн айтканы өзүн актагандай болуп калып жатат. Мисалы, өз убагында баштаса, эгерде чын эле ошондой бир "бомба" фактылары бар болсо, анда ошону ачыкка чыгарсын. Эгерде ошону өтүнүч кылып, Башкы прокуратурага, же мамлекеттик органдарга, же президенттин өзүнө жазып, ушундай-ушундай десе официалдуу түрдө бул бир жөн. Анан ар бир жаран мындай эле айта бериши мүмкүн. Бөлтүрүк мындай маалыматты шайлоого электоратты текшериш үчүн чыгарып жатат деген ой болуп жатат да. Бөлтүрүктүн өзүнө көп суроо болуп жатат", - деди Алмаз Тажыбай.

Бөлтүрүктүн 6 миң долларлык отургучу

13-августта президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Теңгиз Бөлтүрүк боюнча комментарий берип, ага ишеним артып, кенди башкаруу боюнча кеңири укуктарды бергенин, бирок Бөлтүрүк кызматка келгенден кийин "Кумтөрдүн" каражатын ысырапкорчулук менен пайдаланганын билдирген.

"Мага маалымат келди. Бүт Кыргызстанда солярка 60 сомдон сатылып жатат. Ал эми Кумтөр болсо, 80 сомдон алып жатат деген. Ар бир литринен 20 сомдон жеп жатат деп. Анан Бөлтүрүктү чакырдым. Мага ушундай маалымат келип жатат. Бут жакта 60 сомдон сатылып жатыптыр, а сенде 80 сом экен дедим. Литрине 20 сом деген аябай көп акча. Анткени Кумтөрдө айына 11 миң тонна солярка керектелет. Ал сизге калп маалыматтарды берип жатыптыр деди. Кийин өзүм текшертсем чындап эле ошондой экен. Анан текшерүү жибергенде прокуратура барып, баарын таап чыкты",- дейт Жапаров Бөлтүрүк тууралуу айтып жатып.

"Андан башка дагы бир анын кызыгы бар. Бизге, өкмөткө же мага айтпай, "Учкундагы" Кумтөрдүн офисин башка жакка көчүрөм деп, "мыйзамдагы уруунун" бир имаратын арендага алат. Арендасы да аттын башы. Айына 1 миллион доллардайбы, ушундай. Аны ремонт кылып, анан эмеректерди алып барыптыр. Өзүнүн эле отурган креслосу 6 миң долларлык. Тергөө иши башталып, камалып, анан "Сен эмнеге 6 миң долларга кресло сатып аласың, керек болсо президент отурган кресло 600 долларлык эле, а сен эмнеге сатып алдың" десе берген жообу күлкүлүү. "Менин өзүмдүн боюм кичине. 600 долларлык креслодо отурсам "көчүгүм" сыйгалана берет. Ошол үчүн 6 миң долларлык креслону сатып алдым" дептир", - дейт президент Бөлтүрүк тууралуу соңку маегинде.

Ал арада УТРКнын журналисттери президент айтып жаткан креслону көрсөтүп, берүү даярдады. Анда Бөлтүрүк таштанды салган челекти да кымбат баада сатып алганы айтылат.