Израил Сирияга сокку урду. Түркияны Идлибдеги базага аскер жайгаштырат деп айыптады

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Израил шейшемби күнү Сириянын Идлиб провинциясындагы авиабазага сокку урду. Бул тууралуу сириялык маалымат каражаттары кабарлады. Израил өкмөтү да чабуул болгонун иш жүзүндө ырастады. Чабуул Түркиянын жана аймактагы АКШнын атайын өкүлүнүн кескин сынына кабылды. Америкалык дипломат бул аракетти "керексиз эскалация" деп атады.

Шейшемби күнү Сириянын мамлекеттик Ekhbariya телеканалы аскердик булакка таянып, Израил Идлиб провинциясынын түштүк-чыгышындагы Абу-эд-Духур авиабазасына сегиз авиациялык сокку урганын билдирди. Соккулар учуп-конуу тилкесине жана кампаларга жасалган. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, дагы бир аскердик булак жана жергиликтүү тургун чабуулдан каза болгондор жок экенин билдиришкен.

Бул Израилдин Сирия өкмөтүнө караштуу объектилерге март айынан берки биринчи жолку соккусу. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги чабуулду айыптады.

"Эл аралык коомчулукту Израилдин Сирияга каршы агрессиясынын күчөшүнө чекит коюу үчүн чечкиндүүрөөк позицияны карманууга чакырабыз",- деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси да чабуул болгонун иш жүзүндө ырастап, шейшемби күнү кечинде X социалдык тармагына англис тилинде билдирүү жарыялады.

"Израил менен Сирия коопсуздук маселелери боюнча кво-макамын сактоо тууралуу макулдашкан. Бирок Сирия Алеппонун жанындагы авиабазага түрк аскерлерин жайгаштырууга уруксат берүү менен бул макулдашууну бузуу алдында турду. Израил Сирияга мындай аскердик жайгаштыруу Израилдин коопсуздугуна коркунуч жаратарын бир нече жолу эскерткен. Бирок Сирия бул эскертүүлөргө көңүл бурган жок",- деп айтылат билдирүүдө.

Нетаньяхунун кеңсеси ошондой эле "Израил өз коопсуздугуна болгон коркунучтарга чыдабайт жана мурдагы статус-квонун калыбына келишин колдойт" деп билдирди.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө анын аскерлери Сириядагы аталган базада болгон-болбогону такталган эмес.

"Израилдин премьер-министринин кеңсеси тарабынан айтылган жеңил-желпи айыптоолор Сириянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузган мыйзамсыз авиациялык соккуларды актоого багытталган",- деп билдирди Түркиянын Коммуникациялар башкармалыгы. (Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды)

АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия менен Ирак боюнча атайын өкүлү Том Баррак шейшемби күнү X социалдык тармагына Израилдин Абу-эд-Духур авиабазасына жасаган соккулары "аймактагы туруктуулукка залакасын тийгизе турган керексиз эскалация" экенин жазды.

Анын айтымында, Сириянын президенти Ахмед аш-Шараанын өкмөтү Израил менен болгон мамиледе чыңалууну азайтууну каалаарын бир нече жолу билдирген.

Ошондой эле Америкалык дипломат АКШ Израил, Түркия жана Сириянын ортосунда жаңжалдардын алдын алуу механизмин түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Анкара Израилдин соккулары тууралуу алдын ала эскертилген эмес. Ошондуктан Түркия өз аймагын көздөй түндүк тарапка учуп бара жаткан учактарды байкап, Израилдин Сириядагы базага жасаган чабуулуна жооп берүүгө толук негиз бар эле.

"Бактыга жараша, тараптар сабырдуулук менен мамиле кылып, кырдаалдын мындан ары курчуп кетишине жол берилген жок",- деди Баррак Reuters агенттигине телефон аркылуу берген маегинде.

Сириянын тышкы иштер министри Асаад Хасан аш-Шибани да Израилди чабуулдарды токтотууга чакырды. Ал Израил Сирияга карата позициясын кайра карап чыгышы керектигин билдирди. Министрдин айтымында, Израил бир гана Дамаск менен эмес, Сириянын союздаштары менен да тирешип жатат.

"Коопсуздук жактан алганда бул чабуулдар негизсиз. Биз Израилди бул саясатынан баш тартууга жана Сирияга жасаган чабуулдарын токтотууга көндүрүү үчүн дипломатиялык жолду улантабыз",- деди министр Дамаскта Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси менен биргелешкен маалымат жыйынында.

Абу-эд-Духур авиабазасы Түркиянын чек арасынан болжол менен 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал 2013-жылдан бери аскердик аэродром катары колдонулган эмес. Сириядагы 14 жылга созулган жарандык согуш учурунда база бир нече жолу ар башка күчтөрдүн колуна өткөн.

Израил 2024-жылы президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Сириянын аскерлерине бир нече жолу сокку урган. Өлкөнүн түштүк-батышындагы айрым аймактарды басып алган. Израилдин негизги буталары курал-жарак жана аскердик техника, ошондой эле Сириянын түштүгүндө жана борбордук бөлүгүндө жайгашкан өкмөттүк объектилер болгон. Израил Сирияга акыркы жолу март айында сокку урган.

Reuters агенттиги белгилегендей, Израил Сириянын жаңы бийлигине ишеним менен мамиле кылбайт. Буга жаңы жетекчиликтин мурдагы исламчыл багыты себеп болууда. Президент Ахмед аш-Шараанын Батыш өлкөлөрү менен мамилесин жакшыртууга аракет кылып жатканына карабай мындай мамиле уланууда.

Шейшембидеги соккулар Израил менен Түркиянын ортосундагы коопсуздук жаатындагы чыңалуу күчөп, Сирияга байланыштуу эки өлкөнүн риторикасы катаалдашып турган учурда жасалды. Анкара Израилди Сириянын жаңы бийлигинин позициясын алсыратууга аракет кылып жатат деп айыптап келген. Августтун башында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан эл аралык коомчулукту Израилге басым жасап, Сириянын аймактык бүтүндүгүн урматтоого чакырган.

НАТОдогу экинчи ири армияга ээ болгон Түркия аш-Шараанын негизги союздаштарынын бирине айланды. Анкара Сириянын армиясын даярдоого катышып, мамлекеттик институттарды жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берип жатат. Ошондой эле Сириянын жаңы бийлигине дипломатиялык колдоо көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, Түркия август айында Пакистан жана Сауд Арабиясы менен өз ара коргонуу боюнча келишимге кол койгон.

Өткөн жылы Түркия менен Израил Сириядагы куралдуу күчтөрдүн ортосунда мүмкүн болгон окуялардын алдын алуу үчүн атайын байланыш каналын түзүүнү пландап жатканын жарыялашкан.