Темирлан Султанбеков 7 жылга, Кадыр Атамбаев 4 жылга эркинен ажыратылды

сот
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 8-октябрдагы сот отуруму
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду 7 жылга, Кадыр Атамбаевди 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Өкүмдү төрагалык кылуучу судья Искендер Саргалдаков жарыялады.

Сот Султанбеков менен Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Эрмек Эрматов Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышты жашыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ага бир жыл пробациялык көзөмөл дайындалды.

Кубанычбек Кадыров соттун чечими менен акталды.

Казакстандын жана Кыргызстандын жараны Абдурахим Абдрахманов жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 8 жылга эркинен ажыратылды.

Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек 1 жыл 9 айга эркинен ажыратылды. Бирок ал тергөө учурунда абакта отурган мөөнөтүн толук өтөп койгонуна байланыштуу сот залынан бошотулду.

Өткөн отурумда прокурор айыпталуучуларды 7.6 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.

"220 сомго революция кылмак экенбиз"

Сот өкүм чыгарар алдында камеранын ичинде отурган Темирлан Султанбеков менен Кадыр Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө үлгүрүшүп, тергөө учурунда да, сотто да алардын күнөөлүү экени далилденбегенин билдиришкен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз казак жарандарын керек болсо тааныбайбыз. Кайдагы бир казак кутуму жөнүндө айтып жатышат", - деди Кадыр Атамбаев.

"Бул ишке эки казакты кошуп коюштуптур. Булар хостелде жашашыптыр. Кырк киши менен чогуу бир жакта жүрүшүптүр. Эч нерселери жок. Булар Токаевге кайрылып жатышат. "Силер бизди каржыладыңар беле, бизге бир сом бердиңер беле" деп өз өкмөтүнө кайрылып жатышат. Буларды тинткен учурда 220 сом табышыптыр. Ошол 220 сомду бизге бермек экен. Ошол 220 сомго биз Кыргызстанда революция кылмак экенбиз. Бул күлкү келерлик да. Ошондуктан сот жабык өтүп жатат. Саясий иш, ошол себептен бизди кармап турушат. Себеби коркуп жатышат. Бул дүйнөдө көп жаман нерсе коркоктуктан болот. Бир коркунуч жаратпайбыз. Мыйзам талаасында гана иш кылабыз. Саясий диалогго дайыма даярбыз", - деди Темирлан Султанбеков.

Сот өкүм чыгаргандан кийин Кадыр Атамбаев бийлик атасын шантаж кылуу үчүн ушундай кадамга барып жатканын билдирди:

"Кишилерди шайлоо алдында коркуткулары келет. Бул фашизм. Биз кул болбойбуз. Биз эркин Кыргызстан үчүнбүз! Мага эле эмес, менин апама, карындашыма да иш козгошту. Булар бизди барымтада кармап, атабызды шантаж кылгылары келет. Элдерди коркуткулары келет. Биз коркпойбуз. Биз кул болбойбуз".

Кыялы үчүн, ою үчүн соттогон — бул абсурд

Айыпталуучулардын жакындары, адокаттары жана тарапташтары шаардык сотко даттана турганын билдиришти.

"Күтө туралы. Аппеляция. Андан ары белгилүү болот", - деди Кадыр Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев.

"Абдан капамын. Алар эмне үчүн отурушканын өздөрү деле билишпейт", - деген Атамбаевдин апасы Раиса Атамбаев башка сөз айткан жок.

"Мындай чечимди күткөн эмеспиз. Анткени сот башында тергөө туура эмес жүргөн деп прокуратурага жеке аныктама берип жатат. Ошол эле учурда реалдуу мөөнөт берип жатат. Сот өзүнө өзү карама-каршы чыкты деп эсептейм. Анткени балама жети жыл берип коюшту. Кудайдын жазганын көрөбүз", - деди Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков.

Сотко "Социал-демократтар" партиясынан мурда депутат болгон Рыскелди Момбеков да келген.

"Адамдын кыймыл-аракети үчүн айып такса бир жөн. Кыялы үчүн, ойлогон ою үчүн соттогон -- бул абсурд. Бул адилетсиздик. Чынын айтсам, айып тагуунун өзү туура эмес болгон. Кадыр Атамбаев бийликти басып алмак эмес. Аны убагында Германияга жумушка чакырышкан. Барган эмес. Кадырды жаш чагынан билем, тарбия көргөн, кибеп окуган, армияда кызмат өтөгөн бала. Ушундай балага айыптын тагылганы туура эмес", - деди ал.

Мурдараак президент Садыр Жапаров айкөлдүк кылып камактагы Алмазбек Атамбаевди бошотконун, бирок ал кыянаттык кылып, эми уулу түрмөдө турганын билдирген болчу:

"Жатып алып, жазда революция кылабыз, күздө революция кылабыз деп, көрүнгөндөн акча топтоп, тигиге-буга таратып жатып, өз колу менен өзүнүн жакындарын түрмөгө тыккандар бар. Менин ордумда болсо, алар түрмөгө чиритмек. Ал киши (ред.-Атамбаев) мага атаандаш боло албайт. Аздыр-көптүр иштеди эле, эл башкарды эле деген мааниде бошотсом, өзүнүн жакынын, бала-чакасын түрмөгө тыкты. Мен тыккан жокмун. Каматкан жокмун".

Иштин чоо-жайы

2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баш болгон ондой адам жапырт кармалган. Анын алдында ИИМ Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки киши менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.

ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган.

Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Адахан Мадумаров бул иште күбө катары сурак берген.

Калгандары, анын ичинде, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Урмат Барктабасов, Шайлообек Атазов үй камагына чыккан. Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакев тил кат менен бошотулган. Былтыр 22-ноябрда жапырт кармалган бул кишилердин ичинен Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөн.