Улуу Британия үч кыргызстандык компанияга жана алардын биринин жетекчисине санкция салды

Лондон шаары
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Улуу Британия 2026-жылдын 8-октябрында Орусияга каршы санкциялардын алкагында Кыргызстанда катталган үч компанияны жана алардын биринин жетекчисин санкциялык тизмеге кошту. Чектөөлөр "Процессинг КейДжи" ААКсына, "ТокенСпот" ЖАКсына жана "Цунами Пейментс" ЖЧКсына киргизилди.

Бул тууралуу Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий санкциялык билдирүүсүндө айтылат.

Санкциялык тизмеге "Процессинг КейДжи" компаниясынын жетекчиси, мурда "Айыл Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген Улан Букабаев да киргизилген.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Букабаев "Процессинг КейДж" ААКсын жетектейт. Улуу Британиянын санкциялык тизмесиндеги компаниянын карточкасында "Процессинг КейДжи" ААКсынын башкы түзүмү катары Кыргызстандын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн. Азырынча Букабаевдин Лондондун соңку санкциялары тууралуу пикири белгисиз.

Улуу Британиянын бийлиги аталган үч компания Орусиянын өкмөтүнө пайда алып келиши же аны колдошу мүмкүн деп эсептөөгө негиз бар экенин билдирген. Расмий документте бул компаниялардын ишмердүүлүгү Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каржы кызматтары тармагына байланыштуу экени белгиленген.

Кыргызстандын Финансы министрлиги азырынча бул маселе боюнча маалыматы жок экенин айтып, комментарий берген жок. Тиешелүү документтер 12-октябрда келип түшкөндөн кийин маселе боюнча кеңири маалымат бериле турганын кошумчалады.

Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери АКШ, Британия жана Европа Биримдиги Кыргызстандагы бир катар ишканаларга, анын ичинде айрым банктарга санкция салган. Батыш өлкөлөрү бул ишканалар Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп эсептейт.

Апрель айында Еврошаркет санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинен импорттолгон жана Орусияда дрондорду жана ракеталарды өндүрүүдө колдонулган айрым станокторду жана айрым телекоммуникациялык жабдууларды Орусияга сатууну, жеткирүүнү, өткөрүп берүүнү же экспорттоону алдын алуу маселесинде системалуу жана туруктуу түрдө жетишсиз аракет көрүп жатат. Бул жогорку тобокелдиктеги товарлар Орусияга Украинага каршы мыйзамсыз аскердик агрессиясын улантууга жана согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп айтылган Евробиримдиктин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө санкция маселесине өзүнчө токтолуп, өзүнүн сунуштарын берген.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө санкциялар айрым өлкөлөр тарабынан эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатканын белгилеген.

Айтымында негизсиз, бир тараптуу киргизилген санкциялардын терс таасири жаңыдан бутуна туруп келе жаткан чакан өлкөлөргө тийүүдө.

Садыр Жапаров мындай көрүнүштөр көз карандысыз мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө алып келип, эл аралык укуктун негизги принциптерине каршы келип жатканын айткан:

"Айрым ири мамлекеттер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдү кээ бир маселелер боюнча соодалашууга барууга мажбурлап, ультиматум коюуда", - деген президент Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле кайсы бир мамлекеттке санкция киргизүү укугун бир гана БУУга берүү демилгесин көтөрүп, аны эл аралык санкциялар системасын жакшыртуунун жалгыз жолу деп атаган:

"Уюм тарабынан бардык санкциялык чараларды алдын ала карап чыгуунун милдеттүү механизмин киргизүү керек. Санкциялар боюнча демилгелерди алдын алууну карап чыгуу - алардын мүмкүн болгон гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алууга жардам берет. Сунушталган механизмдин маанилүү элементи ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу болуш керек. Санкцияларды демилгелеген мамлекеттер өздөрүнүн укуктук негиздемесин, мындай чаралардын зарылдыгын, алардын максаттарын жана аларды келечекте кайра алып салуу үчүн критерийлерин жана шарттарын так көрсөтүүлөрү керек. БУУнун колдоосу астында санкцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды үзгүлтүксүз карап чыгуу үчүн бирдиктүү эл аралык механизмди түзүү максатка ылайыктуу деп эсептеймин. Ошондо гана БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролу күчөйт жана укуктары кеңейет", - деген Жапаров.