"Элдин үнүн угабыз": Төрага Жогорку Кеңешти ашыкча сындабоого чакырды

Сүрөттүн булагы, official
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев соңку учурда социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин ишине карата сын-пикирлер көбөйгөнүн айтты. Ал мындан ары аша чаап кеткен сындар үчүн Жогорку Кеңеш сөзсүз түрдө чара көрө турганын кошумчалады.
"Эл өкүлү катары ар бир сынды кабыл алабыз. Бирок аша чапкан, ар-намыска шек келтирген нерселер болбошу керек. Аша чаппасаңыздар. Аша чаап кете турган болсо, Жогорку Кеңештен сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Муну да баса белгилеп коёлу. Ушул эле сыяктуу "парламент алсыз, парламент нотариус болуп калды" деген анча-мынча соцтармактын колдонуучуларына, саясатчыларга, айрым чала саясатчыларга айта кетейин. Ошондой сөздөрдөн алыс болсоңуздар. Ушинтип сүйлөгөн анча-мынча чала саясатчыларды карап көрдүм. Өздөрү бир жакшылык кылдыбы Кыргызстанга деп суроо берип, жооп таба албай койдум. Өздөрү эч нерсе кылган эмес убагында, кыйраткан эмес. Анан азыр капталдан чыга калып, шайлоо алдында акыл үйрөткөн туура эмес",- деди ал.
Маматалиев депутат Айсаракан Абдибаеванын ата-энелердин кайрылуусуна байланыштуу комитетте айткан сөздөрүнө да токтолду.
Айсаракан Абдибаева 29-сентябрдагы комитеттин жыйынында Кылмыш жаза кодексинин 154, 157, 158-беренелерине байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Ал мыйзамга пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранган.
Анын сөздөрү социалдык тармактарда талкууга түшүп, "депутат педофилдерди коргоп жатат" деген пикирлер да айтылган.
Абдибаеваны депутаттык мандатын тапшырууга чакырган талаптар да айтылып, 1-октябрдан тартып бул боюнча петиция жарыяланган.
Маматалиев Абдибаеванын сөзү Жогорку Кеңештин жалпы позициясы эмес экенин баса белгиледи.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Сиздер менен бизди эл өкүлү катары, эл шайлагандан кийин эл баа берет жана кайрылат. Алар менен тыгыз иштөөгө милдеттүүбүз. Бизге ар кандай катмардагы адамдар кайрылат. Кандай гана катмар болбосун, керек болсо түрмөдөн кайрылса деле, алар менен иштешкенге милдеттүүбүз. Ушул сыяктуу эле биздин депутат Айсалкан Абдибаевага ата-энелер кайрылган экен. Ошонун негизинде ал өзүнүн сунушун, пикирин комитетте айткан. Биринчиден, ар бир депутаттын өзүнүн укугу. Ар бир депутат оюн айтканга, сүйлөгөнгө, сунуш кылганга, мыйзам жазганга укуктуу. Албетте, бир депутаттын сөзүн жалпы Жогорку Кеңеш айтты дегенден алыс болуш керек. Андай мыйзам депутат тарабынан жазылган эмес. Андай мыйзам Жогорку Кеңешке түшкөн эмес жана андай мыйзамды биз бүгүн карайбыз, кабыл алабыз деген ниетибиз да жок. Аны баса белгилеп кетейин. Айсаракан Абдибаева педофилдер тууралуу сүйлөгөн эмес, башка нукта сүйлөгөн экен. Бирок педофилдерди коргогон сыяктуу болуп калыптыр",- деди Маматалиев.
Парламент төрагасы Жогорку Кеңеште буга чейин балдарга карата сексуалдык зомбулук жасаган адамдарга жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам кабыл алынганын эске салды.
"Тескерисинче, биз 7-чакырылышта педофилдер көчөдө ээн-эркин жүрбөсүн деп мыйзам кабыл алганбыз. Мына ошондой бузуку адамдар эч качан элди аралап, эл менен чогуу болбошу керек. Алардын орду, жери түрмө. Ошол жерде чирип, ошол жерде өлүшү керек деген мыйзамды жазганбыз. Керек болсо кастрация кылалы дегенбиз. Ансыз деле ал жерде жазылбаган мыйзам менен педофилдердин тагдыры оор экенин эске алуу менен кастрацияны киргизген эмеспиз. Бирок эң негизги принциптердин бири- алар эч качан Кыргызстанда кыргыз элин аралап жүрбөшү керек деген нерсени айтканбыз. Экинчи жагынан, экспертизасы жок, күнөөсү жок балдар да кирип кеткен учурлар болуп жатат. Бул боюнча прокуратура да сөзсүз ар бир эпизодду текшерип, карап чыгышы керек",- деди парламент төрагасы.





























