Адабият боюнча Нобель сыйлыгын канадалык акын Энн Карсон алды

Нобель
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

2026-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка заманбап адабиятта жаңы формаларды жаратканы үчүн татыды.

2026-жылдагы башка фавориттер

Нобель сыйлыгына талапкерлердин расмий тизмеси жарыяланбайт. Ошондой эле номинанттардын аты-жөнү жана Нобель комитетиндеги талкуулардын мазмуну 50 жылга дейре жашыруун сакталат. Ошондуктан лауреат жарыяланганга чейин адабият сынчылары жана букмекерлер быйылкы сыйлык кимге ыйгарыларын божомолдоп келишкен.

Эксперттердин айтымында, быйылкы сыйлык Латын Америкасынан же Кариб деңизиндеги өлкөлөрдүн биринен чыккан жазуучуга берилиши мүмкүн болчу. Бул сыйлыкты ар түрдүү өлкөлөрдүн жазуучуларына берүү аракети. Анткени көп жылдар бою Нобель сыйлыгы көбүнчө эркектерге жана европалык авторлорго берилип келген.

Ыктымал талапкерлердин арасында 77 жаштагы америкалык жазуучу, Антигуада төрөлгөн Жамайка Кинкейд да болгон. Анын чыгармаларында Кариб деңизиндеги маданият, үй-бүлө жана инсандык маселелер, ошондой эле колониализм жана расалык темалар кеңири чагылдырылат.

Талапкерлердин катарында кытайлык жазуучу Цань Сюэ да болгон. Анын авангарддык, эксперименталдык прозасын адабиятчылар Франц Кафканын чыгармаларына салыштырып келишет.

Канадалык акын Энн Карсон да мурунку жылдардагыдай эле быйыл Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн башкы фавориттердин катарында болгон. Аны букмекерлер да, адабият сынчылары да жогорку баалап келишкен.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын тарыхы

Швед академиясы тандоодо Нобель фондунун уставындагы жалпы талаптарды гана эмес, Нобелдин өзүнчө айткан талабын да эске алат. Уставда сыйлыкка көрсөтүлгөн эмгек жалпы адамзатка мүмкүн болушунча чоң пайда алып келиши керектиги айтылат. Нобель адабий чыгарма бул пайданы "идеалисттик багытта" алып келиши керек деп белгилеген.

Бул эки талаптын мааниси так аныкталган эмес. Айрыкча "идеалисттик багытта" деген түшүнүк көп талаш-тартышка себеп болгон. Нобель бул сөз менен эмнени айткысы келген?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Нобелдин керээзиндеги талаптарды Швед академиясы жылдар бою кандайча чечмелеп келгенин так аныктоо оңой эмес. Анткени Нобель фондунун уставына ылайык, бул боюнча документтер жана кат алышуулар 50 жыл бою жашыруун сакталат.

Бирок, азыркы көз караштан алганда керээз идеализм менен Нобель адабияттагы идеалисттик кыймылды эмес, тескерисинче, аны көрүнүктүү кылган чыгарманын идеалдуу аткарылышын, тилин жана стилин айткан деп чечмеленет.

1901-жылдан бери адабият боюнча Нобель сыйлыгы 118 жолу ыйгарылып, аны жалпысынан 122 адам алган. Төрт жолу сыйлык бир эле учурда бир нече лауреатка берилген. Алардын арасында 18 аял бар.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгын эң жаш курагында алган лауреат, англиялык жазуучу Редьярд Киплинг. Ал 1907-жылы сыйлыкка 41 жашында татыган.

Ал эми эң улуу курагында лауреат болгон жазуучу Дорис Лессинг. Ал 2007-жылы Нобель сыйлыгын 87 жашында алган.

Сыйлык жети жолу ыйгарылган эмес. 1914, 1918, 1935, 1940, 1941, 1942 жана 1943-жылдары. Эки адам Нобель сыйлыгынан баш тарткан.

Борис Пастернак 1958-жылы алгач сыйлыкты кабыл алган. Бирок кийин Советтер Союзунун бийлигинин кысымынан улам сыйлыктан баш тартууга аргасыз болгон.

Жан-Поль Сартр 1964-жылы Нобель сыйлыгын кабыл алган эмес. Ал буга чейин да бардык расмий сыйлыктардан баш тартып келгенин айтып, бул сыйлыкты да алуудан баш тарткан.