"Таятам, байкем зордуктаган". Жаңы флешмоб ашкерелеген эски көйгөй

courtesy image
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Threads социалдык тармагында АКШда башталган "Мен Жейн Доумун" (IamJaneDoe) деген кыймыл жайылып, ага далай кыргызстандыктар да катышууда. Анда анонимдүү колдонуучулар кайсы өлкөдөн экенин белгилеп, өзү канча жаш курагында канча жаштагы киши тарабынан жыныстык зомбулукка кабылганын жазышууда. Алардын көбү бала кезинде жакын туугандарынан, үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана кошуналарынан сексуалдык ыдык көргөн же зордуктоого туш болгон. Айрымдары учурунда зомбулук тууралуу ата-энелерине билдиришкенин, бирок андан майнап чыкпаганын айтып жатышат. 7-октябрда бул маселени депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеште көтөрдү. Ички иштер министрлиги жабырлануучуларды расмий арыз менен кайрылууга чакырууда.

Жейн Доу деген ким?

"Jane Doe" псевдоними англис тилдүү юридикалык документтерде, соттук иштерде жана полиция тажрыйбасында аялдын чыныгы аты-жөнү ачык айтылбаган же белгисиз болгон учурларда колдонулат. Тек-жайы ачык айтылбаган эркектерди "John Doe" деп атап коюшат.

АКШда аялдар жана эркектер социалдык тармактарда өздөрүн "Жейн Доу" деп атап, зомбулукка кабылганы тууралуу билдирүүлөрдү жарыялашууда. Бул - студенттик уюмдун жети мүчөсүн зордук-зомбулукка айыптап, доо арызында ушул псевдонимди колдонгон Корнелл университетинин мурдагы студентин колдоо флешмобу.

eu.registerguard

#IamJaneDoe хештеги менен коштолгон бул флешмоб миңдеген адамдарга сексуалдык мүнөздөгү ыдыкка жана зордук-зомбулукка кабылганын ачык айтып чыгууга мүмкүнчүлүк түздү. Бул кыймылды Голливуд продюсери Харви Вайнштейди сексуалдык зомбулукка айыптаган билдирүүлөрдөн кийин башталган 2017-жылдагы #MeToo флешмобуна салыштырып жатышат.

Флешмобдун Кыргызстандагы жаңырыгы

АКШда башталган бул флешмоб Кыргызстанда да актуалдуу болуп, өзгөчө Threads социалдык түйүнүнө жайылууда.

Атын атабаган бул колдонуучунун посту англис тилинде жазылган. Анын котормосун жаза кетели:

screenshot

"Мен Жейн Доумун

Мен Кыргызстандан болом

Мен 9 жашта болчумун

Ал 73тө эле

Ооба, ал менин таятам болчу"

Бул жерде болсо Кыргызстандан экенин айткан дагы бир колдонуучу өзүн бир тууган агасы зордуктап жүргөнүн ишарат кылган:

screenshot

"Менин атым Жейн Доу

Мен төрттө, ал 11де болчу

Мен беште, ал 12де

Мен алтыда, ал 13тө

Мен 18де, ал 25те

Ал менин байкем жана биз үй-бүлөбүз менен жолукканда эч нерсе болбогондой болуп жүрөм

Мен Кыргызстанданмын"

Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева аталган флешмоб тууралуу айтып чыкты. Ал сексуалдык зомбулукка кабылган кыргызстандыктардын көптүгүнө көнүл бурду.

Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева

"Тредс соцтармагында "IamJaneDoe" флешмобу жүрүп жатат. Көрүп жатсаңыздар керек. Мени ал жактагы зордуктоого кабылган кыргызстандыктардын көптүгү кооптондуруп жатат. Мындан улам ата-энелерге кайрылат элем, балдарыңыздарга сак болуңуздар, жашоодо ар кандай кырдаал болот. Ал жакта кыздар эле эмес, балдар дагы жазып жатат. Эмне үчүн педофилия темасы чоң резонанс жаратты? Себеби көпчүлүгү аны башынан өткөргөн. Бул сигнал болушу керек", - деди депутат Сурабалдиева.

Назира Айтбекова: "Мамлекеттик деңгээлде эч нерсе болгон эмес"

Бул сыяктуу посттордун аягы суюлбайт. Алып баруучу, блогер Назира Айтбекова мындан бир нече жыл мурда өзүнүн жеке баракчасына зордук-зомбулукка, ыдыкка кабылдым деген кыз-келиндерден келген анонимдүү каттарды жарыялап турчу. Ал "Мен Жейн Доумун" кыймылынын алкагында жазылган аянычтуу окуялар жаңылык эмес деп эсептейт.

Назира Айтбекова, алып баруучу, блогер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назира Айтбекова, алып баруучу, блогер
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Ыдык көрсөтүү, зордуктоо темасына кайрылганыма төрт-беш жыл болуп калды окшойт. Автобуста ыдык көргөн кыздын окуясын тарыхчама чыгарып койсом, коомдук транспортто ыдыкка кабылдым деген көп кыз-келиндер жазышкан. Инстаграмдан да, Фейсбуктан да каттарга көмүлүп калдым. Андан кийин "кичинекей кезимде зордукталганымды 50 жылдан бери катып жүрөм" деген кат келген. Анан ошондо жазганым эсимде, "элестет, ал эже 50 жыл мурун зордукталса, аны зордуктаган киши мынча жашта болсо, демек мындай нерсе эзелтен эле бар турбайбы" деген тема козголгон да. Мурун интернет жок эле. Жең ичинде эле "уят, элге чыкпасын, шерменде болот, кокуй тигил уят болот, тигил камалып кетет" деп эле бул жара катары келген. Эч ким аны ачып, сыккан эмес. Анан ал жара ачылып калып, муну жалгыз көтөрүш мага кыйын болгон. Канча жыл депрессия болуп жүрдүм бул каттардан кийин. Көмкөрөмөн жатып, жашоого супсак карап, көңүлүм жок болуп калган. Анан муну журналисттер менен ар кыл өңүтүнөн чыгарып, жарыялаганыбыз менен деле мамлекеттик деңгээлде эч нерсе болгон эмес. Ошол убакта Атыр Абдрахматова акыйкатчы эле, аны менен бир аз иштешкенбиз. Таксиде зордукталган кыздын окуясын элге алып чыгып, анын сотуна да катышкан учурум болду. Бирок ошол боюнча калып эле кетти", - деди Назира Айтбекова.

"Эркек балдарды эрте жаштан окутуш керек"

"Мен Жейн Доу" флешмобу Кыргызстанда өспүрүмдөргө сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазанын өлчөмү тууралуу талкуу жүрүп жаратып жаткан учурга туш келди.

Шоумен, блогер Актан Рыскелдиев коомдо аялдарга, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук азайышы үчүн балдарга бала бакча курагынан тарта эле агартуу иштерин жүргүзүш керек деп эсептейт. Ошондой эле кыргыз менталитетиндеги "эл эмне дейт", "уят" деген жүйөө менен кыздарынын жабыр тартканын жашырган ата-энелерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек деген пикирде.

Шоумен, блогер Актан Рыскелдиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шоумен, блогер Актан Рыскелдиев

"Кыздар кандай кийимчен, кайсы куракта, каякта жүрсө дагы эч кимдин ага тийгенге акысы жок. Мага демек жылаңач жүрсө дагы, зордуктоого ал шылтоо эмес. Ушуну ар бир эркек түшүнүшү керек. Балким муну үйрөтүш үчүн эркек балдарга бала бакчадан, мектептен атайын сабак киргизебизби, өзүнчө окутабызбы, айтор, ушул нерсени балдарга жеткиликтүү кылып түшүндүрүшүбүз керек. Бул флешмобдо жазылып жаткан кейиштүү окуялар мурдатан эле бар болчу да. Болгону аны биздин улуу эжекелерибиз, апаларыбыз, "эл эмне дейттен" улам тыйып, бекитип келишпедиби. Демек аларга да өзүнчө түшүндүрүш керек", - деди Актан Рыскелдиев.

Балдар эмне үчүн ата-энесине зордук-зомбулукка кабылганын айта албайт?

Психолог Сейил Калдыбаева аталган флешмоб башталгандан кийин жеке куржунуна келген билдирүүлөрдү анонимдүү түрдө чыгарып жатат. Алардын биринде 13 жашар кыз алты жашында бир тууган агасы зордуктап койгонун жазган. Психолог бул ага келген каттардын бири гана экенин айтып, ата-энелер балдары менен ишенимдүү мамиле түзө албай жаткандыктан балдар зордук-зомбулукка кабылган күндө дагы, ата-энесине батынып айта албайт дейт.

Психолог Сейил Калдыбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Психолог Сейил Калдыбаева

"Тилекке каршы "мен зордукталып калгам, мени зордуктап коюшту, бирок апама айткандан корком, мен билген эмесмин, бул жаман нерсе экенин ошондо түшүнгөн эмесмин, мага эч ким айткан эмес, эми түшүнүп жаман болуп жатам" деп, акыл-эси токтолуп, бойго жетип калган кыздардан мага күн сайын каттар келет. Азыр менин вотсабымда 500гө жакын кат ачылбай турат. Мен физикалык жактан окуганга жетишпей жатам. Каттын көбүндө "мен апама айткандан корком" деп жазылат. Бул эмнени билдирет? Апа менен баланын ортосунда тыгыз, терең, ишенимдүү мамиленин жоктугу. Ошол себептен биз, ата-энелер балдарыбызга курсагын тойгузуп, кийимин алып, окутуп-чокутуп койгонубузга эле ыраазы болбой, терең сүйлөшкөндү, терең суроолорду берип, ачык сүйлөшкөндү, жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын, балдарыбыздын жашоосу менен кызыктар болгонду үйрөнсөк жакшы болмок. Анткени ата-энелер балага мени үйдө кандай жагдай болбосун, шартсыз сүйөт, кабыл алышат, түшүнүшөт деген сезимди бере албай жатышат", - деди Сейил Калдыбаева.

"IamJaneDoe" флешмобу алгач казакстандык тредс колдонуучулары арасында тарап, кийин аларга кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар да кошулушту. Мындан улам "Борбор Азияда чырпыктай балдар-кыздарды сексуалдык катнашка мажбурлаган учурлар эмне үчүн көп кездешет?" деген суроо келип чыкты. Психолог Сейил Калдыбаева муну жергиликтүү кулк-мүнөз, менталитет менен түшүндүрдү.

"Биз балдарга жыныстык тарбия бербейбиз. Биз уялабыз, бул тема биз үчүн табу. Биз эгер жыныстык тарбияны күчөтпөсөк, мындай каттардын аягы түгөнбөйт. Жыныстык тарбия деген бул ар бир органды өз аты менен атап, ал уяттуу жерлерге "эч ким тйигенге болбойт, өзүң дагы жууп жатканда гана кармасаң болот, башка учурда тийбе, жыныстык катнаш, никеде гана боло турчу нерсе" деп, баалуулуктарды, принциптерди балдардын мээсине сиңиришибиз керек. Ушундай окуялардын аркасынан суцид болгон кыздар канча? Канчасы ачыкка чыкпай калат? Дагы бир маселе, көпчүлүк учурда апалар, таенелер, чоң энелер кызы айткан күндө дагы "уят, эл эмне дейт, бир үй-бүлөгө бүлүк салба" деп тыйып же ишенбей койгон учурлар дагы абдан көп. Ушундан улам дагы кыздар апаларына айткылары келбейт", - деди Калдыбаева.

ИИМ флешмобго катышкандарга кандай жардам бере алат?

Ички иштер министрлиги зордуктоого кабылганын Threads платформасында жазган адамдардын постторунун алдына жабырлануучуларды милицияга расмий арыз менен кайрылууга чакырып, комментарий калтырууда. Бирок ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов бүгүнкү күнгө карата бул боюнча арыз түшө электигин Би-Би-Сиге билдирди.

screenshot

"Биз комментарий жазып жатабыз, бизге кайрылгыла деп. Бирок эч ким кайрыла элек. Биз эми мындай келип деле кайрылгыла, андай да келгиле, карайбыз деп жатабыз, бирок кыстай албайбыз да", - деди ИИМдин басма сөз катчысы.

Би-Би-Си 10-20 жыл мурун зордуктоого кабылган жарандардын арызын кароодо тергөө иштери кандай жүрөрүн тактап көрдү.

"Ар бирин өзүнчө караш керек. Алар келип, бизге түшүндүрүп берсе, ошого карата иш алып барабыз. Экспертиза жасалбай турган болсо, башка балким күбөлөр бар, же жок да болушу мүмкүн. Кандай болгондо да бизге эгер кайрылышса, биз индивидуалдуу түрдө ар бирин өз-өзүнчө карайбыз", - деди ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов.

Расмий статистикага ылайык, 2026-жылдын январынан апрелине чейин Кыргызстандагы 487 жашы жете элек өспүрүм кылмыштуу кол салуулардын курмандыгы болгон.

Маалыматтарга караганда, балдардын 13,3% 16 жашка чейинки жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулуктун, ал эми дагы 11,3% зордуктоонун курмандыгы болгон. Бул дээрлик ар бир төртүнчү баланын сексуалдык зомбулукка кабылат дегенди билдирет.