"Бишкек Арена" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

Сүрөттүн булагы, AFP
"Бишкек Арена" 5-октябрда расмий ачылат. Анын ачылышына кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары катышып, концерттик программа тартууланат.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага көп адам келери күтүлүп жаткандыктан, аренада жана анын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Коомдук тартипти камсыздоо үчүн 5 миң милиция кызматкери иштейт.
Мындан тышкары, аренага жакын аймактарда жеке автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Көрүүчүлөрдү концертке жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустар каттай турганы маалымдалды.
ИИМ жарандарды жолдогу чектөөлөрдү эске алып, сапарын алдын ала пландап алууга чакырды. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарып, мүмкүн болушунча коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштады.
5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери да онлайн иштейт.
ИИМ бул чаралар "Бишкек Арена" ачылган күнү шаардагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн көрүлүп жатканын билдирди.




























