You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Атаандаш болчулар толтура": Президенттик шайлоо кандай өтөт?
Президент Садыр Жапаров MediaHub платформасына маек берип, анда келе жаткан президенттик шайлоо тууралуу да пикирин билдирди. Жапаров экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого барарын ачык айтты. Атаандаштары үчүн жол ачык экенин, шайлоо таза өтөрүн убада кылды.
"Бардыгына жол ачык. Ким барам десе бара берсин. Орусча айтканда, флаг в руки. Эч кимге биз чектебейбиз. Буга бут тоскула дебейбиз. Шайлоо таптаза өтөт. Шайлоонун укугун элге бердик. Мурда берилчү эмес. Мурун кагаз менен бюллетенди санап, биринчисин экинчисине кошуп туруп, өткөрүп койчу. Азыр андай жок. Аманчылык болсо көрөсүңөр. Эч кимге бут тоспойбуз. Эч кимге чектебейбиз. Мыйзам кандай болсо ошондой талапкерлигин коюп, ар бири бара берсин. Мурдагыдай болуп мугалимдерди, доктурларды колдонуу, агитаторлорду "иштегиле" деген болбойт. Аны убагында иш менен далилдейбиз. Азыр сөз менен мактанбай туралы",- деди Жапаров.
Президенттин бул сөзү коомчулукта кызуу талкууланууда. Айрымдар анын билдирүүсүн кубаттаса, башкалары азыркы саясий шартта Жапаровго ким атаандаш боло алат? Талапкерлер үчүн шарттар чындап эле бирдей болобу деген суроону коюуда.
Саясатчы Клара Сооронкулова 2021-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон. Кийин ал "Кемпир-Абад" иши боюнча соттолуп, бирок акталып чыккан.
Мурдагы сот кызматкери өзүнө козголгон кылмыш ишин 2021-жылы шайлоо маалында айткан сын-пикирлери менен байланыштырат.
Анын баамында, ошол кездеги президенттик жарышта бийликке карата курч сын айткан бир катар саясатчылар кийин куугунтукка туш болгон.
Сооронкулова бул ирет да президенттикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бирок мурдагы окуялардан кийин саясий позициясын ачык билдирүү кандай кесепет алып келиши мүмкүн деген кооптонуу бар экенин жашырбайт.
"Эгер 2021-жылды айта турган болсок, ал жерде 17 талапкер катышкан. Ошонун сегизи кийин куугунтукка алынып, камалды. Арстан Алай абактан чыкпай каза болуп калды. Ташиев камалды. Президенттин негизги оппоненти Мадумаровду каттабайт, анткени соттуулугу бар. Равшан Жээнбеков дагы абакта. Ал да көп сын айтты эле. Ошол учурда дебаттарда көп эле курч маселелер айтылды. Бул кандайдыр бир деңгээлде ошол сындарга байланыштуу болду. "Бара бергиле, демократиялык маанайда өтөт" дегени менен, кийинки кесепети кандай болот?"- деди Сооронкулова.
Мурдагы депутат Искaх Масалиевдин айтымында, Кыргызстанда президенттик шайлоодо Жапаровго атаандаш боло турган саясатчылар көп. Бирок жарышта азыркы президент менен башка талапкерлерге шарт чындап бирдей болобу?
"Жеке президент кайсы бир акчадан мэрге, губернаторлорго, министрлерге акча берип жатат. Бул ачык айтканда сатып алуу дегендик. Эми ошол губернатор, мэр, аким кимге иштеп берет? Ким айлык берсе, ошого иштейт. Демек, алар эки колу, буту, башы менен кирип кетет. Президентке кызмат кылат. Ага атаандаш болуп чыккандарга бут тосууну ушул жигиттер баштайт. Каттоодон баштап, ар кандай шылтоолор менен бут тосот. Президент шайлоодо жер кыдырганда, стадионго элди жыйнап берет, сүйлөгөндөрдү тизмектеп берет, башка талапкерлерге андай шарт түзүлбөйт. Иштеп жаткан президент менен башка талапкерлер тең болбойт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе",- деди ал.
Ошол эле учурда Жапаровдун рейтинги эл арасында жогору экенин айтып, анын экинчи мөөнөткө барышын колдогондор жана шайлоо калыс өтөт деп ишенгендер да бар.
"Шайлоо калыс өтөрүнө менде шек жок. Себеби бизде шайлоо системасы өнүгүп калды, технология өнүктү. Электрондук шайлоо урналары бар. Мурунку шайлоо деле ачык-айкын өткөн. Бул сапар деле ошондой болот. Мамлекет өнүгүп жатат. Экономика өсүп жатат. Президенттин эл арасында рейтинги жогору",- деди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.
Ташиевдин катышуу мүмкүнчүлүгү канчалык?
Соңку жылдары коомчулукта УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев да президенттикке талапкерлигин коюшу мүмкүн экени талкууланып келген.
Айрым саясатчылар УКМКнын мурдагы төрагасы акырындык менен өзүн президенттик шайлоого даярдап жатканын ачык эле айтып чыгышкан.
Бирок Ташиев бир нече жолу эл алдында президенттикке талапкер болбой турганын билдирген.
Деген менен 2026-жылдын башында саясий кырдаал кескин өзгөрүп, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев баш болгон бир катар жогорку даражалуу адамдарды кызматтан алды.
Кызматтан алынгандан көп өтпөй Ташиев "75чилердин каты" деп аталган кылмыш ишинин негизги фигуранттарынын бири болуп калды.
Дал ушул кайрылууда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү маселеси көтөрүлгөн.
Ага жана башка бир катар мурдагы жогорку кызматтагы адамдарга "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы төрагасын төрт жыл эркинен ажыратууну өкүм кылып, бирок пробация менен эркиндикте калды.
Ташиевдин жактоочулары райондук соттун өкүмүнө макул болбой, учурда иш Бишкек шаардык сотунда каралууда. УКМКнын мурдагы төрагасы соттон акталып, 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү канчалык?
"Кечээ маекте президент ачык айтты. Камчыбек Ташиев досум көптөгөн иштер, бюджетке түшкөн акчалар боюнча бурмалап маалымат берген деп айтты. Бул дагы бир кылмыш жасалды деген сөз. Бурмалап маалымат берүү мамлекеттик кызматкер үчүн кылмыш деп эсептелет. Эгер прокуратуранын акыл-эси болгон болсо, президенттин сөзүн алып туруп, Камчыбек Ташиевге кылмыш ишин козгош керек болчу. Бул жерде Камчыбек Кыдыршаевичке эскертүү берилди. Бул иш кыскарса кыскарышы мүмкүн, акталса акталышы мүмкүн. Бирок башка иш толгон-токой дегендик. Ошон үчүн ал шайлоодо күрөшөт деп айтуудан алысмын",- деди Масалиев.
75чилердин каты боюнча Ташиевге козголгон кылмыш ишин аны шайлоого катыштырбоого багытталган саясий кадам катары баалагандар да болуп келет.
MediaHub платформасына маекте Ташиев тууралуу да суроо берилген.
Журналист Али Токтакунов президенттен Ташиев экөөнүн ортосунда "адегенде мен президент болом, анан сен президент болосуң" деген макулдашуу болгон-болбогонун сурады.
"Жок, такыр андай болгон эмес. Достору айтып жүрбөйбү: "Куран кармашкан, анан нан тиштешкен" деп. Кудай төбөдө карап турат, өзү деле калп айттырбайт, эч кандай андай болгон эмес, соодалашуу, "мен болоюн, анан сен болосуң" деген. Ушунча болду, мен айтайын. Менин өзүмдүн планым болгон. Алты жыл отуруп эле, 2027-жылы шайлоого барбай эле, тажрыйба топтоп, даяр болуп калса, Камчы катышса, мен катышпай эле, Камчыны президент кылып, эс алууга кетсемби деген менин өзүмдүн планым болгон. 2027-жылы январда шайлоо болот да. Ушундай кылсам деген менин планым болгон. Өзүнө бир жыл калганда айткам, эки-үч жыл болуп калдыбы. "Даяр болгун, даярдан, айлана-тегерегиңди тазала, тарбияла", — деп, ошентип келгем. Анан карасам, даяр эмес. Кызматкерлеринин баары тигинтип жатат. Айлана-тегерегинин баары асманда жүрөт, учуп алды деп эми 75тин каттары боюнча, парламентте экиге бөлүп депутаттарды: "Сен бери кел, генерал тараптасыңбы же бул тараптасыңбы?" деп, баштаганда анан чакырып алып айттым. "Мындай иш болбойт. Элди экиге бөлбөш керек. Түндүк-түштүк деп бөлгөндөрдү мен катуу жазалайм. Эми-эми эл биригип, бир Кыргызстан болуп баратса, анан сен тигил жактасыңбы же бул тараптасыңбы деген болбойт. Мен сени ошон үчүн кызматтан алып жатам, капа болбо деп туруп, анан кийин шайлоого катышам десең, шайлоого шарт түзүп берем деп айткам. Кызматтан өзүнө айтып туруп алгам".
Садыр Жапаров президенттик кызматка 2021-жылдын январында шайланган. Кийинки шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтмө турган болду.