Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын инспектору кармалды

Сүрөттүн булагы, Official
Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын инспектору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарларды туура эмес декларациялоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, 1995-жылы туулган Д.М. аттуу инспектор Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунда иштеген.
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу "кара металл" деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөргөн.
Ошондой эле жүктү бажылык тариздөө учурунда Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) туура эмес коду колдонулганы аныкталган.
Анын кесепетинен, мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй калып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылат.
УКМКнын маалыматына караганда, кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.
























