"Станцияңды алып кет деп жатышат". Электромобиль станцияларын орноткон ишкерлер мэрияга нааразы

    • Author, Элеонора Куленбекова
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орноткон ишкерлер президентке кайрылышты. Алар мэрия станциялар жайгашкан муниципалдык жерлердин ижара келишимдерин узартпай жаткандыктан, бизнестери коркунучка кептелгенин билдиришүүдө.

24 жаштагы жаш ишкер Темирлан өзүнүн чакан кубаттоочу станциясын ишке киргизүүгө жалпысынан 50 миң доллардай каражат жумшаганын айтат. Ал былтыр октябрда бул тармакта бизнесин баштоо үчүн мэрия менен келишим түзгөн.

Бирок андан кийин үч-төрт ай уруксат кагаздарын топтогонун айтып берди. Бизнеси баштала элек болсо да бул убакыт аралыгында муниципалдык жер тилкеси үчүн ижара акысын төлөп келдим, дейт.

Ал бизнесин быйыл майда гана толук ишке киргизип, эми гана киреше ала баштаганда бизнеси жабылык калуу коркунучуна илинди.

"Эгер мэрия бир жылдан кийин келишимиңерди узартпайбыз деп алдын ала айтканда, бул жерге эч ким акча салмак эмес. Мен инвестор тарттым, даяр станцияларды да сатып алдык. Жалпысынан 50 миң доллар инвестиция салдым".

Темирландын айтымында, анын акчасы станциянын өзүнө, аны электр тармагына туташтырууга жана башка инфраструктуралык чыгымдарга жумшалган.

"Станцияны алып кет деп жатышат. Бирок биз ага инвестиция кылганбыз. Электр тармагын тартып келгенбиз. Башка жерге алып барып орнотоюн десем, жеке жериң, кызыл китебиң болсо да уруксат жок", -дейт ишкер.

Темирландын билдиришинче, станцияны ишке киргизүү үчүн алты айга жакын убакыт кеткен. Бирок бизнес толук иштеп, салынган каражатты кайтара баштай электе эле эми минтип жер маселеси жаралды.

Мэрия эмне дейт?

Бишкек мэриясы ишкерлердин тынчсыздануусу боюнча түшүндүрмө бере элек.

Бирок мэр Айбек Жунушалиев быйыл май айында Октябрь райондурунун тургундары менен жолугушуу маалында электромобилдер үчүн муниципалдык кубаттоочу станцияларды ачуу пландары тууралуу учкай билдире кеткен:

"Мэрия өзүбүз электр энергия чыгарып жаткандан кийин ошол электр энергияны бүгүнкү төмөнкү баа менен электромобил ээлерине сатабыз деген, электр кубаттоочу станциаларын өзүбүз курмай болдук. Бүгүнкү күнү ошолордун баасын тууралап туруп, 12 сомдон баштап баасын коюп, сатканга шарт түзөбүз".

Ишкерлердин айтымында, учурда алардын кубаттоочу станцияларында 1 кВт. саат электр энергиясы 13 сом 50 тыйындан, айрым жерлерде 14-15 сомдон кубатталат.

Электр кубаттоочу станциялар Кыргызстан үчүн салыштырмалуу жаңы бизнес. Бирок акыркы жылдары ал тез өсүп жатат.

Бул тармакка акчасын салган жеке ишкерлер азыр жок дегенде бизнеске салган каражаттарын чыгарып алууну президенттен суранып жатышат.

Исламбек аттуу дагы бир ишкер, бул бизнесине 70 миң доллар салганыни айтып берди. Азыр бизнесмен алардын үнү президентке жетсе, жок дегенде иш баштайм деп салган акчасын кайра кайтарып алууга ишеним артып жатат.

"Менин буга 70 миң доллар акчам кеткен. Азыр эми эмне кылам билбей турам. Кимге кайрылышты билбей турам. Мен го мен. Арабызда кредит алып, бүт акчасын бул бизнеске салып алган, үй-бүлөлүү жарандарыбыз көп".

Учурда жүздөн ашык ишкер бийликтен бул тууралуу жооп күтүп жаткан чагы.

Кайрылууда ишкерлер 2021-жылдан бери электромобилдер үчүн заряддоо инфраструктурасын өз каражатына түзүп келгенин белгилешет. Алар өздөрүнүн жана насыяга алган акчасын жумшап, өлкө боюнча 600гө жакын заряддоо станциясын орнотушкан.

Анын эсебинен өлкөдө электромобилдердин саны да өсүп жатат. 2025-жылдын соңуна карата Кыргызстанда 15 миң 278 электромобиль катталган. Бул өлкөдөгү жалпы автоунаалардын 0,8% түзөт.

Ишкерлердин айтымында, электромобилдердин көбөйүшү Бишкектеги абанын булганышын азайтууга жана көмүр кычкыл газынын чыгышын кыскартууга жардам берет.

Кыргызстандын 2029-жылга чейин жашыл экономиканы өнүктүрүү программасында өлкөдө 1000 заряддоо станциясын орнотуу максаты коюлган. Ишкерлердин айтымында, жеке бизнес бул пландын жарымын буга чейин эле аткарды.

2025-жылы бул тармакка салынган жеке инвестициялардын көлөмү 1 миллиард сомго жакындаганы айтылат.