Казакстандагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Казакстандын Караганда облусунда катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болуп, дагы бир жаран жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-августта Казакстандын Караганда облусунун Шет районунун аймагында болгон.

Кырсыктын кесепетинен 1966-жылы туулган И.А.А. аттуу Кыргызстандын жараны жаракат алып, Шет райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда ал аталган медициналык мекемеде дарыланууда.

Ал эми 1963-жылы туулган И.Г.В. жана 1974-жылы туулган Е.Е.Ю. аттуу Кыргызстандын эки жараны алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан.

Маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү үчүн жакын туугандарына берилгени айтылат.

Аталган факты боюнча Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги каза болгондордун жана жабыркаган жарандын жакын туугандары, медициналык мекеме, Казакстандын компетенттүү органдары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Учурда маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экени маалымдалды.