You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ДЧ-2018: Тарых жазган режиссер, саясатчы жана тиш доктур
Исландия Дүйнөлүк футбол чемпионатына жолдомо алган калкы эң аз мамлекет. Бирок бул курама Лионель Месси баш болгон Аргентина командасына каршы мыкты оюн көрсөтүп, дүйнөдөгү эң күчтүү курамалардын бири менен тең чыкты. Исландиянын дарбазачысы Мессинин пенальтисин дагы тосуп алды.
Калкынын саны 334,252 адамды түзгөн өлкөдө футболго жаңыдан көңүл бурулууда. Исландия курама командасынын оюнчуларынын баары профессионал футболчу эмес экенин дагы белгилей кетели.
Режиссер: Ханнес Халльдоурссон
Исландия менен Аргентина катуу кармашып, эсеп 1-1 болуп турганда эреже бузулуп, Аргентинага пенальти берилди. Аны албетте, Месси тепмей болду. Дүйнө жүзү Аргентина алдыга оозуп кетет деп турганда, Ханнес Халльдоурссон Мессинин пенальтисин тосуп алып, Исландияда "улуттук баатырга" айланды.
Кызыгы, дарбазачы режиссер болуп иштейт. Ханнес Халльдоурссон Исландиянын Евро-2012 мелдешиндеги жарнамалык тасмасын тарткан жана өлкөнүн "Евровидение" ыр сынагына видеосун дагы даядаган экен.
Футболчунун мурда иштеген компаниясы - Sagafilm, ал мелдештен кайтып келгенден кийин кайрадан ишке алабыз деп убада кылууда.
Саясатчы: Рюрик Гисласон
Египеттин чабуулчусу Мохаммед Салах өлкөдөгү президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтпөсө дагы экинчи орунду алган. Көрсө, шайлоочулар миллиондон ашуун бюллетенге Салахтын атын кошуп, өз добушун футболчуга берген экен.
Тарыхта футболчулар же атактуу актерлор, спортчулар саясатка аралашып келген. Мисалы, мурда "Челси", "Манчестер Сити" командасында ойногон Жорж Веа 2018-жылы Либериянын президенти болуп ишке киришти.
Исландиянын командасында дагы саясатчы бар. Бул өлкөнүн курамасы Евро-2016 мыкты оюн көрсөткөн соң, Рюрик Гисласон Көз карандысыз партия менен бирге шайлоого катышкан.
Албетте, Мохаммед Салахтан айырмаланып, Гисласон шайлоого талапкерлигин койгон. Көз карандысыз партия футболчунун жардамы менен колдоо тапканы айтылууда. Бирок Гисласон Германияда ойногондуктан, ал депутат болуп бир дагы күн иштеген жок.
Тиш доктур: Хеймир Хадльгримссон
Тарыхта орто жашка чыгып, карьерасын өзгөрткөн соң байлыкка жана ийгиликке жеткен учурлар көп болгон. Мисалы, жыгач уста болгон Харрисон Форд актерго айланып, эң таанымал тасмаларга катышты же банкта иштеген Жефф Безос "Амазон" компаниясын негиздеп, дүйнөдөгү эң бай адамга айланды.
Эми бул белгилүү кишилердин катарына Исландия курама командасынын машыктыруучусу Хеймир Хадльгримссон кошулду.
Машыктыруучу мыкты тиш доктур катары таанылчу. Ал футболдогу карьерасын 1990-жылдары баштап, өлкөнүн аялдар командасынын машыктыруучусу, андан тышкары тиш доктур болуп дагы иштеп келген.
2011-жылы эркектердин курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы катары дайындалган. 2016-жылы Европадагы чемпионаттан кийин башкы машыктыруучу катары ишке киришкен.