You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Корумду: Жоголгон үч альпинисттин сөөгү болушу мүмкүн делген белгилер табылды
Кыргызстанда Корумду тоосунда дайынсыз болуп жаткан үч альпинистти издөө учурунда алардын сөөктөрү болушу мүмкүн делген белгилер табылды. Чоң-Алай районундагы Корумду чокусуна чыккандан кийин 43 жаштагы Максим Полянский, 60 жаштагы Николай Свиридов жана 37 жаштагы Сергей Рубцов эки жумадан бери дайынсыз болуп жаткан. Алар Литванын жана Беларустун жарандары.
Дрондон тартылган видеолорду анализдөө учурунда асканын боорунан үч альпинисттин сөөгү болушу мүмкүн делген белгилер табылганын издөө тобунун башчысы, беларус Александр Смирнов билдирди.
"Биз сөздөрүбүздө так болушубуз керек, ошондуктан колубузда эмне бар экенин ачык айтып коёлу. Видеотасмада адамдардын өздөрү көрүнбөйт: дээрлик баары кар жана таш алдында калган. Биз тоо өтүктөрүн, альпинисттик жабдуулардын жана кийимдердин бөлүктөрүн, ошондой эле дене деп болжолдоого негиз берген контурларды көрүп жатабыз. Мунун так экенин адамдар түшүрүлгөндөн кийин гана айтууга болот. Ошондо алардын ким экенин да аныктоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ага чейин биз аты-жөнүн да, башка эч кандай чоо-жайын да жарыялабайбыз. Үй-бүлөлөргө бардык маалымат жеткирилди. Бир нерсени биз ишенимдүү айта алабыз жана бул биз үчүн маанилүү. Тоонун боорунан табылган буюмдардын баарын бир аркан байланыштырып турат: балдар бир арканга байланып, чогуу жүрүшкөн. Ушул күндөрү тоонун ылдый жагынан үчөөнө тең тиешелүү буюмдар табылды. Бул топтун бөлүнбөгөнүн, кырсык болгон учурда алар чогуу болгонун жана азыр да бирге экенин билдирет. Алардын эч кимиси тоонун боорунда жалгыз калган эмес", - деп жазды Александр Смирнов.
Үч альпинист бийиктиги 6 миң 613 метр болгон Чоң-Алай районундагы Корумду чокусуна чыгып, кайра түшүп баштагандан кийин дайынсыз кеткен. Алар акыркы жолу 2-августта байланышкан. Ал эми 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес.
Издөө иштерине Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Кыргызстандын жана Беларустун альпинизм федерациялары кошулган. Ошондой эле тик учак колдонулуп, дрон операторлору активдүү тартылган. Жергиликтүү тургундар тоого күйүүчү май жана башка керектүү нерселерди жеткирүүгө жардам беришкен. Мындан тышкары, жүздөн ашык ыктыярчы күн сайын тартылган видеолорду карап, талдап чыгышкан.
9-августта издөө тобу алардын чатырын тапкан. Бирок чатыр бош болгон.
Үч альпинисттин таржымалы
Дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин бири - 43 жаштагы беларус Максим Полянский. Ал мурдагы СССРдеги бийиктиги 7 миң метрден ашкан беш чокунун баарына чыккан. Алардын арасында Кыргызстандагы эң татаал чокулардын бири - Жеңиш чокусу да бар. Мындан тышкары, Максим Памирдеги Революция чокусуна чыккан. Тоого чыгуудан тышкары, велосаякат, үңкүр изилдөө жана аскага чыгуу менен алектенет жана жана инженер-конструктор.
60 жаштагы Николай Свиридов да Беларустан. Ал да инженер жана туризм боюнча спорт чеберлигине талапкер. Кесиптештери аны топтогу эң тажрыйбалуу альпинист деп мүнөздөшөт.
"Менин атам абдан акылдуу, билимдүү адам. Ал Ресурстарды үнөмдөө көйгөйлөрү институтунда инженер-конструктор болуп иштейт. Ага чейин "Беларускалийде" да ушул эле кызматты аркалаган. Ооба, ушундай болуп калды: атам үч адамдан турган топтун жетекчиси болгон. Ал аларды Кыргызстандагы Корумду чокусуна жөө жүрүшкө алып барган", - деп жазды Николай Свиридовдун кызы.
Николай ондогон жылдардан бери тоого чыгып, өзү да Памирге экспедицияларды уюштуруп келген.
"Эки альпинисттин тең ак илбирс макамы бар. Эки спортчу тең мурунку СССР аймагында бардык 7 миң метрлик чокуларды багындырып келишкен. Жеңиш чокусунда да болушкан. Николай бул нормативди 2020-жылы, ал эми Максим Полянский 2021-жылы тапшырган", - дейт Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы Александр Годлевский.
Үчүнчү альпинист - Литванын 37 жаштагы жараны Сергей Рубцов. Ал буга чейин Полянский жана Свиридов менен чогуу тоолорго чыгып жүргөн.
Александр Годлевский буга чейин билдиргендей, альпинисттер менен башынан эле байланыш начар болгон.
Анын айтымында, топ Кыргызстанга келерден мурун спутниктик байланыш кызматын көрсөткөн орусиялык Thuraya оператору менен келишим түзгөн. Бирок альпинисттер кыргыз тоолоруна келгенден кийин байланыш жакшы иштеген эмес.
"Кырсыкка табият кырсыгы себепчи болду го деген ойдомун. Алар таянып турган муз кулап түштүбү же мөңгү түштүбү, ким билет. Үчөө бир арканда болгон, чогуу кулап түшүшү мүмкүн", - дейт Александр Годлевский.
Чоң-Алай районундагы Корумду чокусу жетүү кыйын болгон, бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Ал Кыргызстан, Кытай жана Тажикстандын чек араларына чектешкен жерде жайгашкан.
Кыргызстанда альпинисттер кырсыктаган окуялар буга чейин да көп катталган. Былтыр август айында Жеңиш чокусунда эки ирандык, бир орусиялык альпинист дайынсыз жоголгон. Дагы бир италиялык альпинисттин өмүрү кыйылган.